Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн ««Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2009-жылдын 19-июнундагы № 386
«Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлу № 545, 2019-жылдын 27-ноябрындагы № 644, 2020-жылдын 11-сентябрындагы № 482, Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 114, 2025-жылдын 30-майындагы № 301 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
«Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3 жана 6-беренелерине ылайык, жайыттарды башкаруу, пайдалануу жана жакшыртуу системасын өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча мамлекеттик комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча мамлекеттик комиссия жөнүндө жобо;
- Жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча облустук жумушчу топтор жана жергиликтүү комиссиялар жөнүндө жобо;
- (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 301 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 301 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 301 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары бир айлык мөөнөттө жайыттардын тышкы чек араларын белгилөө боюнча жергиликтүү комиссияларды түзүшсүн.
4. Кыргыз Республикасынын райондорунун жана облустарынын мурдагы колхоз жана совхоздоруна узак мөөнөттү пайдаланууга берилген (1999-жылдын июнуна чейин), башка райондордун жана облустардын администрациялык аймагында жайгашкан жайыт участоктору мындан ары 2030-жылга чейин ошол райондордун жана облустардын карамагында калаары белгиленсин.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлу № 545, 2019-жылдын 27-ноябрындагы № 644 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
41. Узак мөөнөттүү пайдаланууга берилген жайыт участокторун пайдалануу үчүн жыйымдарды чогултуу ушул участокту пайдалануучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан ишке ашырылат. Каражат жайыт участокторун пайдаланууга укук алган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жергиликтүү бюджетине түшөт жана жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планына ылайык жайыттар менен жайыт инфраструктураларын жакшыртууга жана өнүктүрүүгө жумшалат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-ноябрындагы № 644, КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 301 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
42. Узак мөөнөттүү пайдаланууга берилген жайыт участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгы Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жер участогу эсептик каттоого алынган жери боюнча төлөнөт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-ноябрындагы № 644 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 4-июнундагы № 360 «Жайыттарды ижарага берүүнүн жана пайдалануунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункттун экинчи-төртүнчү абзацтары алып салынсын;
- 2-5-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;
- аталган токтом менен бекитилген Жайыттарды ижарага берүүнүн жана пайдалануунун тартиби жөнүндө жобо, мал чарбачылык багытындагы чарбакер субъекттер үчүн жайыт участокторун ижаралоо жөнүндө келишимдин формасы, башка максаттар үчүн жайыт участокторун ижаралоо жөнүндө келишимдин формасы күчүн жоготту деп табылсын.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И. Чудинов
Тиркеме
Жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча мамлекеттик комиссиянын КУРАМЫ (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри, Мамлекеттик комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын директору, Мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары. Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жайыт жана асыл тукум мал чарбасы департаментинин директору; Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматынын директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишкананын директору; Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Биотүрдүүлүктү жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын сактоо департаментинин директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 386 токтому менен бекитилген
Жайыт билетинин ТИПТҮҮ ФОРМАСЫ _______________________________________________________________ АВ 000001 айыл өкмөтү, район ЖАЙЫТ БИЛЕТИ N __________ 20____жылга Аты-жөнү _________________________________________________________ (Жайыт пайдалануучу) Берилген күнү: 20___жылдын "____" ________________________________ Жайыттар: кышкы __________________________________________________ жазгы __________________________________________________ жайкы __________________________________________________ күзгү __________________________________________________ Маршрут
1) _______________________________________________________
2) _______________________________________________________
3) _______________________________________________________
Жайытка чыккан мал башынын саны жана малды вакцинациялоо жөнүндө маалыматтар
Малдын түрү
Саны
1 мал башына акы төлөө (сом)
Сумма (сом)
Малды вакцинациялоо жөнүндө маалыматтар
Уй
Топоз
Кой-эчки
Жылкы
Бардыгы:
Сумма: ___________________________________________________________ Жазуу менен Жайытты пайдаланганы үчүн акы төлөгөндүгү жөнүндө квитанция тиркелет. Аянты ______ га болгон жогоруда аталган жайыттарга _____ баш сандагы мал жаюуга уруксат берилет.
М.О. Жайыт комитетинин төрагасы: _________________________________
_______________________________________________________________________ Аты-жөнү
М.О. Айыл өкмөтүнүн башчысы: _____________________________________
_______________________________________________________________________ Аты-жөнү
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 122 · байланышкандар: 9
Цитата келтиргендер (122)
- Үч-Дөбө айылдык кеңешинин"2014-жылдын 11-февралындагы № 14/4 "Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин жайыттарды пайдаланууда , малдын башына акы белгилөө үчүн жайыт комитетинин…Постановление · 11.02.2014 · № 14/4
- Кууганды айылдык кеңешинин 2017-жылдын 1- мартындагы № 6 "Жайыттар жөнүндө" токтомуПостановление · 01.03.2017 · № 6
- Каныш-Кыя айылдык кеңешинин 2018-жылдын 7-июнундагы № 22 "Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамын ишке ашыруу боюнча" токтомуПостановление · 07.06.2018 · № 22
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы N 386 токтому менен бекитилген "Жайыттарды пайдалануу үчүн акы белгилөө тартиби жөнүндө типтүү жобосу"Положение · 19.06.2009 · № 386
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы N 386 токтому менен бекитилген "Жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча облустук жумушчу топтор жана жергиликтүү…Положение · 19.06.2009 · № 386
- Баткен шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 17-мартындагы № 01-10/9 "Баткен шаар аймагындагы жайыттарга чыгуучу малдар үчүн жайыт акысынын төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.03.2017 · № 01-10/9
- Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин 2018-жылдын 9-апрелиндеги № 8 “Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнγн Жергиликтγ ѳз алдынча башкаруу типтγγ регламентин бекитγγ жѳнγндѳ” токтомуПостановление · 09.04.2018 · № 8
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы N 386 токтому менен бекитилген "Жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча мамлекеттик комиссия жөнүндө жобосу"Положение · 19.06.2009 · № 386
- Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2022-жылдын 23-декабрындагы № 12-4 "Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн" регламентиРегламент · 23.12.2022 · № 12-4
- Айыл өкмөтүнүн (Ак-Жар айылдык кеңешинин 2023-жылдын 21-июлундагы № 68 токтомуна ылайык) Типтүү РегламентиТиповой регламент · 21.07.2023 · № 68
- Кара-Буура айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-июлундагы № 23 "Кара-Буура айыл өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 28.07.2023 · № 23
- Күнтуу Айыл өкмөтүнүн РегламентиУстав · 10.01.2018 · № 1/1
- Петровка айылдык кенешинин 2018-жылдын 26-декабрындагы № 76-7 «Петровка айыл өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө» токтомуПостановление · 26.12.2018 · № 76-7
- Төлөйкөн айылдык кеңешинин 2019-жылдын 30-декабрындагы № 10-7 "Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жылдагы аткарган иштери жана 2020-жылга бюджеттик…Постановление · 30.12.2019 · № 10-7
- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө жана төлөө тартиби жөнүндө нускама (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын…Инструкция · 03.12.2024 · № 729
- Кыргыз-Ата айылдык кенешинин 2017-жылдын 20-декабрындагы № 7-11 “Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө ” токтомуПостановление · 20.12.2017 · № 7-11
- Самаркандек айылдык кеңешинин 2021-жылдын 14-майындагы № 20 "Самаркандек айыл аймагындагы жайыт комитетинин жайыттарга чыгуучу малдар үчүн 2021-жылга түзүлгөн иш планын жана…Постановление · 14.05.2021 · № 20
- Yч-Коргон айыл кеңешинин 2014-жылдын 8-августундагы № 12/4 "Yч-Коргон жайыт комитетинин 2014-жылда аткаргана иштери жана 2015-жылдын бюджетине карата жамааттык планын бекитγγ…Постановление · 08.08.2016 · № 12/4
- Уч-Коргон айылдык кенешинин 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 9/3 "Уч-Коргон жайыт комитинин 2017-жылда аткарган иштери жана 2018-жылдын бюджетине карата жамааттык планын бекитүү…Постановление · 11.04.2018 · № 9/3
- Уч-Коргон айылдык кенешинин2018-жылдын 27-декабрындагы № 16/3 "Уч-Коргон жайыт пайдалануучулар комитетинин 2018-жылда аткараган иштери жана 2019-жылдын бюджетине карата жамааттык…Постановление · 27.12.2018 · № 16/3
122 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (7)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 301 "Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу чөйрөсүндөгү жөнгө салуу жөнүндө" токтомуПостановление · 30.05.2025 · № 301
- Жайыттар жөнүндөЗакон · 26.01.2009 · № 30 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 4 июня 2002 года № 360 "Об утверждении Положения о порядке предоставления в аренду и использования пастбищ"Постановление · 04.06.2002 · № 360 · Күчүн жоготкон
7 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (9)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Каргалык айылдык кеңешинин 2017-жылдын 3 -мартындагы № 16 "Жайыт комитетинин 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча отчету жана 2017-жылга жылдык планын бекитүү" токтомуПостановление · 03.03.2017 · № 16
- Үч-Коргон айылдык кеңешинин 2017-жылдын 20-февралындагы №3/2 "Уч-Коргон жайыт комитетинин 2016-жылда аткарган иштери жана 2017-жылдын бюджетные карата жамааттык планын беитүү…Постановление · 20.02.2017 · № 3/2
- Күн-Чыгыш айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 13 -февралындагы № 5 «Күн-Чыгыш айыл аймагынын жайыт комитетинин отчету жана 2018-жылга карата бюджетин бекитүү жана жайыттарды башка…Постановление · 13.02.2018 · № 5
- Каргалык айылдык кеңешинин 2019-жылдын 29-мартындагы № 15 "Жайыт комитетинин 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча маалыматын угуу жана 2019-жылга карата жылдык планын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 29.03.2019 · № 15
- Куйручук айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 20-апрелиндеги № 2 «Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жылдык бюджетин кароо жөнүндө” токтомуПостановление · 20.04.2016 · № 2
- Көк-Жар айылдык кеңешинин 2021-жылдын 22-январындагы № 24/2 "Көк-Жар жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021- жылдагы бюджетин бекитүү жана 2022-2023-жылдардын болжолдуу бюджетин…Постановление · 22.01.2021 · № 24/2
- Ак-Суу айылдык кеӊешинин 2019-жылдын 08-февралындагы №2/2 "Ак-Суу ЖПБнин бухгалтери Э.Жоробековдун жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн акы төлөмдөрүнүн өлчөмдөрү жөнүндө" токтомуПостановление · 08.02.2019 · № 2/2
- КР финансы министрлигинин 2016-жылдын 8-декабрындагы № 198-П "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясын жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясын колдонуу…Приказ · 08.12.2016 · № 198-п · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 7-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 386 "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча…Постановление · 07.06.2016 · № 307 · Күчүн жоготкон