КР (23) «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» Мыйзамы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2017-жылдын 28-декабры № 218 (23) Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө (КР 2018-жылдын 26-декабрындагы N 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2017-жылдын 29-ноябрында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
1-берене.
1. Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 141533283,7 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 154140062,0 миң сом суммасында 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектик өлчөмү 12606778,3 миң сом суммасында 1-тиркемеге ылайык белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектик өлчөмүн жабууга тышкы жана ички каржылоо булактарынан 12606778,3 миң сом суммасында каражат 1-тиркемеге ылайык жумшалсын.
(КР 2018-жылдын 26-декабрындагы N 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене.
1. Кыргыз Республикасынын 2018-2020-жылдарга консолидацияланган бюджетинин болжолу 2-тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын 2019-2020-жылдарга республикалык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын:
1) 2019-жылга кирешелер боюнча болжол - 151454484,1 миң сом суммасында, 2020-жылга - 157043345,6 миң сом суммасында;
2) 2019-жылга чыгымдар боюнча болжол - 161710709,8 миң сом, 2020-жылга - 8156447,2 миң сом суммасында;
3) Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын болжолу - 10256225,7 миң сом суммасында, 2020-жылга - 8156447,2 миң сом суммасында.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2019-2020-жылдарга жактырылган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин болжолдуу көрсөткүчтөрүн аларды ар бир конкреттүү мезгилге кабыл алууда тактоо жүргүзүүгө укуктуу.
(КР 2018-жылдын 26-декабрындагы N 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-берене. Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджетинин киреше бөлүгү жана 2019-2020-жылдарга болжолу 3 жана 3-1-тиркемелерге ылайык булактар боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлсүн.
4-берене. Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджетинин жана 2019-2020-жылдарга болжолунун чыгашаларын каржылоого каражаттар 4, 5 жана 6-тиркемелерге ылайык белгиленсин.
5-берене.
1. 2018-2020-жылдарга мамлекеттик инвестициялар боюнча чыгашалар 7-тиркемеге ылайык белгиленсин.
2. 2018-жылы капиталдык салымдарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 5919544,4 миң сом суммасында бекитилсин жана алардын артыкчылыгын эске алуу менен алар мурунку мезгилде каралган объекттердин курулушун бүткөрүүгө жана 2018-жылга бекитилген тизмектеги объекттердин курулушуна, реконструкциясына багытталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик ипотекалык сертификаттарына ылайык табигый кырсыктардан жабыркагандарга берилүүчү бюджеттик каражаттарды төлөөгө 150000,0 миң сом багытталсын.
4. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 2018-жылы - 355000,0 миң сом суммасында, 2019-жылы - 600000,0 миң сом, 2020-жылы - 700000,0 миң сом суммасында бекитилсин. Республикалык бюджеттен дотация алуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоонун артыкчылыктары белгиленсин.
(КР 2018-жылдын 26-декабрындагы N 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-берене.
1. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр, дары-дармектерди жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алуу, тамак-аш азыктарын сатып алуу, социалдык камсыздоо боюнча жөлөкпулдар, калкка социалдык жардамдар боюнча жөлөкпулдар, стипендиялар), ошондой эле мамлекеттик карыз милдеттенмелери боюнча жүргүзүлсүн.
2. Бюджеттик мекемелерде бош орундардын түзүлгөндүгүнө, алардын штаттык санынын өзгөрүшүнө алып келген ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышына байланыштуу корголгон беренелер боюнча чыгымдарга каралган суммаларды азайтууга жол берилет.
3. Ушул Мыйзамга ылайык корголгон беренелер боюнча жеке чыгашаларды толугу менен камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилерине жүктөлсүн.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2018-2020-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоону биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча жүзөгө ашыруу сунушталсын.
7-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тийиштүү органдар тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле түзүмдүк өзгөрүүлөрдөн, өндүрүштүн көлөмдөрүнүн (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн), баалардын деңгээлинин өзгөрүшүнөн келип чыккан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттери менен республикалык бюджеттин өз ара эсептерине тактоолорду киргизүүгө укуктуу.
8-берене. 2018-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети боюнча жүгүртүүчү кассалык накталай акча 150000,0 миң сом суммасында белгиленсин.
9-берене.
1. Буга чейин областтардын бюджетинде турган мекемелерди 2018-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен каржылоо 8-тиркемеге ылайык жүргүзүлсүн.
2. Буга чейин областтардын бюджетинде турган мекемелерди 2019-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен каржылоо суммасынын болжолу 8-1 жана 8-2-тиркемелерге ылайык жактырылсын.
10-берене.
1. 2018-жылга төмөнкүлөрдөн түшкөн чегерүүлөрдүн ченемдери белгиленсин:
1) жалпы мамлекеттик салыктык түшүүлөрдөн: шаарлардын жана айылдардын жергиликтүү бюджеттери үчүн салык агенти төлөөчү киреше салыгынан жана сатуудан алынуучу салыктан - 50 пайыз өлчөмүндө;
2) ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктан, милдеттүү патенттөөнүн негизиндеги салыктан, бирдиктүү салыктын негизинде түшүүлөрдөн - шаарлардын жана айылдардын жергиликтүү бюджеттеринин карамагына 100 пайыз өлчөмүндө;
3) жер казынасын пайдалануу үчүн салыктан (стратегиялык пайдалуу кендерди: алтынды, мунайды, газды кошпогондо, роялти) алардын иштелип чыккан орду (жайгашкан жери) боюнча шаарлардын жана айылдардын тиешелүү жергиликтүү бюджеттерине - 50 пайыз өлчөмүндө;
4) жер казынасын (бонустар) пайдалануу үчүн салыктан - республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө.
2. Жалпы мамлекеттик салыктарды алардын болжолун ашыра аткаруу суммаларын республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда бөлүштүрүүнү салыктардын ар бир түрү боюнча пландык түшүүлөрдөн чегерүүлөрдүн бекитилген ченемдери боюнча жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.
3. Жергиликтүү салыктардан жана салыктык эмес жыйымдардан түшүүчү жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка деңгээлдеги бюджетке алынууга жатпайт.
11-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мурда алынган бюджеттик ссудалардын жана кредиттердин суммасынын жергиликтүү бюджеттерден республикалык бюджетке кайтарылышы 2018-жылы - 231044,5 миң сом, 2019-жылы - 229006,3 миң сом, 2020-жылы - 276214,0 миң сом суммасында 9-тиркемеге ылайык камсыз кылынсын.
12-берене.
1. Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджетинен жергиликтүү бюджеттери үчүн теңдөө гранттарынын өлчөмдөрү чыгашалардын 1850000,0 миң сом жалпы суммасында 10-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын 2019-2020-жылдарга республикалык бюджетинен теңдөө гранттарынын өлчөмдөрүнүн болжолу 10-тиркемеге ылайык жактырылсын.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары теңдөө трансферттерин биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды каржылоого багыттасын.
4. Республикалык бюджеттен теңдөө трансферттеринин эсебинен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды толук каржылоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жоопкерчилик тартат.
5. Мыйзамдарда каралган ыйгарым укуктардын чегинде жер салыгы боюнча базалык ставкаларды же коэффициенттерди жогорулатуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечим кабыл алуунун эсебинен жергиликтүү бюджеттердин кирешелерин көбөйтүү ушул Мыйзам менен бекитилген 2018-2020-жылдарга теңдөө трансферттеринин өлчөмдөрүн өзгөртүү үчүн негиз болуп эсептелбей тургандыгы белгиленсин.
13-берене. Эң аз эмгек акынын өлчөмү 2018-жылга - 1662,0 сом, 2019-жылга - 1737,0 сом, 2020-жылга - 1815,0 сом суммасында белгиленсин.
14-берене.
1. Бюджеттик мекемелер, чарба жүргүзүүчү субъекттер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максаттуу, багыты боюнча пайдаланылбаган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүп алынсын.
Кайтарым негизинде берилген бюджеттик каражаттарды өз учурунда кайтарбоо жана аларды пайдаланганы үчүн пайыздарды төлөөнүн мөөнөтүн өткөрүп жиберүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аларды кыскартуу, ошондой эле кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартууга негиз болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдө жайгашкан мекемелерин кошпогондо, мамлекеттик мекемелерге казына тутумун буйтап өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттардын 100 пайызы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине алынат.
15-берене. Учурдагы жылы кабыл алынган ченемдик укуктук актылар боюнча кошумча финансы ресурстарын талап кылган чыгашалар кийинки жылдагы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде каралсын.
16-берене. Сот органдарынын чечимдери боюнча жеке адамдарга аткаруу барагы боюнча төлөмдөр тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылсын.
17-берене.
1. 2018-2020-жылдарга министрликтердин жана административдик ведомстволордун программалык бюджети 11-тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор бюджеттик программалар жана бюджеттик чаралар боюнча натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө жарым жылдык отчетторду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 11-тиркемеге ылайык жиберүүгө милдеттүү.
18-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 79 · байланышкандар: 45
Цитата келтиргендер (79)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 2021-VI "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө"…Постановление · 29.11.2017 · № 2021-VI
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-октябрындагы № 374-б (Акча каражаттар бөлүп берүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 23.10.2018 · № 374-р
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 101-б (Бажы төлөмдөрү боюнча 2018-жылдын республикалык бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү жөнундө) буйругуРаспоряжение · 28.03.2018 · № 101-р
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-мартындагы № 88-б (Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна бюджеттик кредит берүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 27.03.2018 · № 88-р
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-октябрындагы № 345-б "Соттук-укуктук реформалардын алкагында өткөрүлүүчү иш-чараларды натыйжалуу ишке ашыруу максаты жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 04.10.2018 · № 345-р
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдык 20-мартындагы № 81-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтунө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына "Гибрид почтасы" долбоорун ишке ашыруу үчүн акча каражаттарды…Распоряжение · 20.03.2018 · № 81-р
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-ноябрындагы № 399-б (Акча каражаттар бөлүп берүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 12.11.2018 · № 399-р
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июлундагы № 256-б (Соттук-укуктук реформанын алкагында өткөрүлүчү иш-чараларды натыйжалуу ишке ашыруу жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 20.07.2018 · № 256-р
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-августундагы № 298-б (Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин айыл чарба министрлеринин төртүнчү кеңешмесин өткөрүүгө өз убагында даярдык…Распоряжение · 27.08.2018 · № 298-р
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-июнундагы № 216-б (Социалдык-экономикалык объектилерди курууну жана реконструкциялоону өз убагында каржылоону камсыздоо жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 25.06.2018 · № 216-р
- 2018-жылдын 27-июнундагы № 225-б (Ирригациялык курулуштарды жана башка социалдык-экономикалык объектилерди. ошондой зле автомобиль жолдорун курууну жана реконструкциялоону өз…Распоряжение · 27.06.2018 · № 225-р
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-октябрындагы № 346-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө)…Распоряжение · 04.10.2018 · № 346-р
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 2022-VI "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө"…Постановление · 29.11.2017 · № 2022-VI
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-майындагы № 311 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын…Постановление
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 23-ноябрындагы № 2015-VI "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө"…Постановление · 23.11.2017 · № 2015-VI
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 186 «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.04.2018 · № 186
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 434 "Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана…Постановление · 18.09.2018 · № 434
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-ноябрындагы № 404-б "Республикалык бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелердин чыгымдык милдеттенмелерин оптималдаштыруу максаты жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 13.11.2018 · № 404-р
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 201 "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Электрондук өз ара аракеттенүү…Постановление · 11.04.2018 · № 201
- КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 24-майындагы № 1594-VI "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга Бюджеттик резолюциясы жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө" токтомуПостановление · 24.05.2017 · № 1594-VI
79 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (45)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-июнундагы № 222-б (Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусундагы мамлекеттик маанидеги иш-чаралардын чыгымдарын өз убагында каржылоону камсыз…Распоряжение · 25.06.2018 · № 222-р
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-августундагы № 281-б (Мамлекеттик бюджетке салыктарды жана төлөмдөрдү чогултуу жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 07.08.2018 · № 281-р
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-июнундагы № 224-б (Кошумча финансылык каражаттарды бөлүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 27.06.2018 · № 224-р
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-апрелиндеги № 137-б (Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине кошумча финансы каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 13.04.2018 · № 137-р
- Жаңы-Арык айылдык кеңешинин 2017-жылдын 26-декабрындагы №10/1 "Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата бюджетти бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.12.2017 · № 10/1
- КР 2018-жылдын 14- февралындагы № 52-б (Финансылык каражаттар бөлүп берүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 14.02.2019 · № 52-р
- КР Өкмөтүнун 2018-жылдын 7-августундагы № 279-б (Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 07.08.2018 · № 279-р
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23- июлундагы № 259-б (Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигин кошумча каржылоону камсыздоо жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 23.07.2018 · № 259-р
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 3-ноябрындагы № 388-б (Акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 03.11.2018 · № 388-р
- КР 2018-жылдын 21-сентябрындагы № 331-б "Биз XXI кылымдын интеллектуалдары" эл аралык конкурсун өткөрүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 21.09.2018 · № 331-р
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-сентябрындагы № 325-б (Бюджеттик мекемелердин атайын эсептеринде топтолгон каражаттарды натыйжалуу колдонуу жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 17.09.2018 · № 325-р
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-сентябрындагы № 328-б (Акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 19.09.2018 · № 328-р
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-августундагы № 304-б ("Ысык-Көл - Антитеррор-2018" биргелешкен антитеррористтик окуп-машыгууну уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 30.08.2018 · № 304-р
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-июнундагы № 227-б (Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ишин кошумча каржылоо жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 27.06.2018 · № 227-р
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-июнундагы № 223-б (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Маданият…Распоряжение · 25.06.2018 · № 223-р
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 205-б (Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик Ассамблеясынын (ЕККУ ПА) күзгү сессиясын Кыргыз Республикасында…Распоряжение · 20.06.2018 · № 205-р
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 14-б (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 22.01.2018 · № 14-р
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-мартындагы № 94-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине акча каражаттар бөлүп берүү жөнүндө)…Распоряжение · 27.03.2018 · № 94-р
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 3-мартындагы № 73-б (Бир жолку акчалай сыйлыктар төлөнүп берүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 03.03.2018 · № 73-р
- КР 2018-жылдын 21-июнундагы № 212-б (Кыргыз Республикасынын Президентинин Архивине кошумча финансы каражат бөлүп берүү жөнүндө)Распоряжение · 21.06.2018 · № 212-р
45 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.