Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Пилоттук режимде айыл аймактарынын деңгээлинде административдик-аймактык реформа менен камтылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө» токтому «
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 30 мая 2025 года № 301 "О регулировании в сфере управления и использования пастбищ"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-05-30.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 301 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 29-декабры № 735
Пилоттук режимде айыл аймактарынын деңгээлинде административдик-аймактык реформа менен камтылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө
Пилоттук режимде айыл аймактарынын деңгээлинде административдик-аймактык реформаны ишке ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик жайыт жерлерин (мындан ары - жайыттар) пайдалануу укугун берүүнү жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы № 414 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө", 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 85 "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө" жарлыктарына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Пилоттук режимде айыл аймактарынын деңгээлинде административдик-аймактык реформа менен камтылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобо 1-тиркемеге ылайык;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жайыт пайдалануучулар бирикмелери (мындан ары - ЖПБ) ортосундагы мүлктү жана документтерди кабыл алуу-өткөрүп берүү жөнүндө акттын формасы 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги эки айлык мөөнөттө жайыттарды башкаруу укугун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ушул токтом менен бекитилген Убактылуу жободо белгиленген тартипте өткөрүп берүүнү уюштурсун.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен ЖПБ ортосунда жайыттарды башкаруу укугун өткөрүп берүү-кабыл алуу боюнча ишти уюштурсун.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкүлөр сунушталсын:
- жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө ЖПБ менен келишимдерди жокко чыгаруу;
- белгиленген тартипте ЖПБ бардык мүлктөрүн жана зарыл болгон документтерин кабыл алуу-өткөрүп берүү жүргүзүү;
- жайыттарды башкарууну жүзөгө ашыруу;
- муниципалдык ишканаларга жайыттарды башкаруу жана пайдаланууга берүү укугун өткөрүп берүү;
- жайыттарды башкаруу жана пайдалануу укугун берүүдө жогоруда аталган Убактылуу жобону жетекчиликке алуу;
- муниципалдык ишканалардын жайыттарды башкаруу жана пайдалануу укугун берүү тартибин сактоосуна контролду камсыз кылуу.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
2-тиркеме
Кабыл алуу-өткөрүп берүү АКТЫ
____-ж. "____" _____________
__________________ айыл аймагы,
_________________________ району,
________________________ облусу
Бир тараптан _______________________________ негизинде иш алып барган _____________________ башчынын атынан, мындан ары "__________________АӨ" деп аталып, __________________________________ жана экинчи тараптан Уставдын негизинде иштеген ________________________ жайыт комитетинин төрагасынын атынан, мындан ары "ЖПБ" деп аталганды өзгөртүп, _______________________ айыл аймагынын жайыт пайдалануучуларынын бирикмеси, биргелешип "Тараптар" деп аталып, төмөнкүлөр жөнүндө ушул актты түзүштү:
1. ЖПБ жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү жөнүндө 20___-ж. ____ __________________ келишимге ылайык берилген мүлктү (документтерди (жер участогун мөөнөтсүз пайдалануу укугуна мамлекеттик акттар (бар болсо), транспорт каражаттарын, жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын жакшыртуу үчүн атайын техникаларды, жайыт инфраструктурасынын объекттерин (чабан үйлөрү, кашарлар, мал айдап өтүүчү жолдор, көпүрөлөр, купкалар (бар болсо) кайтарат.
2. АӨ жогоруда көрсөтүлгөн мүлктү кабыл алат жана кабыл алынган мүлктү баланска киргизет (эгерде баланста болбосо).
3. ЖПБ өткөрүлүп берилген документтердин, объекттер, мүлк жана башка активдер тууралуу маалыматтардын тактыгы жана толуктугу үчүн жоопкерчилик тартат.
4. АӨ өткөрүлүп берилген документтердин, объекттердин, мүлктүн жана башка активдердин талаптагыдай кабыл алынышы, кармалышы жана сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат.
5. Мүлктү өткөрүп берүү-кабыл алуу төмөнкүдөй таблица боюнча жүргүзүлөт:
к/с
Аталышы
Жайгашкан жери
Саны
1
2
3
Бардыгы
6. Ушул акт бирдей юридикалык күчкө ээ болгон 2 (эки) нускада, ар бир Тарап үчүн бирден түзүлдү.
Тараптардын кол тамгалары
АӨ башчысы:
ЖПБ жайыт комитетинин төрагасы:
_______________/___________________
_______________/___________________
(колу/аты-жөнү)
(колу/аты-жөнү)
М.О.
