Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 87 „Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 10 октября 2023 года № 541 "Об утверждении Положения о порядке пребывания иностранных граждан на территории Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-10-10.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 541 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 1-августу № 391 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 87 "Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Визалык режимди либералдаштыруу жана Кыргыз Республикасынын инвестициялык, ишкердик жана туристтик тармактарын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 87 "Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмеси:
- төмөнкүдөй мазмундагы 69-79-абзацтар менен толукталсын:
"Алжир Элдик Демократиялык Республикасы(**) Бангладеш Эл Республикасы(**) Египет Араб Республикасы(**) Индия Республикасы(**) Иордания Хашимит Королдугу(**) Ливан Республикасы(**) Марокко Королдугу(**) Непал Федеративдик Демократиялык Республикасы(**) Пакистан Ислам Республикасы(**) Тунис Республикасы(**) Шри-Ланка Демократиялык Социалисттик Республикасы(**)";
- төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
"(**) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын кирүү-чыгуу визаларынын "туристтик" (1 айга чейин) категориясы боюнча жашап турууга уруксаты (резидент карталары) бар төмөндөгү чет мамлекеттердин жарандарына карата гана: Бириккен Араб Эмирликтери, Кувейт Мамлекети, Катар Мамлекети, Бруней Даруссалам Мамлекети, Оман Султандыгы жана Бахрейн Королдугу".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 87 "Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомунун 6-пункту "Бул токтом" деген сөздөрдөн кийин "расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирүүчү жана 2020-жылдын 31-июлуна чейин колдонулуучу Тизменин 69-79-абзацтарынан тышкары," деген сөздөр менен толукталсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М.Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 541 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү…Постановление · 10.10.2023 · № 541
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы №87 "Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 07.02.2009 · № 87 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 10.10.23-ж. № 541 токтомуПостановление · 10.10.2023 · № 541
Шилтеме берет (4)
- Тышкы миграция жөнүндөЗакон · 17.07.2000 · № 61
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 541 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү…Постановление · 10.10.2023 · № 541
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы №87 "Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 07.02.2009 · № 87 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон