Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-07-18.
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 26-январы № 30 Жайыттар жөнүндө (КР 2011-жылдын 11-июлундагы № 91, 2011-жылдын 28-декабрындагы № 254, 2016-жылдын 7-майындагы № 56 , 2019-жылдын 30-июлундагы № 107, 2020-жылдын 10-июлундагы № 76, 2022-жылдын 5-августундагы № 85 , 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-берене. Кыргыз Республикасынын жайыттар жөнүндө мыйзамдары Жайыттарды башкаруу, аларды жакшыртуу жана пайдалануу Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, ушул Мыйзам, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат. Мамлекеттик токой фондунун жайыттарынан тышкары жайыттарды башкаруу, аларды жакшыртуу жана пайдалануу боюнча мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актылары Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин талаптарына жана ушул Мыйзамга ылайык келиши керек.
2-берене
2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр Жайыт - мал жайып оттотулуучу жана жерди эсепке алуу маалыматтарында чагылдырылган дагы башка максаттарга пайдаланылуучу чөп баскан айыл чарба жерлеринин түрү. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары - жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү камсыз кылуучу өкүлчүлүктүү, аткаруучу органдар. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - жайыттарды башкаруу жагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган мамлекеттик орган. Жайыттардын чектерин белгилөө боюнча мамлекеттик комиссия - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен убактылуу түзүлгөн мамлекеттик комиссия. Жайыт инфраструктурасынын объекттери - курулмалар, көпүрөлөр, жолдор, мал айдап өтүүчү трассалар, мал туруучу жана сугаруучу аянттар, койлорду дары сууга чөмүлтүүчү бактар, жайылуучу мал жана анын мезгилдүү туруусу үчүн арналган кашарлар жана тосулган жерлер, малчылардын тиешелүү курулмалары, жайыттарды күтүү жана аларды иштетүү үчүн зарыл болгон башка кыймылсыз мүлк. Оптималдуу жүк - малды жайыт чөбүнүн ботаникалык курамына, анын өндүрүмдүүлүгүнө жана экологиялык бүтүндүгүнө зыян тийгизбестен жаюуга мүмкүндүк берилүүчү аянтка бөлүнгөн мал башынын саны. Жайыт пайдалануучулар - жайыт пайдаланууга укугу бар Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары. Жайыт пайдалануучулардын бирикмеси - жергиликтүү өз алдынча башкаруу аймагындагы жайыттарды пайдаланууга карата тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жайыт пайдалануучуларынын таламдарын талашуучу коомдук уюм. Жайыт комитети - жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин аткаруу органы. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планы - мамлекеттик менчиктеги жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча 5 жылдык мөөнөттү камтыган план. Жайыттарды пайдалануунун жылдык планы - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун карамагындагы жайыттардын уруксат берилген жана макулдашылган пайдалануусун аныктоочу план. Жайыт белети - жайыттарды мал жаюу үчүн пайдалануу укугун бере турган жана жайыт пайдалануучуну жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мүчөсүнүн жайыт пайдалануу статусуна ээ кылуучу документ. Жайыттарды башка максаттарга пайдалануу - жайыт ресурстарын мал жаюудан башка максаттар үчүн пайдалануу, аларга аң уулоо, бал чарбачылык, дары чөптөрдү чогултуу, мөмө-жемиш терүү, чөп жана отун дайындоо, жалпы таралган пайдалуу кендерди казып алуу, жеңил конструкциядагы (капиталдык эмес) байланыш курулмаларын орнотуу, туризм жана жарандардын эс алуусу кирет, бирок ушуну менен эле чектелбейт. Мал айдап өтмө жолдор - жайыттар ортосунда малды айдап өтүү же өткөрүү үчүн жайыт комитети тарабынан аныкталган жайыт участоктору. Жайыттарды жакшыртуу - жайыттардын түшүмүн жана сапатын жогорулатууга багытталган иш-чаралардын системасы. Шалбаалантуу - ар түрдүү чарбалык пайдалануудагы жайыт чөбүн өстүрүү максатында көп жылдык чөптөрдү айдоо. Жайыттарды үстүртөн жакшыртуу - чымды толук бузбастан, маданий жайыттарды түзүү жолу менен жайыттарды жакшыртуу боюнча иш-чаралар. Жайыттарды түп-тамырынан жакшыртуу - чымды жок кылуу жана андан кийин шалбаалантуу жолу менен жайыттарды жакшыртуу боюнча иш-чаралар. Маданий жайыттар - үстүртөн жакшыртылган, тоют өсүмдүктөрүн себүү жолу менен жайыт чөбү өстүрүлгөн, үзгүлтүксүз каралган, жер семирткичтер чачылган, малды кашаалап (өлчөмдөп) жаюу жүзөгө ашырылган жайыт участоктору. Тоют өсүмдүктөрү - мал үчүн тоютка пайдалануу максатында өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрү. Түп-тамырынан жакшыртылган жайыт - чымды жок кылуу жана андан кийин шалбаалантуу жолу менен өстүрүлгөн, чөп баскан айыл чарба жери. Жайыт инфраструктурасын жакшыртуу - жайыт инфраструктура объекттерин реконструкциялоого, оңдоого, реабилитациялоого, курууга багытталган иш-чаралар. Асылдуулугу төмөн жайыттар - тоют бирдигиндеги түшүмдүүлүгү гектарына 0,8 центнерден аз болгон (чабындылар жана жайыттар үчүн), мелиорациялык жактан ылайыктуу эмес жана аларды жакшыртуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү талап кылуучу жайыттар.
(КР 2011-жылдын 11-июлундагы № 91, 2011-жылдын 28-декабрындагы № 254 , 2019-жылдын 30-июлундагы № 107, 2020-жылдын 10-июлундагы № 76, 2022-жылдын 5-августундагы № 85, 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
3-берене
3-берене. Жайытка болгон менчик укугу жана анын чектерин аныктоо
1. Жайыттар Кыргыз Республикасынын менчигинде гана турат.
2. Жайыттардын чектери учурдагы администрациялык-аймактык бирдиктердин чектерин эске алуу менен мурдагы советтик жана коллективдик чарбалардын чектери боюнча бөлүштүрүүнүн негизинде белгилениши керек.
Ушул Мыйзамдын 4-беренесине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилүүчү жайыт участокторунун чектерин белгилөө процессинде чектери талаш-тартыштарды пайда кылган учурда төмөнкүдөй белгиленет:
- колхоздорго жана совхоздорго мамлекеттик акт боюнча пайдаланууга берилген жерлердин чектеринде;
- чарба жүргүзүүчү субъекттердин чектерин аныктоо боюнча материалдарга ылайык колхоздор жана совхоздор узак убакытка пайдаланган мамлекеттик жер запастарынын курамына кирген жерлердин чектеринде.
Мамлекеттик токой фондусунун курамына 1997-жылдын 15-апрелинде кайтарылган токой фондусунун жерлерине ушул бөлүктүн төртүнчү абзацынын жоболору жайылтылбайт.
3. (КР 2011-жылдын 28-декабрындагы № 254 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4. Жайыттардын чектерин белгилөө жергиликтүү мамлекеттик администрация түзгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт. Комиссиянын курамына ар бир чектеш административдик-аймактык бирдиктин жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчылары жана өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрү, айлана-чөйрөнү коргоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органдын, ошондой эле токой чарбасынын өкүлдөрү, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адистери кирет.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ушул берененин 4-бөлүгүнө ылайык түзүлгөн комиссиялар же облустук жумушчу топтордун комиссиялары чече албаган талаш-тартыштарды чечүүгө ыйгарым укуктуу, жайыттардын чектерин белгилөөгө жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жайыттын чектерине карата акыркы сунуштарды даярдоону камсыз кылуучу мамлекеттик комиссия түзүлүшү мүмкүн. Бул комиссия ар бир облуста жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда жайыттардын чектери боюнча талаш-тартыштарды жөнгө салууга ыйгарым укуктуу жумушчу топторду түзүүгө жана, жергиликтүү айылдык аймактардын администрациялык-аймактык бирдиктеринин учурдагы чектерин эске алуу менен, ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык жергиликтүү комиссиялар менен аныкталган жайыттын чектерин бекитүүгө жана мамлекеттик комиссияга берүүгө укуктуу.
51. Өз убагында мамлекеттик актынын негизинде колдонууга өткөрүлүп берилген, мамлекеттик жер запасынын курамына кирген жайыттар, жерлердин чектери тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин карамагында болот.
6. Жайыттардын чектерин бекитүү жайыттын чектерин белгилөө боюнча мамлекеттик комиссиянын сунуштарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жүргүзүлөт.
(КР 2011-жылдын 11-июлундагы № 91, 2011-жылдын 28-декабрындагы № 254, 2016-жылдын 7-майындагы № 56, 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
31-берене
31-берене. Жайыттарды пайдалануу
1. Жайыттарды пайдалануу жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планына жана жайыттарды пайдалануунун жылдык планына ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Жайыттарды мал жаюу үчүн пайдалануу жайыт белеттеринин негизинде жүзөгө ашырылат.
3. Жайыттарды башка максаттарда пайдалануу жайыттарды башка максаттарда пайдалануу тууралуу келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат.
(КР 2011-жылдын 28-декабрындагы № 254, 2020-жылдын 10-июлундагы № 76 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
4-берене
4-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктары
1. Тескөө укугун кошпогондо, мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу үчүн жоопкерчилик жана контроль жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берилет.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарын муниципалдык ишканаларга өткөрүп берүүгө укуктуу.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча орто мөөнөттүү планын бекитет, анын аткарылышы жөнүндө отчетторду угат.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жайыттарды пайдалануу боюнча ишмердигине, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын кийлигишүүсүнө жол берилбейт.
(КР 2011-жылдын 28-декабрындагы № 254, 2020-жылдын 10-июлундагы № 76, 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
5-берене
5-берене. Жайыт пайдалануучулар бирикмеси
1. Жергиликтүү жамаат ушул аймактык бирдиктин мал ээлеринин жана башка жайыт пайдалануучулардын жайыттарды пайдалануу жана аларды жакшыртуу боюнча таламдарын талашууга жайыт пайдалануучулар бирикмесин түзөт.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмелери коомдук аймактык өзалдынча башкаруу органы катары уюштурулушу мүмкүн жана юстиция органдарында юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.
3. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мүчөлөрү бирикмеден аларга бирикменин иши жөнүндө кандай гана болбосун маалыматтарды берүүнү талап кылууга укуктуу.
4. (КР 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2011-жылдын 28-декабрындагы № 254, 2020-жылдын 10-июлундагы № 76 , 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
6-берене
6-берене. Жайыт комитети
1. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин аткаруучу органы болуп жайыт комитети эсептелет.
Жайыт комитети жайыт пайдалануучулар бирикмесинин учурдагы ишине жетекчилик кылат.
2. Жайыт комитетин түзүүнүн, ишин уюштуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-берене
7-берене. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча план
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы Орто мөөнөттүү мезгилге жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планды түзөт. Планда жайыттарды туруктуу пайдаланууну камсыз кылуу жана бардык пайдалануучулардын өз укуктары жана милдеттери жөнүндө кабардар болушу үчүн зарыл болгон бардык негизги маалымат камтылат.
Планды түзүүдө айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын пландары эске алынат.
2. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын планына төмөнкүдөй компоненттер кирет:
- жайыттардын чектери, пайдалануудан чыгарылган аянттар жана корголуучу аянттар, мал айдап өтмө жолдор, сугаруучу жайлар жана жайыт инфраструктурасынын маанилүү башка объекттери, жайыттардын абалы жана жайыттын бардык участокторунун сапаты белгиленген карталар;
- оптималдуу жүк;
- жайыт инфраструктурасынын объекттерин өнүктүрүү жана реконструкциялоо боюнча пландар;
- жайыттарды башкаруу, пайдалануу, аларды жакшыртуу жана 5 жылдык мөөнөткө чейин реабилитациялоо боюнча орто мөөнөттүү план;
- жылда жаңылануучу жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планы;
- жайыттарды башка максаттарда башкаруу жана пайдалануу планы.
3. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын планы, аны жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы бекиткенден кийин бардык жайыт пайдалануучулар тарабынан аткарылууга милдеттүү.
(КР 2011-жылдын 28-декабрындагы № 254, 2020-жылдын 10-июлундагы № 76, 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
8-берене
8-берене. Жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планы
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы же жайыттарды пайдаланууну уюштуруу ыйгарым укугу берилген муниципалдык ишкана жыл сайын жайыттарды пайдалануунун планын иштеп чыгат, ал жамааттын жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планына тиркелет жана анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Жайыттарды пайдалануунун жылдык планы төмөнкүлөрдү камтышы керек:
- пландаштырылган жылга жайыт белеттери бар жайыт пайдалануучулардын тизмесин;
- пландаштырылган жылга жайыт белети берилген малдын тизмеси жана алардын ээлеринин-малчыларынын тизмесин;
- жаныбарлардын ылаңдуу, ылаңдуу эместигине (эмдөө, дары сууга чөмүлтүү ж.б.) карата чаралардын тизмегин, аларды жайыт пайдалануунун шарттары катары жайыт пайдалануучулар сактоого тийиш;
- жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын жакшыртууга багытталган иш-чаралардын тизмеги;
- мал жаюунун мезгилдүү маршруттарын, жайыт жүгүртүүнү, малдын кыймылын, мал айдап өтмө жолдорду жана пайдаланылуучу кашааларды белгилөөчү картаны жана календардык графикти;
- ишмердиктин аларга уруксат берилген түрлөрүн, ошондой эле аларга аталган иш-чараларды жүргүзүүгө уруксат берилген жерлерди көрсөтүү менен жайытка чыгаруу максатынан тышкары пайдаланылуучу адамдардын тизмесин;
- жайыт пайдалануунун бардык түрлөрү боюнча акы төлөө графигин.
2. Жайыттарды пайдалануунун жылдык планы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы бекиткенден кийин аткарылууга милдеттүү.
(КР 2011-жылдын 28-декабрындагы № 254, 2020-жылдын 10-июлундагы № 76 , 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
9-берене. Жер салыгын салуу Жайыт пайдалануучуларга салык салуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
10-берене
10-берене. Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн жыйым
1. (КР 2011-жылдын 28-декабрындагы № 254 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2. Жайыт билеттери жайыт жерлерин пайдалануу үчүн тиешелүү жыйымдар төлөнгөндөн кийин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы же жайыттарды пайдаланууну уюштуруу ыйгарым укугу берилген муниципалдык ишканалар тарабынан берилет.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын чечими боюнча жайыт белети үчүн жыйымды бөлүп төлөөгө жол берилет, жайыт жерлерин пайдалануу үчүн жыйымдын жалпы көлөмүнүн 50 пайызынан кем эмеси учурдагы жылдын 15-апрелинен кечиктирилбестен, ал эми калган бөлүгү - 1-ноябрынан кечиктирилбестен төлөнөт. Жыйым өз убагында төлөбөгөн учурда, мөөнөтү өткөрүлгөн ар бир күн үчүн Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине ылайык туум кошулуп эсептелет.
3. Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн жыйымдын өлчөмү ар бир жайыт системасы жана жайыттарды пайдалануунун ар бир түрү үчүн жыл сайын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы же жайыттарды пайдаланууну уюштуруу ыйгарым укугу берилген муниципалдык ишкана тарабынан оптималдуу жүктөмдү эске алуу менен салыктын базалык ставкасынан кем эмес аныкталып, жайыт пайдалануунун жылдык пландарына киргизилет жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилет.
4. Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн жыйым малдын башына жана үй жаныбарлардын түрлөрүнө жараша белгиленет жана өзгөртүлөт.
5. Жайыттарды башка максаттарда пайдаланганы үчүн жыйым төмөнкүдөй аныкталат:
- иши жайыт кыртышын бузууга алып келген участоктордо - мыйзамдарда белгиленген айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын ченемдерине ылайык;
- иши мал жаюуну болтурбоочу, бирок жайыт кыртышын бузууга алып келбеген участоктордо - мал жаюу үчүн бул участокту пайдалануу үчүн жыйымга барабар өлчөмдө;
- иши мал жаюуну алып салбаган жана жайыт кыртышы бузулбаган участоктордо жыйым алынбайт.
6. (КР 2020-жылдын 10-июлундагы № 76 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
7. (КР 2020-жылдын 10-июлундагы № 76 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2011-жылдын 28-декабрындагы № 254, 2016-жылдын 7-майындагы № 56, 2020-жылдын 10-июлундагы № 76, 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
11-берене
11-берене. Жайыт пайдалануу үчүн каражаттарды пайдалануу Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн каражаттар жергиликтүү бюджетке түшөт жана жайыттарды жана жайыт инфратүзүмүн жакшыртуу үчүн колдонулат. (КР 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
12-берене. Ижаралоо укугун жайыт белетине алмаштыруунун тартиби
1. Мамлекеттик менчиктеги жайыт жерлерин ижаралоого катталган укугу бар, жайыт пайдалануунун белгиленген тартибин мурда сактаган жайыт пайдалануучуларга ушул Мыйзам колдонууга киргизилгенден кийин өзүнүн ижаралоо укугун ижарада камтылган жайыт аянттарынын оптималдуу жүгүнө ылайык малдын максималдуу санын жаюуну жабуучу жайыт белетине милдеттүү түрдө алмаштырылат.
2. Жайыттарды пайдаланууну жөнгө салуучу мурда белгиленген укуктук жол-жоболорго ылайык түзүлбөгөн же катталбаган жайыт ижаралоо жараксыз деп табылат.
3. Жайыт белети болбогон учурда жайыттар максаттуу багытта пайдаланылбаган катары алып коюулууга тийиш.
13-берене
13-берене. Жайыттардын абалына баа берүү жана аларды башкарууну контролдоо
1. Жерлердин мониторингин жүргүзүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ар жыл сайын жайыт жерлеринин абалына баа берүүнү жүзөгө ашырат.
2. Баа берүүнүн натыйжалары жайыт жерлерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга берилет.
2-1. Ыйгарым укуктуу орган жайыттардын табигый абалынын сакталышын контролдойт. Жайыттардын табигый абалынын бузулушуна жол берилген учурда (жаратылыш кырсыктарын эсепке албаганда) күнөөлүүлөр Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык администрациялык жана жазык жоопкерчилигине тартылышат.
3. Алынган маалыматтарды кароонун натыйжалары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жайыттардын абалынын начарланышына алып келүүчү бузууларды четтетүү тууралуу эскертмелерди жиберет.
(КР 2011-жылдын 28-декабрындагы № 254, 2016-жылдын 7-майындагы № 56 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
14-берене
14-берене. Жайыт жерлерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын менчигиндеги гана жайыт жерлерди пайдалануу маселелерин жөнгө салуу боюнча саясатты жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды аныктайт.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- жайыттарды пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын программаларын жана мыйзамдарын ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- мамлекеттик стандарттарды жана жайыттардын мониторингин, абалын жана сапатын баалоо ыкмасын аныктоо;
- жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүүнүн программасынын ишке ашырылышын көзөмөлдөө;
- жайыттарды пайдалануу маселелери боюнча типтүү жоболорду, нускамаларды, эрежелерди жана башка ченемдик укуктук актыларды, ошондой эле усулдук материалдарды иштеп чыгуу;
- жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын пландарын жана жайыттарды пайдалануунун жылдык пландарын колдонууга мониторинг жүргүзүү;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана жайыт комитетине жайыттарды пайдаланууда техникалык жана башка жардам көрсөтүү;
- жайыт пайдалануучулардын бирикмелери тарабынан жайыттарды пайдаланууну контролдоонун жүзөгө ашырылышы.
(КР 2011-жылдын 11-июлундагы № 91, 2011-жылдын 28-декабрындагы № 254, 2020-жылдын 10-июлундагы № 76, 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
15-берене. Жайыттарды ижаралоого тыюу салуу Жайыттарды ижарага жана субижарага берүүгө жол берилбейт.
16-берене
16-берене. Жайыттарды пайдалануу укугун мамлекеттик каттоо
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жайыттарды пайдалануу укугу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган чектердин алкагында белгиленген тартипте милдеттүү түрдө мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш.
2. Жайыт белетинин негизинде жайыттарды үч жылдан ашык пайдалануу укугу кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарында мамлекеттик каттоодон милдеттүү түрдө өткөрүлүүгө тийиш.
Жайыт белетинин негизинде жайыттарды үч жылга жетпеген мөөнөткө пайдалануу укугу белет алуучунун каалоосу боюнча катталышы мүмкүн.
3. Чектери ушул Мыйзамдын 3-беренесине ылайык белгиленүүчү жер участокторуна укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырууда мамлекеттик каттоо органы кошумча изилдөөлөрдү жүргүзбөстөн алынган көрсөткүчтөргө ылайык чектерди белгилөөнү жүзөгө ашырат.
(КР 2011-жылдын 11-июлундагы № 91, 2011-жылдын 28-декабрындагы № 254 , 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
17-берене
17-берене. Талаш-тартыштарды чечүү Тараптардын ортосундагы талаш-тартыштар сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет. Эгерде макулдашууга жетишилбесе, талаш-тартыш сот тартибинде чечилет. (КР 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
18-берене
18-берене. Ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик Кызмат адамдары жана жайыт пайдалануучулар ушул Мыйзамды жана жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленген тартипти бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчилик тартат. (КР 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
19-берене. Ушул Мыйзамды ишке киргизүү тартиби
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 9 · цитата келтиргендер: 253 · байланышкандар: 399
Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул актыны колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КР от 31 мая 2018 года №13 "О некоторых вопросах, возникающих при рассмотрении дел об оспаривании решений, действий (бездействия)…Пленумдун токтому · Постановление Пленума Верховного суда · 31.05.2018 · № 13Пункттар: п. 10
Цитата келтиргендер (253)
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 26-сентябрындагы № 3260-VI "VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-2020-жылдарга ишинин сессиялык планын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 26.09.2019 · № 3260-VI
- "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын 2018-2019-жылдарга ишинин "СЕССИЯЛЫК ПЛАНЫ"План · 27.09.2018 · № 2602-VI
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы №386 "«Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуПостановление · 19.06.2009 · № 386
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Жайыт департаменти жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №140 токтому менен…Положение · 20.02.2012
- Чүй айылдык кеңешинин 2018-жылдын 26-октябрындагы № 14/3 "Чүй айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесине ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүжөнүндөгү келишимди бекитүү…Постановление · 26.10.2018 · № 14/3
- КР ЖК 2009-жылдын 11-декабрындагы № 1554-IV "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышынын жүрүшү тууралу" токтомуПостановление · 11.12.2009 · № 1554-IV
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 4-сентябрындагы № 3220-VI "2019-жылдын сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин календардык планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.09.2019 · № 3220-VI
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-январындагы № 15-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылга мыйзам долбоорлоо иштеринин планы (мындан ары - 2017-жылга план) бекитүү) жөнүндөРаспоряжение · 23.01.2017 · № 15-р
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 11-декабрындагы № 798-IV "2008-жылдын 11-декабрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 11.12.2008 · № 798-IV
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы N 386 токтому менен бекитилген "Жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча облустук жумушчу топтор жана жергиликтүү…Положение · 19.06.2009 · № 386
- Красноречка айылдык кеңешинин 2011-жылдын 29-июнундагы № 104/XV-25 "Красноречка айылдык округдун аймагында 2011 –жылга “Жайыт жерлерди” колдонууда Салыктын төлөнүшүн бекитүү…Постановление · 29.06.2011 · № 104/XV-25
- Кочкорбаев айылдык кеӊешинин 2012-жылдын 23-мартындагы № 16/IV-26 "Кочкорбаев айылдык округдун аймагында 2013 –жылга “Жайыт жерлерди” колдонууда салыктын төлөнүшүн бекитүү…Постановление · 23.03.2013 · № 16/IV-26
- Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча НУСКАМА (КР Жогорку Кенешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилди)Инструкция · 26.06.2015 · № 5389-V
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы N 386 токтому менен бекитилген "Жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча мамлекеттик комиссия жөнүндө жобосу"Положение · 19.06.2009 · № 386
- Үч-Дөбө айылдык кеңешинин"2014-жылдын 11-февралындагы № 14/4 "Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин жайыттарды пайдаланууда , малдын башына акы белгилөө үчүн жайыт комитетинин…Постановление · 11.02.2014 · № 14/4
- Ош шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 26-декабрындагы № 98 "Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жамааттарынын жайыттарды башкаруу, мал чарбасын өнүктүрүү боюнча планын жана жайыт…Постановление · 26.12.2017 · № 98
- Ош шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-июнундагы № 124 «Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жамааттарынын жайыттарды башкаруу, мал чарбасын өнүктүрүү планын жана жайыт…Постановление · 20.06.2018 · № 124
- Петровка айылдык кенешинин 2018-жылдын 26-декабрындагы № 76-7 «Петровка айыл өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө» токтомуПостановление · 26.12.2018 · № 76-7
- Ош шаардык кеңешинин 2019-жылдын 14-майындагы № 178 "Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жамааттарынын жайыттарды башкаруу, мал чарбасын өнүктүрүү планын жана жайыт…Постановление · 14.05.2019 · № 178
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 11-декабрындагы № 802-IV ""Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралу" токтомуПостановление · 11.12.2008 · № 802-IV
253 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (9)
- Административдик-аймактык реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 29.07.2024 · № 152
- Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.07.2025 · № 150
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 28.12.2011 · № 254 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 10.07.2020 · № 76 · Күчүн жоготкон
9 ичинен 5 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (399)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 3-октябрындагы № 2335-V "2012-2013-жылдарга V чакырылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин сессиялык планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.10.2012 · № 2335-V
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Салыктык эмес кирешелер жөнүндөКодекс · 10.08.2018 · № 90
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 22-майындагы № 3058-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 22-майындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 22.05.2019 · № 3058-VI
- Курманбек айылдык Кенешинин 2017-жылдын 27-декабрындагы № 1 «Курманбек айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше чыгашаларынын долбоорун жана 2019-2020-жылдарга…Постановление · 27.12.2017 · № 1
- Көк-Арт айылдык кеӊешинин 2019-жылдын 23-январындагы №2 "Көк-Арт айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашаларынын долбоорун жана 2020-2021-жылдарга…Постановление · 23.01.2019 · № 2
- Курманбек айылдык кеңешинин 2019-жылдын 25-январындагы № 2 «Курманбек айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше,чыгашаларынын долбоорун жана 2020-2021-жылдарга…Постановление · 25.01.2019 · № 2
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 9-декабрындагы № 4213-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 9-декабрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 09.12.2020 · № 4213-VI
- Барскоон айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 26-июлундагы № 94 "Барскоон айыл аймагынын Жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.07.2016 · № 94
- Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин 2019-жылдын 30-январындагы №11-1 "Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашаларын, 2020-2021-жылдардын долбоорлорун…Постановление · 30.01.2019 · № 11-1
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 20-июнундагы № 3136-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 20-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 20.06.2019 · № 3136-VI
- Айдаралиев айылдык кеңешинин 2021-жылдын 29-январындагы № 1 "Айдаралиев айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.01.2021 · № 1
- Ленин айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 15-февралындагы № 1 "Айылдык Кеңештин жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2016-жылга аткарылышын бекитүү жана 2017-жылга кабыл…Постановление · 15.02.2017 · № 1
- Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин 2022-жылдын 8-февралындагы № 13/1 "Көк-Жаңгак шаардык мэриянын №1-12/6 11.01.2022-ж. кайрылуу каты жөнүндө" токтомуПостановление · 08.02.2022 · № 13/1
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 19-июнундагы № 3127-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 19-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 19.06.2019 · № 3127-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 26-июнундагы № 3158-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 26-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.06.2019 · № 3158-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-апрелиндеги № 178-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 13.04.2022 · № 178-VII
- Чет-Нура айыл айылдык кеңешинин 2016-жылдын 31-майындагы № 27/1 "Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы администрациялык укук бузуулар боюнча комиссиянын жобосун…Постановление · 31.05.2016 · № 27/1
- Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2016-жылдын 13-октябрындагы № 27 "Кызыл-Туу айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын» бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 13.10.2016 · № 27
- Күнтуу айылдык кеңешинин 2016-жылдын 20-октябрындагы № 4/1 "Күнтуу айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын» - бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 20.10.2016 · № 4/1
399 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.