Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 13 января 2023 года № 13 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-01-13.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы N 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому
2018-жылдын 28-сентябры № 450
"Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Бюджеттин узак мөөнөттүү туруктуулугун камсыздоо максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М.Абылгазиев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө
1-берене.
1. Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 151454484,1 миң сом суммасында жана чыгымдар боюнча 161710709,8 миң сом суммасында 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектик өлчөмү 10256225,7 миң сом суммасында 1-тиркемеге ылайык белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектик өлчөмүн жабууга тышкы жана ички каржылоо булактарынан 10256225,7 миң сом суммасындагы каражат 1-тиркемеге ылайык жумшалсын.
2-берене.
1. Кыргыз Республикасынын 2019-2021-жылдарга консолидацияланган бюджетинин болжолу 2-тиркемеге ылайык жактырылсын,
2. Кыргыз Республикасынын 2020-2021-жылдарга республикалык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын:
1) 2020-жылга кирешелер боюнча болжол - 157043345,6 миң сом суммасында, 2021-жылга - 161890268,1 миң сом суммасында;
2) 2020-жылга чыгымдар боюнча болжол - 165199792,8 миң сом суммасында, 2021-жылга - 164535140,8 миң сом суммасында;
3) Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын болжолу - 8156447,2 миң сом суммасында, 2021-жылга - 2644872,7 миң сом суммасында.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2020-2021-жылдарга жактырылган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин болжолдуу көрсөткүчтөрүн аларды ар бир конкреттүү мезгилге кабыл алууда тактоого укуктуу.
3-берене. Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджетинин киреше бөлүгү жана 2020-2021-жылдарга болжолу 3 жана 3-1-тиркемелерге ылайык булактар боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлсүн. 4-берене. Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджетинин жана 2020-2021-жылдарга болжолунун чыгымдарын каржылоого каражаттар 4, 5 жана 6-тиркемелерге ылайык белгиленсин. 5-берене.
1. 2019-2021-жылдарга мамлекеттик инвестициялар боюнча чыгымдар 7-тиркемеге ылайык белгиленсин.
2. 2019-жылы капиталдык салымдарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 3000000,0 миң сом суммасында бекитилсин жана алар мурдагы мезгилде каралган объекттердин курулушун аяктоого жана 2019-жылга түзүлгөн тизмеде бекитилген объекттерди алардын артыкчылыктарын эске алуу менен курууга, реконструкциялоого багытталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Бюджеттик насыяларды башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин мамлекеттик ипотекалык сертификаттарына ылайык, жаратылыш кырсыктарынан жабыр тарткандарга берилүүчү бюджеттик каражаттарды төлөөгө 350000,0 миң сом багытталсын.
4. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 2019-жылы - 600000,0 миң сом, 2020-жылы - 700000,0 миң сом, 2021-жылы 800000,0 миң сом суммасында бекитилсин. Республикалык бюджеттен дотация алуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоонун артыкчылыктары белгиленсин.
6-берене.
1. Чыгымдарды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр, медикаменттерди жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алуу, тамак-аш азыктарын сатып алуу, социалдык камсыздоо боюнча жөлөкпулдар, калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпулдар, стипендиялар), ошондой эле мамлекеттик карыз милдеттенмелери жана мамлекеттик башкаруу секторунун башка бирдиктерине учурдагы гранттар (Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна трансферттер) боюнча жүргүзүлсүн.
2. 11-2-тиркемеде каралган пилоттук министрликтерди кошпогондо штаттык санынын өзгөрүшүнө түрткү берген бюджеттик мекемелерде бош орундардын түзүлүшүнө, ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышына байланыштуу корголгон беренелерге каралган суммаларды азайтууга жол берилет.
3. Ушул Мыйзамга ылайык корголгон беренелер боюнча жеке чыгымдарды толугу менен камсыз кылуу жоопкерчилиги министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилерине жүктөлсүн.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2019-2021-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгымдарын биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча каржылоо сунушталсын.
7-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тийиштүү органдар тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актыларга, ошондой эле түзүмдүк өзгөрүүлөргө. өндүрүштүн (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) көлөмдөрүнүн, баалардын деңгээлинин өзгөрүшүнө ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттери менен республикалык бюджеттин өз ара эсептерине тактоолорду киргизүүгө укуктуу. 8-берене. 2019-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети боюнча жүгүртүүчү кассалык накталай акча 500000,0 миң сом суммасында белгиленсин. 9-берене.
1. Мурда облустардын бюджетинде турган мекемелерди 2019-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен каржылоо 8-тиркемеге ылайык жүргүзүлсүн.
2. Мурда облустардын бюджетинде турган мекемелерди 2020-2021-жылдарга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен каржылоо суммасынын болжолу 8-1, 8-2-тиркемелерге ылайык жактырылсын.
10-берене.
1. 2019-2021-жылдарга жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөрдүн төмөнкүдөй ченемдери белгиленсин:
1) салык агенттери төлөөчү киреше салыгы:
- 2019-жылы шаарлардын, айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 70 пайыз өлчөмүндө;
- 2020-жылы шаарлардын, айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 85 пайыз өлчөмүндө;
- 2021-жылы шаарлардын, айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 100 пайыз өлчөмүндө;
2) сатуудан алынуучу салык:
- 2019-жылы республикалык бюджетке 50 пайыз өлчөмүндө;
- 2020-жылы республикалык бюджетке 75 пайыз өлчөмүндө;
- 2021-жылы республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;
3) ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык, милдеттүү патенттөөнүн негизиндеги салык, бирдиктүү салык - шаарлардын, айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 100 пайыз өлчөмүндө;
4) жер казынасын пайдалануу үчүн салык (роялти), стратегиялык пайдалуу кендерди (алтын, мунай зат, газ) кошпогондо - кендерди иштеп чыгуу жери боюнча шаарлардын, айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 50 пайыз өлчөмүндө;
5) жер казынасын пайдалануу үчүн салык (бонус) - республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;
6) жер казынасын пайдалануу үчүн акы - республикалык бюджетке 93 пайыз жана кендерди иштеп чыгуу жери боюнча шаарлардын, айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 7 пайыз өлчөмүндө;
7) жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүү - республикалык бюджетке 80 пайыз жана кендерди иштеп чыгуу жери боюнча шаарлардын, айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 20 пайыз өлчөмүндө.
2. Жалпы мамлекеттик кирешелердин пландан ашык келип түшүү суммаларын республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда бөлүштүрүү кирешенин ар бир түрү боюнча чегерүүлөрдүн бекитилген ченемдерине ылайык жүргүзүлөт.
11-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мурда алынган бюджеттик ссудалардын жана кредиттердин суммаларын жергиликтүү бюджеттерден республикалык бюджетке кайтаруу 9-тиркемеге ылайык 2019-жылы - 331927,1 миң сом, 2020-жылы - 374365,0 миң сом, 2021-жылы - 336268,0 миң сом суммасында камсыз кылынсын. 12-берене.
1. Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджетинен жергиликтүү бюджеттери үчүн теңдөө трансферттеринин өлчөмдөрү 10-тиркемеге ылайык чыгымдардын 2000300,0 миң сом жалпы суммасында бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын 2020-2021-жылдарга республикалык бюджетинен теңдөө трансферттеринин өлчөмдөрүнүн болжолу 10-тиркемеге ылайык жактырылсын.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары теңдөө трансферттерин биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгымдарды каржылоого багытташсын.
4. Республикалык бюджеттен теңдөө трансферттеринин эсебинен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгымдарды толук каржылоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жоопкерчиликтүү болот.
5. Мыйзамдарда каралган ыйгарым укуктардын чегинде жер салыгы боюнча базалык ставкаларды же коэффициенттерди жогорулатууга карата жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алуунун эсебинен жергиликтүү бюджеттердин кирешесинин көбөйүүсү ушул Мыйзамда бекитилген 2019-2021-жылдарга теңдөө трансферттеринин өлчөмдөрүн өзгөртүү үчүн негиз болбой тургандыгы белгиленсин.
6. Жеке кирешелерди (жер салыгы, мүлк салыгы, жерди жана мүлктү ижарага берүүдөн кирешелер) көбөйтүүдөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына дем берүү үчүн республикалык бюджеттен 100,0 млн. сом каралсын.
13-берене. Эң аз эмгек акынын өлчөмү 2019-жылга - 1750,0 сом, 2020-жылга - 1854,0 сом. 2021-жылга - 1970,0 сом суммасында белгиленсин. 14-берене. Бюджеттик мекемелер, чарба субъекттери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүлүп алынсын. Кайтарым негизинде берилген бюджеттик каражаттарды өз учурунда кайтарбоо, аларды пайдалануу үчүн пайыздарды төлөөнүн мөөнөтүн кечиктирүү аларды кыскартуу. ошондой эле кызмат адамдарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартууга негиз болуп саналат. 15-берене. Учурдагы жылы кабыл алынган ченемдик укуктук актылар боюнча кошумча финансы ресурстарын талап кылган чыгымдар кийинки жылдагы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде каралсын. 16-берене. Сот органдарынын чечимдери боюнча жеке жана юридикалык жактарга аткаруу барагы боюнча төлөмдөр тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана мамлекеттик бийликтин башка органдарынын каражаттарынын эсебинен төлөнсүн. 17-берене.
1. 2019-2021-жылдарга министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун программалык бюджети 11 жана 11-1-тиркемелерге ылайык жактырылсын.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор бюджеттик программалар жана бюджеттик чаралар боюнча натыйжалуулук индикаторуна жетишүү жөнүндө жарым жылдык жана жылдык отчетторду Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине 11 жана 11-1-тиркемеге ылайык берет.
18-берене.
1. Пилоттук министрликтердин 2019-2021-жылдарга программалык бюджеттери жана натыйжалуулук индикаторлорунун максаттуу маанилери 11-2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Пилоттук министрликтер бюджеттик программалар жана бюджеттик чаралар боюнча натыйжалуулук индикаторуна жетиштүү жөнүндө отчетторду кварталдык негизде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берип турушсун.
3. Пилоттук министрликтердин жетекчилерине төмөнкүлөргө укук берилсин:
- 11-2-тиркемеде каралган мамлекеттик органдын бюджеттик программаларынын чектүү штаттык санынын алкагында түзүмдү жана зарыл болгон штаттык бирдиктердин санын өз алдынча аныктоого;
- 11-2-тиркемеде каралган мамлекеттик органдардын эмгек акы фондунун чегинде бюджеттик программалардын жана бюджеттик чаралардын натыйжалуулук индикаторлорунун максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетишкендиги үчүн кызматкерлердин жана жумушчулардын эмгек акысына коэффициентти (же кызматтык маянага үстөктөр) белгилөө үчүн бош кызмат орундарынан жана штаттык бирдиктерди оптималдаштыруудан үнөмдөлгөн акча каражаттарын пайдаланууга.
19-берене. Ушул Мыйзамга жылына эки жолудан көп эмес өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган, мында биринчи өзгөртүү учурдагы жылдын 1-июлунан кеч эмес Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилүүгө тийиш болгон бюджеттик жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдын жоболорун аткаруу камсыздалсын. 20-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 20 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 15-ноябрындагы № 2699-VI "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.11.2018 · № 2699-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 29-ноябрындагы № 2731-VI "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 29.11.2018 · № 2731-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 29-ноябрындагы № 2730-VI "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 29.11.2018 · № 2730-VI
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
Шилтеме берет (20)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 26.12.2018 · № 112
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 127
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдыкКодекс · 28.10.2021 · № 129
- Бажылык жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 24.04.2019 · № 52
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтомуПостановление · 22.02.2011 · № 62
- Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодексиКодекс · 31.01.2017 · № 17
- Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 22.12.2016 · № 215
- Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 28.12.2017 · № 218(23)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Указ Президента КР от 27 августа 2000 года УП №243 "О государственной поддержке производственных предприятий Кыргызского общества слепых и глухих"Указ · 27.08.2000 · № 243
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
- О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О ветеранах войны, Вооруженных Сил и тружениках тылаЗакон · 24.05.1997 · № 34
- Бейсалык төлөмдөрЗакон · 14.04.1994 · № 1480-XII · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 23 августа 2018 года № 397 "Об основных направлениях фискальной политики Кыргызской Республики на 2019-2021 годы"Постановление · 23.08.2018 · № 397 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 27.10.2017 · № 184 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндөЗакон · 23.11.2017 · № 195 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндөЗакон · 02.04.2018 · № 35 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 04.08.2018 · № 86 · Күчүн жоготкон