Памир-Алай айылдык кеңешинин Памир-Алай айыл аймагында Сары-Таш айылынан Кыргыз Республикасынын Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун Ачык акционердик коомуна жер тилкелерин убактылуу ижарага берүү жөнүндө токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
«ПАМИР-АЛАЙ» АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Памир-Алай айылдык Кеңешинин I чакырылышынын кезектеги 1-отуруму
2026-жылдын 23-январы, № 4
Памир-Алай айыл аймагында Сары-Таш айылынан Кыргыз Республикасынын Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун Ачык акционердик коомуна жер тилкелерин убактылуу ижарага берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 301 токтомунун 8-беренесине ылайык Памир-Алай айыл аймагына караштуу Сары-Таш айылынан “Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду”нун Ачык акционердик коомуна жер тилкесин убактылуу ижарага берүү максатында Памир-Алай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Памир-Алай айыл аймагына караштуу Сары-Таш айылынан “Кыргыз Республикасында Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду” нун Ачык акционердик коомуна жалпы аянты 3 (үч) га болгон жер тилкеси 20 (жыйырма) жыл мөөнөткө убактылуу ижарага берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Памир-Алай айыл аймагынын башчысы К.Анарбаевге тапшырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
6. Бул токтом pamir-alay.gov.kg сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрага:
Н.Айтмаматов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.