Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2014-жылдын 17-декабры № 710 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 155 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасында электрондук визаны андан ары ишке киргизүү жана берүү максатында, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6 жана 13-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 155 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2032-жылдын 18-декабрындагы № 839 "Консулдук жыйымдар жана иш жүзүндөгү чыгымдар үчүн жыйымдар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Консулдук жыйымдар жака иш жүзүндөгү чыгымдар үчүн жыйымдар жөнүндө жободо:
- 9-пункттун экинчи абзацы "кеңселик" деген сөздөн кийин ", электрондук, маалыматтык-техникалык" деген сөздөр менен толукталсын;
- 15-пункт "башка документ берилет" деген сөздөрдөн кийин ", буга электрондук төлөм тутуму аркылуу төлөө кирбейт" деген сөздөр менен толукталсын;
- 21-пункттун 2-пунктчасы "аткарылган учурда" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле электрондук визаны тариздөө жана берүү үчүн" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 26-пункт менен толукталсын:
"26. Электрондук визага иш жүзүндө кеткен чыгымдар үчүн жыйымдар Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү тутумун күтүү менен байланышкан электрондук жана маалыматтык-техникалык чыгымдар боюнча материалдык коромжулардын ордун толтуруу үчүн жумшалат.".
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрүшсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр
Дж.К.Оторбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Консулдук жыйымдар жана иш жүзүндөгү чыгымдар үчүн жыйымдар жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 токтому менен бекитилген)Положение · 18.12.2012 · № 839
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө жана берүү тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 15.03.2017 · № 155
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 155 токтомуПостановление · 15.03.2017 · № 155
Шилтеме берет (4)
- Тышкы миграция жөнүндөЗакон · 17.07.2000 · № 61
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө жана берүү тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 15.03.2017 · № 155
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 "Консулдук жыйымдар жана иш жүзүндөгү чыгымдар үчүн жыйымдар жөнүндө" токтомуПостановление · 18.12.2012 · № 839
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон