Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
15-берене. Лицензияланууга тийиш болгон иштин түрлөрү
Күчүндө · 02.07.2026 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262
Иштин төмөнкү түрлөрү лицензияланууга тийиш:
1) электр энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү, сатуу, экспорттоо жана импорттоо (энергиянын жаңыланып туруучу булактарын пайдалануунун натыйжасында алынган электр энергиясын өндүрүүнү, ошондой эле 1000 кВт чейин кубаттуулукта жеке пайдалануу үчүн энергиянын кандай болбосун булактарынан электр энергиясын өндүрүүнү жана микрогенерациялоочу объекттерден электр энергиясын сатууну албаганда);
2) жылуулук энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү жана сатуу (энергиянын жаңыланып туруучу булактарын пайдалануунун натыйжасында алынган электр энергиясын өндүрүүнү, ошондой эле жеке пайдалануу үчүн энергиянын кандай болбосун булактарынан жылуулук энергиясын өндүрүүнү албаганда);
3) өсүмдүктүн чийки затынан биоэтанолду өндүрүштүк көлөмдө өндүрүүнү жана аны сатууну албаганда, мунайды жана жаратылыш газын кайра иштетүү;
4) жаратылыш газын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү жана сатуу;
5) этил спиртин өндүрүү жана жүгүртүү;
6) алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү (өндүрүү же сатуу максатында сактоо, дүң сатуу);
7) жеке менчик формасына негизделген саламаттык сактоо уюмдары жана жеке ишкерлер (жеке менчик формасында негизделген саламаттык сактоо уюмдарында, же болбосо жеке ишкерлерде жалдоо же эмгек келишими боюнча иштеген медицина кызматкерлеринин ишин кошпогондо) тарабынан жүзөгө ашырылуучу медициналык иш;
8) фармацевттик иш: дары каражаттарын өндүрүү, медициналык буюмдарды өндүрүү, дары каражаттарын жана/же медициналык буюмдарды дүңүнөн сатуу (дистрибуция), дары каражаттарын жана/же медициналык буюмдарды ташып келүү (импорттоо), дары каражаттарын жана/же медициналык бумдарды чекене сатуу, дары каражаттарын жана/же медициналык бумдарды даярдоо, саламаттык сактоо уюмдарында дары каражаттарын жана/же медициналык бумдарды сактоо жана берүү;
9) ветеринардык дары-дармек каражаттарын өндүрүү (даярдоо) жана сатуу;
10) (КР 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
11) телекоммуникация операторунун иши;
12) почта байланышы жаатындагы иш;
13) (КР 2025-жылдын 31-июлундагы N 180 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
131) (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 2-июлундагы № 101 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
14) (КР 2017-жылдын 4-майындагы № 75 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
15) шаар куруу, турак жай, коомдук жана өндүрүштүк имараттардын жана курулуштардын (I, II, III категориядагы объекттердин) долбоордук-изилдөө иштери;
16) жеке турак үйлөрдү (I, II, III категориядагы объекттерди) куруудан тышкары курулуш-куроо иштери;
17) автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу;
18) автомобиль транспорту менен эл аралык жүк ташуулар;
19) (КР 2022-жылдын 21-январындагы № 11 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
20) (КР 2022-жылдын 21-январындагы № 11 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
21) суу транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана (же) жүктөрдү ташуу;
22) ушул Мыйзамдын 2-беренесинин 4-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык банктык операцияларды жүргүзүү;
23) кредиттик союздардын иши;
24) микрокаржылык компаниялардын иши;
25) күрөөканалардын иши;
26) чет өлкөлүк накталай валюта менен алмашуу операцияларын жүргүзүү;
261) кредиттик бюронун иши;
262) турак жай-сактык кредиттик компанияларынын иши;
27) маалыматтык технологияларга жана электрондук каражаттарга жана төлөмдөрдү жүргүзүү ыкмаларына негизделген төлөм тутумдары аркылуу өзүнүн ишинин натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү үчүнчү жактардын пайдасына кабыл алуу жана эсептерди жүргүзүү боюнча кызматтарды көрсөтүү;
28) бул процессингдик, клирингдик борбордун төлөм тутумунун катышуучуларына үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептери боюнча каржылык маалыматты (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштетүү жана берүү боюнча кызматтарды көрсөтүү;
29) (КР 2015-жылдын 8-апрелиндеги № 74 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
30) (КР 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
301) оюн-зоок иши;
31) радиоактивдүү жана уулуу материалдарды, иондоштуруучу нурлануу заттарын жана булактарын, ошондой эле радиоактивдүү жана уулуу калдыктарды ташуу (анын ичинде трансчекаралык), сактоо, пайдалануу, көмүү, жок кылуу жана утилдештирүү;
32) аскердик багыттагы продукцияларды иштеп чыгуу, өндүрүү жана сатуу (курал-жарак, аскердик техника, аскердик-техникалык мүлк, документтер, интеллектуалдык иштин натыйжалары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аскердик багыттагы продукцияларга кирген аскердик-техника жаатындагы маалыматтар) жана аскердик багыттагы кызмат көрсөтүүлөр (курал-жарактарды, аскердик техниканы оңдоо, модернизациялоо, утилизациялоо, ошондой эле аларды ташуу, берүү жана сактоо боюнча иштер);
33) (КР 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
34) жарылуучу заттарды жана буюмдарды (анын ичинде пиротехникалык) сатуу;
35) куралдарды жана ок-дарыларды жасап чыгаруу, оңдоо, сатуу;
36) баңги заттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду иштеп чыгаруу, өндүрүү, даярдоо, кайра иштетүү, сактоо, берүү, сатуу, сатып алуу, пайдалануу, соода жүргүзүү жана бөлүштүрүү;
37) адвокаттык иш;
38) жеке нотариалдык иш;
39) камсыздандыруучу уюм тарабынан жүзөгө ашырылуучу өмүрдү ыктыярдуу топтомо менен камсыздандыруу;
40) камсыздандыруучу уюм тарабынан жүзөгө ашырылуучу өзүн ыктыярдуу камсыздандыруу;
41) камсыздандыруучу уюм тарабынан жүзөгө ашырылуучу мүлктү ыктыярдуу камсыздандыруу;
42) камсыздандыруучу уюм тарабынан жүзөгө ашырылуучу жоопкерчиликти ыктыярдуу камсыздандыруу;
43) камсыздандыруучу уюм тарабынан жүзөгө ашырылуучу камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү;
44) кайра камсыздандыруучу уюм тарабынан жүзөгө ашырылуучу камсыздандыруунун милдеттүү жана ыктыярдуу түрлөрү боюнча кайра камсыздандырууга кирүүчүлөр;
45) мамлекеттик эмес пенсиялык фонддун иши;
46) баалуу кагаздар рыногунда соода уюштуруу;
47) баалуу кагаздар рыногундагы брокердик иш;
48) баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү;
49) баалуу кагаздардын рыногундагы депозитардык иш;
50) баалуу кагаздар рыногундагы дилердик иш;
51) инвестициялык фонддун иши;
52) инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу;
53) (КР 2021-жылдын 29-ноябрындагы №143 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
54) банкроттук процессинин жол-жоболорун жүзөгө ашыруучу администраторлордун иши;
55) өрткө каршы автоматика каражаттарын долбоорлоо, куроо, жөндөө жана оңдоо, материалдарды, буюмдарды жана конструкцияларды оттон коргоо боюнча иштерди жүргүзүү, коргоо объекттеринин өрт коопсуздугун баалоо, өрттөрдүн чыгуу себептерин аныктоо;
56) билим берүү иши (жалпы (башталгыч, негизги жана орто) билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынан; өзгөчө статуска ээ болгон жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик билим берүү уюмдарынан; автомектептердин жана тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарынын ишин кошпогондо, менчигинин түрүнө карабастан мектепке чейинки жана кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарынан тышкары);
57) тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү куралдардын жана аскер техникасынын, ошондой эле аскердик багыттагы башка продукциялардын импорту, экспорту;
58) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү, Кыргыз Республикасынын контролдонуучу продукциясынын улуттук контролдук тизмесине киргизилген товарлардын импорту, экспорту, реэкспорту;
59) (КР 2022-жылдын 21-январындагы № 11 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
60) (КР 2022-жылдын 21-январындагы № 11 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
61) бир тараптуу тартипте убактылуу лицензиялоо киргизилген товарлардын импорту, экспорту;
62) виртуалдык активдер кызматтарын көрсөтүүчүлөрдүн иши.
63) лизинг иши;
64) камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу такафул исламдык принциби боюнча камсыздандыруу;
65) камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу аралаш камсыздандыруу;
66) камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу аннуитеттик камсыздандыруу.
(Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 179, 2015-жылдын 8-апрелиндеги № 74, 2015-жылдын 28-майындагы № 122, 2016-жылдын 28-июнундагы № 91, 2017-жылдын 4-майындагы № 75, 2017-жылдын 10-майындагы № 79, 2017-жылдын 23-майындагы № 84, 2017-жылдын 2-августундагы № 167, 2019-жылдын 18-июлундагы № 89, 2021-жылдын 18-июнундагы № 72, 2021-жылдын 27-октябрындагы № 124, 2021-жылдын 29-ноябрындагы №143, 2022-жылдын 21-январындагы № 11, 2022-жылдын 6-июнундагы № 42, 2022-жылдын 30-июнундагы № 51, 2022-жылдын 5-августундагы № 81, 2023-жылдын 7-августундагы № 165, 2023-жылдын 27-декабрындагы № 213, 2024-жылдын 19-мартындагы № 71, 2024-жылдын 29-июлундагы № 151, 2024-жылдын 6-декабрындагы № 195, 2025-жылдын 19-февралындагы № 41, 2025-жылдын 28-февралындагы № 49, 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 90, 2025-жылдын 31-июлундагы № 180, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262, 2026-жылдын 2-июлундагы № 101 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 02.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 31 июля 2025 года № 180 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в связи с принятием Цифрового кодекса Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 29 апреля 2025 года № 90 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Закон Кыргызской Республики "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике")Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 28 февраля 2025 года № 49 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере лицензионно-разрешительной системы"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 19 февраля 2025 года № 41 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 6 декабря 2024 года № 195 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам здравоохранения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 29 июля 2024 года № 151 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, Закон Кыргызской Республики "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 19 марта 2024 года № 71 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О финансовой аренде (лизинге)", "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике")"Редакцияларды салыштыруу
Дагы 18 өзгөртүү - документтин толук текстиндеги өзгөртүүлөр тарыхында
Берененин байланыштары
Берене боюнча Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул беренени колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2018-жылдын 14-февралындагы №02-р "Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) кайрылуусуна…Сот практикасы · Решение · 14.02.2018 · № 02-р
Беренеге цитата келтиргендер (37)
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-февралындагы № 40 "Телемедициналык кызмат көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу…Постановление · 15.02.2021 · № 40
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-июнундагы № 280 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини керектөөнүн кесепетинен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн (аэрозолдун)…Постановление · 06.06.2019 · № 280
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-сентябрындагы № 504 "Жеке менчик медициналык ишмердүүлүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 27.09.2019 · № 504
- Кыргыз Республикасында баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү чөйрөсүндө уруксаттамалоо жана уруксат берүү жөнүндө убактылуу ЖОБОПоложение · 22.07.2014
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 19-апрелиндеги № 153 "Өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу…Постановление · 19.04.2021 · № 153
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2018-жылдын 14-февралындагы №02-р "Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) кайрылуусуна…Решение · 14.02.2018 · № 02-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 746 "Электр жана почта байланышы жаатындагы ишти лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 31.12.2019 · № 746
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 20-июнундагы № 344 "Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу"…Постановление · 20.06.2016 · № 344
- КР Улуттук банк башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы № 2019-П-33/55-2-(НФКУ) "Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 01.11.2019 · № 2019-П-33/55-2-(НФКУ)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 247 "Агрохимикаттарды жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын (пестициддерди) жүгүртүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам…Постановление · 30.05.2019 · № 247
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-июлундагы № 64 "Банкроттук жана лицензиялык-уруксат берүү системасы жаатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым…Постановление · 08.07.2021 · № 64
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 535 "Автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 28.08.2025 · № 535
- Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 8-августундагы № 478 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо…Постановление · 08.08.2025 · № 478
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-марты № 202 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алкоголдук…Постановление · 30.03.2026 · № 202
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-июнундагы № 310 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Электр жана почта байланышы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык уруксат…Постановление · 13.06.2016 · № 310
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-октябры № 649 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 63 “Кыргыз Республикасынын…Постановление · 08.10.2025 · № 649
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-декабры № 772 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 “Кыргыз Республикасында автоунаа…Постановление · 03.12.2025 · № 772
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 498 "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 18.08.2017 · № 498
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-февралы № 97 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 «Кыргыз Республикасында автоунаа…Постановление · 13.02.2026 · № 97
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-майындагы № 274 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам чыгаруу актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.05.2017 · № 274
37 ичинен 20 көрсөтүлдү.
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (7)
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө"…Закон · 21.01.2022 · № 11
- Аудитордук иш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 29.11.2021 · № 143
- Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 02.07.2026 · № 101
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралууЗакон · 08.04.2015 · № 74
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Электр жана почта байланышы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Телекөрсөтүү жана…Закон · 04.05.2017 · № 75
- Лицензиялык-уруксат берүү тутуму чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 28.02.2025 · № 49
- Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 31.07.2025 · № 180
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205058/st-15" title="15-берене - Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>