Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу чөйрөсүндөгү жөнгө салуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 30-майы № 301
Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу чөйрөсүндөгү жөнгө салуу жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик жайыт жерлерин пайдалануу укугун берүү маселелерин жөнгө салуу максатында, айыл аймактарынын жана шаарлардын деңгээлинде административдик-аймактык реформага ылайык, "Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесин, "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацын, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарда пайдалануу укугун берүү тартиби жөнүндө типтүү жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Жайыттарды пайдалануу үчүн жыйымды белгилөө тартиби жөнүндө типтүү жобо 2-тиркемеге ылайык;
3) Жайыт билетинин типтүү формасы 3-тиркемеге ылайык;
4) Айыл аймагынын же шаардын мамлекеттик жайыттарын башкаруу чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары жөнүндө типтүү жобо 4-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 386 "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункттун төртүнчү, бешинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 4-1-пунктта "жамааттын" деген сөз алып салынсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча мамлекеттик комиссия жөнүндө жободо:
- 3, 5-пункттарда "Өкмөтүнө", "Өкмөтүнүн" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Министрлер Кабинетине", "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 11-пунктта "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине" деген сөздөр "айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 12-пунктта "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинде" деген сөздөр "айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча облустук жумушчу топтор жана жергиликтүү (райондук) комиссиялар жөнүндө жободо:
- 3-пунктта "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5-пунктта:
төртүнчү абзацта "айыл округдарынын" деген сөздөр "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын" деген сөздөргө алмаштырылсын; бешинчи абзацта "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча жергиликтүү (райондук) комиссия өз ишинде "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы иштеп чыккан сунуштарды жетекчиликке алат.";
- 8-пунктта:
экинчи абзацта "бекитүүсүнө" деген сөз "кароосуна" деген сөзгө алмаштырылсын; төртүнчү абзацта "айыл округунун" деген сөздөр "айыл аймагынын же шаарлардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 515 "Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартиби жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому 2016-жылдын 7-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 386 "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 735 "Пилоттук режимде айыл аймактарынын деңгээлинде административдик-аймактык реформа менен камтылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-ноябрындагы № 662 "Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 3-июнундагы № 40 (3696) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
3-тиркеме
Жайыт билетинин типтүү формасы
________________________________________________________________ АВ 0000001 (Жайыт билетинин сериясы жана номери), а/өкмөтү, район
№ __________ ЖАЙЫТ БИЛЕТИ 20____-жылга
Аты-жөнү ______________________________________________________________________
(жайыт пайдалануучу)
Берилген датасы: 20___-жылдын "___" _____________________ Жайыттар: Кышкы ______________________________________________________________________ Жазгы ______________________________________________________________________ Жайкы ______________________________________________________________________ Күзгү ______________________________________________________________________ Маршрут:
1) ______________________________________________________________________
2) ______________________________________________________________________
3) ______________________________________________________________________
Жайытка чыгарылуучу малдын башынын саны жана малды эмдөө жөнүндө маалыматтар
Малдын түрү
Саны
1 баш үчүн жыйым (сом)
Сумма (сом)
Малды эмдөө жөнүндө маалымат
Уй
Топоз
Кой-эчки
Жылкы
Бардыгы:
Сумма: _________________________________________________________________ _________________________________________________________________
(жазуу менен)
Жайыттарды пайдалангандыгы үчүн жыйымды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция тиркелет. Аянты ________________ га болгон жогоруда аталган жайыттарга ____________ баш сандагы малды жаюуга уруксат берилет.
Муниципалдык ишкананын жетекчисинин М.О: _______________________________________ _________________________________________________________________
(аты-жөнү)
Айыл өкмөтүнүн /мэриянын башчысынын М.О: _______________________________________
(аты-жөнү)
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 8 · цитата келтиргендер: 28 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (28)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы №386 "«Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуПостановление · 19.06.2009 · № 386
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы N 386 токтому менен бекитилген "Жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча облустук жумушчу топтор жана жергиликтүү…Положение · 19.06.2009 · № 386
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы N 386 токтому менен бекитилген "Жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча мамлекеттик комиссия жөнүндө жобосу"Положение · 19.06.2009 · № 386
- Ош шаардык кеңешинин 2025-жылдын 03-июлундагы №56 Ош шаарынын административдик-аймактык чектеринде мамлекеттик жайыт жерлерин мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга…Постановление · 03.07.2025 · № 56
- Ысык-Ата айылдык кеңешинин Ысык-Ата районунун 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 51/X-29 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 30.05.2025-ж. №301 “Жайыттарды башкаруу жана…Постановление · 05.09.2025 · № 51/X-29
- Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарда пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобо (Кыргыз РеспубликасынынМинистрлер Кабинетинин2025-жылдын…Типовое положение · 30.05.2025 · № 301
- Жайыттарды пайдалануу үчүн жыйымды белгилөө тартиби жөнүндө типтүү жобо (Кыргыз РеспубликасынынМинистрлер Кабинетинин2025-жылдын 30-майындагы№ 301 токтомуна)Типовое положение · 30.05.2025 · № 301
- Айыл аймагынын же шаардын мамлекеттик жайыттарын башкаруу чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары жөнүндө типтүү жобо (Кыргыз…Типовое положение · 30.05.2025 · № 301
- Кең-Булуң айыл аймагынын Кең-Булуң айылдык кеңешинин 2025-жылдын 24-октябрындагы № 43/XI-30 "Кең-Булуң айыл аймагындагы жайыттардын тарифин бекитүү жѳнүндѳ" токтомуПостановление · 24.10.2025 · № 43/XI-30
- Чолпон-Ата шаардык кенешинин Чолпон-Ата шаарынын жайыттарында жайыт пайдалануу үчүн жыйымдын төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө токтомуПостановление · 18.08.2025 · № 31/17-17
- Сокулук айылдык кеңешинин 2025-жылдын “26 ” декабры№ 52 "Жайыт жерден түшкөн каражаттарды “Сокулук” муниципалдык ишканасынын эсеп счетуна өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.12.2025 · № 52
- Памир-Алай айылдык кеңешинин 2026-жылдын 23-январында, №3, Памир-Алай айыл аймагында Сары-Таш, Талды-Суу, Нура, Сары-Могол, Арча-Булак айылдарынан «Альфа-Телеком» ЖАК базалык…Постановление · 23.01.2026 · № 3
- Памир-Алай айылдык кеңешинин 2026-жылдын 23-январында, №4, Памир-Алай айыл аймагында Сары-Таш айылынан Кыргыз Республикасынын Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун Ачык…Постановление · 23.01.2026 · № 4
- Ала-Тоо айылдык кеңешинин 2026-жылдын 05-февралындагы №6 Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн “Ала-Тоо жайыт” муниципалдык ишканасынын иш планын жана жайыт пайдалануучулардан топтолуучу акча…Постановление · 05.02.2026 · № 6
- Ала-Буга айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 3/3 "Ала-Буга айыл аймагында СS-FOR долбоорунун алкагында климаттын ѳзгѳрүүсүнүн шартында мал чарбасын…Постановление · 23.04.2026 · № 3/3
- Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 28-майындагы № 22 "Ат-Башы айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулардын 2026-жылга карата ички тартип эрежелерин бекитүү…Постановление · 28.05.2026 · № 22
- Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 21-апрелиндеги №3/2 "Кара-Бүргөн айыл аймагынын 2026-жылга карата жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жылдык…Постановление · 21.04.2026 · № 3/2
- Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 21-апрелиндеги №3/3 "Кара-Бүргөн айыл аймагында CS-FOR долбоорунун алкагында климаттын өзгөрүүсүнүн шартында мал чарбасын…Постановление · 21.04.2026 · № 3/3
- Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 21-апрелиндеги №3/6 "«CAMP Алатоо» коомдук фондунун көрсөтмөсүнүн негизинде Кара-Бүргөн айыл аймагындагы жайыттарды…Постановление · 21.04.2026 · № 3/6
- Памир-Алай айылдык Кеңешинин 2026-жылдын 22-майындагы №10 «Жайыт жерлерин чөп жана тоют даярдоо максатында пайдалануу үчүн төлөм өлчөмүн бекитүү жөнүндө» токтомПостановление · 22.05.2026 · № 10
28 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (8)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы №386 "«Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуПостановление · 19.06.2009 · № 386
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 20-июнундагы № 2225-VII “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык…Постановление · 20.06.2024 · № 2225-VII
- Жайыттар жөнүндөЗакон · 26.01.2009 · № 30 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 515 "Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартиби жөнүндө" токтомуПостановление · 13.09.2013 · № 515 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 735 "Пилоттук режимде айыл аймактарынын деңгээлинде административдик-аймактык реформа менен камтылган…Постановление · 29.12.2023 · № 735 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-ноябрындагы № 662 "Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз…Постановление · 01.11.2024 · № 662 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 7-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 386 "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча…Постановление · 07.06.2016 · № 307 · Күчүн жоготкон