Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Санкт-Петербург шаарында 2015-жылдын 19-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россия Федерациясынын аймагында жана Россия Федерациясынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактыруу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 27-сентябры № 511 "Санкт-Петербург шаарында 2015-жылдын 19-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россия Федерациясынын аймагында жана Россия Федерациясынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр жактырылсын:
- "Санкт-Петербург шаарында 2015-жылдын 19-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россия Федерациясынын аймагында жана Россия Федерациясынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Санкт-Петербург шаарында 2015-жылдын 19-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россия Федерациясынын аймагында жана Россия Федерациясынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун тартиби жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
С.Жээнбеков
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Санкт-Петербург шаарында 2015-жылдын 19-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россия Федерациясынын аймагында жана Россия Федерациясынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу 1-берене. Санкт-Петербург шаарында 2015-жылдын 19-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россия Федерациясынын аймагында жана Россия Федерациясынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун тартиби жөнүндө макулдашуу ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө россия тарапка кабарласын. 3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-сентябрындагы № 511 токтому менен жактырылган
Санкт-Петербург шаарында 2015-жылдын 19-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россия Федерациясынын аймагында жана Россия Федерациясынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун тартиби жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россия Федерациясынын аймагында жана Россия Федерациясынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун тартиби жөнүндө макулдашууну түзүү Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2014-жылдын 10-октябрындагы № 75 чечими менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин түзүлүшүн эске алуу менен Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бирдиктүү экономикалык мейкиндигине Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча иш-чаралардын планын ("жол картасын") ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чаралар планынын 113-пунктунда каралган. Буга байланыштуу 2015-жылдын 19-июнунда Санкт-Петербург шаарында Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россия Федерациясынын аймагында, ошондой эле Россия Федерациясынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында 30 күндүк мөөнөткө каттоого турбастан болуусун караган Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Макулдашууга кол коюлган. Муну менен бирге, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин колдонуудагы редакциясына ылайык Россия Федерациясынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун мөөнөтү 90 күндү түзөт. Буга байланыштуу аталган Мыйзамдын ченемдери айтылган Макулдашуунун жоболоруна шайкеш келтирилүүсү тийиш. Мында Мыйзамдын тиешелүү долбоору бул Макулдашуу ратификациялангандан кийин киргизилет. Ошондой эле Макулдашуунун 4-беренесинин 1-пунктуна ылайык ал кол коюлган датадан тартып 30 күн өткөндөн кийин убактылуу колдонулат жана мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө дипломатиялык каналдар аркылуу акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүүнү алган датадан тартып күчүнө кирет. Жогоруда аталган Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт. "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Макулдашуу ага кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитети жана Социалдык саясат боюнча комитети менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-мартындагы № 77-б буйругу менен жактырылган жана 2015-жылдын 19-июнунда кол коюлган. "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет. Макулдашууну ратификациялоо финансылык чыгымдарды, ошондой эле финансы-экономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 3-ноябрындагы № 1047-VI "2015-жылдын 19-июнунда Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы…Постановление · 03.11.2016 · № 1047-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 16-ноябрындагы № 1086-VI "2015-жылдын 19-июнунда Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы…Постановление · 16.11.2016 · № 1086-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 24-ноябрындагы № 1109-VI "2015-жылдын 19-июнунда Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы…Постановление · 24.11.2016 · № 1109-VI
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- Тышкы миграция жөнүндөЗакон · 17.07.2000 · № 61
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-мартындагы № 77-б (Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россия Федерациясынын аймагында жана…Распоряжение · 05.03.2015 · № 77-р
- 2015-жылдын 19-июнунда Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россия Федерациясынын…Закон · 28.12.2016 · № 219
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон