Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Сокулук айылдык кеңешинин 2025-жылдын “26 ” декабры№ 52 «Жайыт жерден түшкөн каражаттарды “Сокулук” муниципалдык ишканасынын эсеп счетуна өткөрүп берүү жөнүндө» токтому
СОКУЛУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын “26 ” декабры№ 52
Жайыт жерден түшкөн каражаттарды “Сокулук” муниципалдык ишканасынын эсеп счетуна өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 301 “Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу чөйрөсүндөгү жөнгө салуу жөнүндө” Токтому жана ушул токтомдордун “Айыл аймагынын же шаардын мамлекеттик жайыттарын башкаруу чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары жөнүндө” Типтү Жобосунун 4-тиркемесинин негизинде Сокулук айылдык кеңеш, токтом кылат:
1. Жайыт жерлерди пайдалануу үчүн жыйымдан түшкөн каражаттарын 2025-жылдын 1-январынан баштап толугу менен “Сокулук” муниципалдык ишканасынын эсеп счетуна которулуп берилсин.
2. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялоо булактарында жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын Сокулук айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Т.А.Сагыналиев көзөмөлдөсүн.
Төрага
Жумалиев Н.Н
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.