Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
20-берене. Арыздарды кароонун жана лицензия жана (же) уруксат берүүнүн мөөнөттөрү
Күчүндө · 02.07.2026 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 31 декабря 2014 года № 179
1. Лицензия берүүчү Кыргыз Республикасына чектеш өлкөлөр менен эл аралык макулдашууну талап кылуучу радиожыштык спектрин пайдалануу укугуна лицензия берүүчү учурларды албаганда, бардык зарыл документтер менен арызды берген күндөн тартып отуз календардык күндөн кечиктирбестен лицензия жана (же) уруксат берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
2. Лицензия жана (же) уруксат берүү же аларды берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим лицензия берүүчүнүн тийиштүү актысы менен жол-жоболоштурулат.
3. Лицензиялоочу орган лицензия жана (же) уруксат берүү үчүн белгиленген мөөнөттө лицензия жана (же) уруксат берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдин кабыл алынгандыгы тууралуу арыз ээсине кабарлоого милдеттүү.
Лицензия жана (же) уруксат берүү же берүүдөн баш тартуу тууралуу кабар арыз ээсине жазуу жүзүндө жөнөтүлөт (тапшырылат).
4. Берилген лицензиялар жана (же) уруксаттар жөнүндө маалыматтар лицензия берүүчү тарабынан лицензияларды жана (же) уруксаттарды берүү жөнүндө тийиштүү чечимдин негизинде реестрге киргизилүүгө тийиш. Лицензия жана (же) уруксат ал жөнүндө маалыматтар реестрге киргизилген күндөн тартып расмий берилген болуп эсептелет. Лицензия берүүчү лицензия берген күнү лицензияны жана (же) уруксатты берүү жөнүндө маалыматты реестрге киргизет.
5. Ушул Мыйзамдын 15-беренесинин 36-пункту жана 17-беренесинин 11-пункту менен каралган лицензияларды жана уруксаттарды кошпогондо, эгерде лицензия берүүчү ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттөрдө арыз ээсине лицензия жана (же) уруксат берүүдөн баш тартылгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлабаса, анда лицензия жана (же) уруксат берилди деп эсептелинет. Лицензия берүүчү лицензияны жана (же) уруксатты берүү үчүн мөөнөт аяктаган датадан кийинки күндөн кечиктирбестен лицензия жана (же) уруксат берүү жөнүндө маалыматтарды реестрге киргизүүгө жана арыз ээсине суралып жаткан лицензияны жана (же) уруксатты берүүгө милдеттүү.
6. Арыз ээси белгиленген мөөнөттөрдө лицензия жана (же) уруксат берүүдөн баш тартууну же лицензиянын жана (же) уруксаттын өзүн албаган учурда, лицензия берүү үчүн белгиленген мөөнөт аяктаган датадан тартып отуз календардык күндүн ичинде лицензия берүүчүгө өзү билдирген иштин түрүн жүзөгө ашырууну баштагандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлайт.
(КР 2014-жылдын 31-декабрындагы № 179 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 02.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 31 декабря 2014 года № 179 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
31.12.2014 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жана (же) уруксатты берүү жөнүндө маалыматты реестрге киргизет.
5. алынып салынды: Эгерде кошулду: Ушул Мыйзамдын 15-беренесинин 36-пункту жана 17-беренесинин 11-пункту менен каралган лицензияларды жана уруксаттарды кошпогондо, эгерде лицензия берүүчү ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттөрдө … түрүн жүзөгө ашырууну баштагандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлайт.
кошулду: (КР 2014-жылдын 31-декабрындагы № 179 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (6)
- “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча тышкы экономикалык иштерди жүзөгө ашыруу үчүн документтерди тариздөөдө тышкы экономикалык иштин катышуучуларынын жана мамлекеттик органдардын…Инструкция · 17.11.2021 · № 35-1/3482
- "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча тышкы экономикалык иштерди жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын уруксат жана башка документтерди берүү тартиби…Положение · 20.04.2021 · № 157
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-сентябрынын № 432 "Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу курал жана аскердик техниканы транзит алып өтүү жөнүндө жобону бекитүү…Постановление · 24.09.2007 · № 432 · Күчүн жоготкон
- "Баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду иштеп чыгуу, өндүрүү, даярдоо, кайра иштетүү, сактоо, башкага берүү, сатуу, сатып алуу, пайдалануу…Положение · 13.06.2017 · № 362 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 60 токтомуПостановление · 29.01.2018 · № 60
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 60 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-сентябрындагы № 432 "Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу курал…Постановление · 29.01.2018 · № 60 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205058/st-20" title="20-берене - Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>