М.О.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 31 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (31)
- Байтик айылдык кенешинин 2024-жылдын 15 февралындагы № 11 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 735 “Пилоттук режимде айыл аймактарынын…Постановление · 15.02.2024 · № 11
- Достук айылдык Кенешинин 2025-жылдын 29-майындагы №1Достук айыл аймагынын Достук МИнин директору М.Маликовдун 24-март айындагы Жайыт пайдалануучулардын келишимин бекитип берүү…Постановление · 29.05.2025 · № 1
- Достук айылдык кеңешинин 2024-жылдын 04-апрели, №5 Достук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Н.Кадировдун 2024-жылдын апрель айындагы Жайыт пайдалануучулардын келишимин…Постановление · 04.04.2024 · № 5
- 2024-2029-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын жайыттарын өнүктүрүү программасы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 9-августундагы № 462 токтомуна)Программа · 09.08.2024 · № 462
- Ак-Суу айылдык кенешинин 2024-жылдын 10-сентябрындагы №217 “Ак-Суу Жайыт пайдалануучулар бирикмесин жоюуга макулдук берүү жөнүндө” токтомуПостановление · 10.09.2024 · № 217
- Жаңы-Алай айылдык кеңешинин 2024-жылдын 1-августундагы №41/6 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №735 токтомун аткаруу максатында Жаңы-Алай…Постановление · 01.08.2024 · № 41/6
- Кашка-Суу айылдык кеңешинин 2024-жылдын 8-апрелиндеги №2 “Кашка-Суу айыл аймагындагы жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун “Куур-Булак” муниципиалдык ишканасына өткөрүп…Постановление · 08.04.2024 · № 2
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 301 "Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу чөйрөсүндөгү жөнгө салуу жөнүндө" токтомуПостановление · 30.05.2025 · № 301
- Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 22-августундагы, №8/3,Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 29 -декабрындагы № 735 токтомун аткаруу…Постановление · 22.08.2024 · № 8/3
- Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-июлу № 26/24 Баш-Булак айыл аймагындагы Баш-Булак айыл өкмөтүнүн жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым…Постановление · 19.07.2024 · № 26/24
- Курама айылдык кеңештин 2025-жылдын 13-февралы № 11 "Жайыт пайдалануучулардын бирикмеси Курама айылдык кеңештин туруктуу жер комиссиясынын жана жергиликтүү кеңештин макулдугу…Постановление · 13.02.2025 · № 11
- Куршаб айылдык кеңешинин 2024-жылдын 23-майы № 117 Куршаб айыл өкмөтүнүн «Куршаб өнүгүү» муниципалдык ишканасынын Уставын бекитүү жөнүндө токтомуПостановление · 23.05.2024 · № 117
- А.Масалиев айылдык кеңешинин 2024-жылдын 18-январындагы №28/3 "А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 16-январындагы №03-24/21 сандуу катын кароо жөнүндө" токтомуПостановление · 18.02.2024 · № 28/3
- Пилоттук режимде айыл аймактарынын деңгээлинде административдик-аймактык реформа менен камтылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу…Временное положение · 29.12.2023 · № 735
- Айры-Там айылдык кеңешинин 2024-жылынын 28-мартындагы №5/4 “Айры-Там айыл аймагында жайгашкан айылдарды, жайыт пайдалануу жана суугат суу менен камсыздоо максатында муниципалдык…Постановление · 28.03.2024 · № 5/4
- Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылынын 29-мартындагы №10 “Сумсар Тазалык” муниципалдык ишканасын “Терек-Сай” муниципалдык ишканасына кошуу жөнүндө” токтомуПостановление · 29.03.2024 · № 10
- Ак-Татыр айылдык кеңешинин 2024-жылдын 17-майы №26 "Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн ЖПБнин жайыт комитетинин 2024-жылга тарифин, бюджетин жана иш планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.05.2024 · № 26
- Жекенди айылдык кеңешинин 2024-жылдын 25-мартындагы №11 "Жекенди айылдык аймагындагы жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун “Береке” муниципалдык ишканасына өткөрүп берүү…Постановление · 25.03.2024 · № 11
- Шекер айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 14-июнундагы № 23 "Шекер айыл аймагынын жайыт комитетинин 2024-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 14.06.2024 · № 23
- Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 2024-жылдын 30-июлундагы № 28 "Муниципалдык ишкана жөнүндө" токтомуПостановление · 30.07.2024 · № 28
31 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 301 "Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу чөйрөсүндөгү жөнгө салуу жөнүндө" токтомуПостановление · 30.05.2025 · № 301
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги ПЖ № 85 "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде…Указ · 03.04.2023 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы ПЖ №414 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде…Указ · 28.12.2022 · № 414 · Күчүн жоготкон