Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ош шаардык кеңешинин Ош шаарынын административдик-аймактык чектеринде мамлекеттик жайыт жерлерин мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга мөөнөттүү убактылуу) пайдаланууга берүү жана аларды пайдалануу тартибин белгилөө жөнүндө токтому
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XI СЕССИЯСЫ (VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
2025-жылдын 03-июлу №56
Ош шаарынын административдик-аймактык чектеринде мамлекеттик жайыт жерлерин мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга мөөнөттүү убактылуу) пайдаланууга берүү жана аларды пайдалануу тартибин белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө” кодексинин 90-беренесине ылайык, Ош шаарынын мэриясынын Ош шаарынын административдик-аймактык чектеринде мамлекеттик жайыт жерлерин мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү жана аларды пайдалануу тартибин белгилөө жөнүндө Жобону жана Ош шаарынын административдик-аймактык чектеринде мамлекеттик жайыт жерлерин мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүүнүн акыларын аныктоо боюнча эсептөөлөрдү бекитүү жөнүндө сунушун карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 17-июнундагы №31 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Ош шаарынын административдик-аймактык чектеринде мамлекеттик жайыт жерлерин мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү жана аларды пайдалануу тартибин белгилөө жөнүндө Жобо 1-тиркемеге ылайык (тиркелет);
- Ош шаарынын административдик-аймактык чектеринде мамлекеттик жайыт жерлерин мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүүнүн акыларын аныктоо боюнча эсептөөлөр 2-тиркемеге ылайык (тиркелет).
2. Ош шаарынын мэриясына (Ж.Токторбаев):
– уюлдук байланыш антенналарын орнотуу жана пайдалануу боюнча акы төлөмдөрүн көтөрүү, туризм жана жарандардын эс алуу объектилери үчүн мыйзам талаптарына ылайык экологиялык жыйымдарды киргизүү маселесин Ош шаардык Кеңешине сунуштоо;
– Төлөйкөн айыл аймагынын Бодур-Таш айылынын жайыт жерлерине чыгуучу жолдорго экологиялык абалды жакшыртуу максатында мыйзам талаптарына ылайык шлагбаум коюу, ал жакка кирүү үчүн сырттан келген эс алуучулардан акы алуу жагын кароо;
– мал жаюу менен байланышпаган башка максаттар үчүн убактылуу берилүүчү жерлердин картографиясын иштеп чыгып, бекитүү үчүн Ош шаардык Кеңешине сунуштоо тапшырылсын.
3.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4.Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.
Төрага:
Б.Т. Баетов
Ош шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 3-июлундагы XI сессиясынын № 56 токтомуна 1-тиркеме
Ош шаарынын административдик-аймактык чектеринде мамлекеттик жайыт жерлерин мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү жана аларды пайдалануу тартибин белгилөө жөнүндө ЖОБО
Аталган жобо Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 14-беренесинин 4-пунктунун, Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы №301 “Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу чөйрөсүндөгү жөнгө салуу жөнүндө” токтомунун, Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 20-беренесинин 142-пунктунун негизинде иштелип чыккан жана Ош шаарынын административдик-аймактык чектеринде мамлекеттик жайыт жерлерин жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүнүн тартибин жөнгө салат.
I. Жалпы жоболор
1. Ош шаарынын мэриясы мамлекеттик жайыт жерлерди башкаруу боюнча ыйгарым укук берген орган – жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга мөөнөттүү пайдаланууга келишимдин негизинде берет. Келишим мөөнөтү аяктагандан кийин тараптардын макулдашуусунун негизинде келишим узартылышы мүмкүн. Бул учурда Ош шаарынын мэриясы жайыт жерлерди башкаруу боюнча ыйгарым берген орган артыкчылыктуу укукка ээ.
Келишимде көрсөтүлгөн шарттар жайыт жерлерин мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга мөөнөттүү пайдалануу укугун берүү жөнүндө келишимдин негизги шарттары болуп эсептелет.
2. Жайыт ресурстарын башка максаттарга пайдалануу укугу үч жылдан ашык мөөнөткө берилген учурда ал укук милдеттүү мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш.
3. Жеке жана юридикалык жактар жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган төмөнкү максаттарга пайдалана алышат:
- аң уулоо, бал чарбачылык, дары чөптөрдү чогултуу, мөмө-жемиш терүү, тоют чөптөрүн дайындоо, жалпы таралган пайдалуу кендерди казып алуу, уюлдук байланыш, туризм жана жарандардын эс алуусу үчүн жеңил конструкциядагы (капиталдык эмес) курулмаларды мыйзамда каралган тартипте орнотуу;
- асылдуулугу төмөн жайыттарды өздөштүрүү жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү үчүн берүү – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жүргүзүлөт.
4. Жеке жана юридикалык жактардын жайыт участогунда болуусу, ошондой эле жапайы өскөн мөмө, жемиш, козукарын, башка тамак-аш продуктуларын, дарылык-техникалык чийки затты чогултуусу Ош шаардык кеңеши тарабынан бекитилген жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планга ылайык чектелиши мүмкүн.
II. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүнүн тартиби
5. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тиешелүү аймакта жашаган калктын кызыкчылыктарын эске алуу менен ачык-айкын жүргүзүлөт.
6. Жайыт жерлерин мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдаланууга талапкер тараптын аталган жерде ишмердүүлүк жүргүзүү боюнча инвестициялык план кагаздары болууга тийиш.
7. Жайыт жерлерин мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдаланууда капиталдык эмес женил конструкциядагы курулуштарды орнотуу Ош шаарынын мэриясы жайыт жерлерди башкаруу боюнча ыйгарым укук берген органдын жазуу түрүндөгү макулдугунун негизинде жүргүзүлөт.
8. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдаланууга берүүдө жайгашкан ордуна карай төмөндөгүдөй зоналарга бөлүнөт.
Алар : 1-зона үчүн жакынкы жайыттар; 2-зона үчүн ортоңку жана алыскы жайыттар; 3-зона үчүн көмүр жана башка кендер жайгашкан жайыттар; 4-зона үчүн кум-шагыл, топурак каръерлери.
9. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга мөөнөттүү пайдаланууга берүүдө келишимдин мөөнөтү инвестициялык долбоорго жараша аныкталат.
III. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү жөнүндө келишимдин формасы жана шарттары
10. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү жөнүндө типтүү келишим ушул жобонун тиркемесине ылайык жазуу жүзүндө 3 нускада (келишим мөөнөтү 3 жылдан кем эмес болсо) түзүлөт жана тараптар келишимдин бирден нускасын алышат, 1 нускасы мамлекеттик каттоо кызматы үчүн түзүлөт.
11. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү жөнүндө келишимдин жазуу жүзүндөгү формасы сакталбаса келишим жараксыз деп эсептелет.
12. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү жөнүндө келишимде төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:
а) келишимдин тараптары;
б) жайыт ресурстары пайдаланууга берилүүчү жер;
в) жайыт ресурстарын пайдалануунун түрлөрү;
г) берилүүчү жер участоктун аянты (м2);
д) жайыт ресурстарын пайдалануунун мөөнөтү;
е) акынын өлчөмү жана аны төлөө тартиби;
ж) тараптардын укуктары жана милдеттери;
з) форс-мажордук жагдайлар;
и) келишимде көрсөтүлгөн милдеттенмелерди бузгандык үчүн жоопкерчилик.
13. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү жөнүндө келишимге берилүүчү жер участогунун чек арасы жана аянты көрсөтүлгөн пландык-картографиялык материал тиркелет (СК-42).
14. Көрсөтүлгөн шарттар жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү жөнүндө келишимдин негизги шарттары болуп эсептелет. Келишимде тараптардын каалоосу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка шарттар да көрсөтүлүшү мүмкүн.
IV. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү үчүн акы
15. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу үчүн акынын өлчөмү - Ош шаардык Кеңеши бекиткен атайын эсептөөлөрдүн (коэффиценттин) негизинде жүргүзүлөт.
16. Жайыттарды пайдалануу үчүн акы төлөөдөн түшкөн каражаттар жергиликтүү бюджетке түшөт жана жайыттарды башкарууга, инфратүзүмүн жакшыртуу үчүн колдонулат.
V. Жайыт пайдалануучунун укуктары жана милдеттери
17. Келишимге ылайык жайыт пайдалануучу төмөнкүлөргө укуктуу:
а) жайыт ресурстарын жайыттарды башка максаттарга пайдалануу жөнүндөгү келишимде каралган шарттарда, аныкталган жерде жана көлөмдө пайдаланууга;
б) себилген жайыттар жана түп-тамырынан бери жакшыртылган жайыттарга таандык участокторду кошпогондо жайыт участокторунда курулуштук, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди) сактоо менен капиталдык эмес убактылуу турак жайларды, өндүрүштүк жайларды, кампаларды жана башка курулмаларды белгиленген тартипте (Ош шаардык мэриясы мамлекеттик жайыт жерлерди башкаруу боюнча ыйгарым укук берген органдын жазуу жүзүндөгү макулдугу боюнча) тургузууга жана курууга;
в) жайыт ресурстарын пайдаланууга байланыштуу чарбалык ишинин түрүн өз алдынча тандоого жана алынган продукцияны тескөөгө;
г) жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү келишимин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бузууга;
18. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун алган жайыт пайдалануучу келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийин, шарттары бирдей болгон жаны мөөнөткө келишим түзүүдө башка жактарга караганда артыкчылыктуу укукка ээ болот.
19. Жайыт пайдалануучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
а) жайыт ресурстарын жүргүзгөн ишинин натыйжасында жайыттын абалын жана экологиялык кырдаалды начарлатууга жол бербестен, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү келишимине ылайык пайдаланууга;
б) жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү келишиминде белгиленген өлчөмдөрдө жана мөөнөттө акы төлөөгө;
в) жайыттарга таштандыларды таштабоого жана булгабоого, жайыттын жана малды сугаруучу жайлардын биологиялык жана химиялык булганышына жол бербөөгө;
г) башка жайыт пайдалануучулардын жана аймактары чектеш жер пайдалануучулардын кызыкчылыктарын бузбоого;
д) Кыргыз Республикасынын жер жана жаратылыш коргоо мыйзамдарын сактоого;
е) жайыттын пайдаланылышын мамлекеттик контролдоого тоскоолдуктарды жаратпоого;
ж) жайыт инфраструктурасынын объекттерин жана мал чарбасынын муктаждыктары үчүн пайдаланылуучу башка объекттерди эксплуатациялоонун шарттарын бузбоого.
VI. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү жөнүндө келишимди токтотуунун негиздери
20. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү келишими төмөнкүдөй учурларда токтотулат:
а) келишимдин мөөнөтү аяктаганда;
б) жайыт пайдалануучу жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдаланууга берилген укугунан баш тартканда;
в) жайыт пайдалануучу ишин токтоткондо;
г) тараптар келишимдин шарттарын жана өздөрүнүн милдеттерин аткарышпаса.
д) төлөмдөрдүн өлчөмүн жана төлөө мөөнөтүн бузган учурда:
VII. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү жөнүндө келишимдин шарттарын өзгөртүүнүн тартиби
21. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү келишиминин шарттарын өзгөртүүгө төмөнкүдөй учурларда жол берилет:
а) жайыттын абалы өзгөргөндө (өрт, жер көчкү, жердин шамал жана суу эрозиясы, жер титирөө, суу ташкыны, жайыт участоктору зыянкечтердин жана илдеттердин натыйжасында бузулган учурларда);
б) жайыт пайдалануучу жайыт ресурстарын пайдалануунун айрым түрлөрүн ишке ашыруудан баш тартканда.
VIII. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү жөнүндө келишимдин шарттарын бузгандык үчүн жоопкерчилик жана талаш-тартыштарды кароо
22. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү келишиминин шарттарын аткарбаганы же тийиштүү түрдө аткарбаганы үчүн тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
23. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү жөнүндө келишимди түзүүдө, аткарууда, өзгөртүүдө жанабузууда келип чыккан талаш-тартыштар сот тартибинде чечилет
Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси
И.Э.Абдыраимов
Ош шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 3-июлундагы XI сессиясынын № 56 токтомуна 2-тиркеме
Ош шаарынын административдик-аймактык чектеринде мамлекеттик жайыт жерлерин мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга мөөнөттүү пайдаланууга берүүнүн акыларын аныктоо боюнча эсептөөлөр
Бул эсептөөлөр «Ош шаарынын статусу жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин 142 пунктунун, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 14-беренесинин 4-пунктунун, Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы №301 “Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу чөйрөсүндөгү жөнгө салуу жөнүндө” токтомунун, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы №126-т тескемесинин негизинде иштелип чыкты.
ЖПА = Н х S х К1 х К2х Ки; ЖПА-жайыттарды мөөнөттүү пайдалануу акысы Н-Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине ылайык жер салыгынын ставкасы; S - жер тилкесинин аянты, чарчы метр; К1 - функционалдык багыттардын коэффициенти; К2 – экономикалык пландаштыруу зонасы; Ки - инфляция коэффициенти.
Функционалдык багыттардын коэффициенти (К1):
– кум-шагыл чыгаруучу карьерлер үчүн :
1 чарчы метрден 10 000 чарчы метрге чейин-1,0; 10 001 чарчы метрден 30 000 чарчы метрге чейин-0,8; 30 001 чарчы метрден 60 000 чарчы метрге чейин-0,6; 60 001 чарчы метрден жогорусу-0,4; (кум-шагыл, топурак каръерлерди пайдалануу акысы Ош шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 16-апрелиндеги №29 токтомунун 1-тиркемесиндеги формула менен эсептелинет: ЖПА = Н х S х К1 х К2).
– кен чыккан жерди,шахталарды иштетүү үчүн - 0,05;
– туризм жана жарандардын эс алуу багытында - 0,1;
– күн панелдерин орнотуу үчүн - 0,01;
– тоют чөптөрүн камдоо үчүн жайгашкан ордуна карабастан 1 га жерге 5000 сомдон кем эмес деп белгиленсин;
– уюлдук байланыш түйүндөрүнүн мунарасы үчүн жайгашкан жерине карабастан бир айлык ижара акы 18000 сомдон кем эмес болсун.
Зоналар боюнча акынын нормативдик ставкасы (К2): 1-зона үчүн жакынкы жайыттар -0,4; 2-зона үчүн ортоңку жана алыскы жайыттар -0,3; 3-зона үчүн көмүр жана башка кендер жайгашкан жайыттар – 0,3; 4-зона үчүн кум-шагыл, топурак каръерлери -0,9. Убактылуу пайдалануудагы жер тилкенин акыларын эсептөөдө пайдалануучу менен макулдашуунун негизинде акыларын көтөрүүгө жол берилет. Ки-учурдагы салык мезгилинде калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге тиешелүү болгон жер участогуна мүлк салыгын эсептөө үчүн колдонулган инфляциянын Ки-коэффициенти улуттук статистиканын мурунку жылдагы расмий маалыматтарынын негизинде өткөн салык мезгилинин 1-октябрынан кечиктирилбестен ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет. Эгерде учурдагы салык мезгилине инфляциянын коэффициенти белгиленбесе, ал мурдагы салык мезгилинде колдонулган коэффициентке барабар колдонулат.
Көрктɵндүрүү жана жашылдандыруу аянтына жараша (таблица № 1):
Көрктɵндүрүү жана жашылдандыруу (S) чарчы метр
50гө чейин
51-200
201-
300
301-
500
501-1000
1001-
5000
5001 ден жогору
Ижара акынын нормативдик ставкасы: (С) сом
8
6,0
5,0
4
2,5
1,5
1,0
Апз = (SxC); Апз - жер тилкеси үчүн акынын өлчөмү; S - жер тилкесинин аянты; С - пайдалануу акынын нормативдик ставкасы (сом чарчы метр).
Ош шаары боюнча экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасы
№1 зона
- Ош шаарынын четки адыр-тоолу аймактары.
№2 зона
- Тогуз-Булак (Кара-Сөгөт), Лаглан, Берки-Суу, Ой-Долоно участоктору;
№3 зона
- Жол-Чырак (Загара) участоктогу;
№4 зона
- Ош шаарынын четки адыр-тоолу аймактарында жайгашкан кум-шагыл топурак каръерлери.
Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси
И.Э.Абдыраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Ош шаарынын статусу жөнүндөЗакон · 12.12.2013 · № 219
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 301 "Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу чөйрөсүндөгү жөнгө салуу жөнүндө" токтомуПостановление · 30.05.2025 · № 301
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- Жайыттар жөнүндөЗакон · 26.01.2009 · № 30 · Күчүн жоготкон