9-берене. Лицензиялардын жана уруксаттардын типтери
Күчүндө · 02.07.2026 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 19 февраля 2025 года № 41
Лицензиялар жана уруксаттар төмөнкү белгилер боюнча айырмаланат:
1) колдонуу убактысы боюнча:
а) мөөнөтсүз - колдонуу мөөнөтү чектөөсүз берилүүчү;
б) убактылуу - белгилүү бир мөөнөткө берилүүчү. Лицензияны колдонуу мөөнөтүн чектөө чектелген мамлекеттик ресурстарды пайдалануу жана тышкы соода ишин жүзөгө ашыруу лицензияларына карата, ошондой эле ушул Мыйзамдын 15-беренесинин 7, 17, 18, 32-35-пункттарында каралган лицензияларга жана 17-беренесинин 2, 12-14, 26, 27-1, 29 жана 31-пункттарында каралган уруксаттарга карата, ошондой эле атайын жөнгө салуу режимдеринин алкагында "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык Улуттук банк тарабынан берилүүчү лицензияларга карата гана берилет.
2) колдонуунун аймактык чөйрөсү боюнча:
а) колдонулушу Кыргыз Республикасынын бардык аймагына, ошондой эле эл аралык келишимдердин негизинде республиканын чегинен тышкары жайылтылат;
б) колдонулушу Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аймагы менен чектелген жана чектелген мамлекеттик ресурстарды пайдаланууга лицензияларга, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык, Улуттук банк тарабынан атайын жөнгө салуу режимдеринин алкагында берилүүчү лицензияларга, жеке нотариалдык ишти жүзөгө ашыруу лицензияларына карата, ошондой эле ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 12 жана 35-пункттарында каралган лицензияларга гана карата киргизилген;
в) колдонулушу лицензиялануучу ишти жүзөгө ашыруучу аймак менен чектелген жана ушул Мыйзамдын 15-беренесинин 7 жана 8-пункттарында каралган лицензияларга карата гана киргизилген;
3) ээликтен ажыратуу боюнча:
а) ээликтен ажыратылбагандар:
б) ээликтен ажыратылгандар (чектелген мамлекеттик ресурстарды пайдалануу лицензияларына гана карата киргизилет).
4) формасы боюнча:
а) кагаз жүзүндө жол-жоболоштурулган лицензия;
б) электрондук лицензия - электрондук документ түрүндө жол-жоболоштурулган лицензия.
5) иштин көлөмү жана укуктардын жыйындысы боюнча (товарларды экспорттоодо жана импорттоодо):
а) башкы лицензиялар;
б) бир жолку лицензиялар;
в) өзгөчө лицензиялар.
(Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 179, 2015-жылдын 21-майындагы № 109, 2017-жылдын 4-майындагы № 75, 2020-жылдын 22-апрелиндеги № 51, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 26-июнундагы № 103, 2024-жылдын 6-декабрындагы № 195, 2025-жылдын 19-февралындагы № 41, 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 02.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 19 февраля 2025 года № 41 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 6 декабря 2024 года № 195 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам здравоохранения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 26 июня 2024 года № 103 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "О нотариате")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 22 апреля 2024 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приведения в соответствие с банковским законодательством"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 22 апреля 2020 года № 51 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности", "Об инновационной деятельности", "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике")Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 4 мая 2017 года № 75 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "О телевидении и радиовещании")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 21 мая 2015 года № 109 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 31 декабря 2014 года № 179 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
19.02.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…лицензияларына карата, ошондой эле ушул Мыйзамдын 15-беренесинин 7, алынып салынды: 33-35-пункттарында кошулду: 17, 18, 32-35-пункттарында каралган лицензияларга жана 17-беренесинин 2, 12-14, 26, 27-1, 29 … башкы лицензиялар;
б) бир жолку лицензиялар;
в) өзгөчө лицензиялар.
алынып салынды: (КР кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 179, 2015-жылдын 21-майындагы № 109, … № 78, 2024-жылдын 26-июнундагы № 103, 2024-жылдын 6-декабрындагы № алынып салынды: 195 кошулду: 195, 2025-жылдын 19-февралындагы № 41, 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы № 369 “Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутуму тармагындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз…Постановление · 12.06.2017 · № 369
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы № 369 "Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутуму тармагындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү…Постановление · 13.06.2017 · № 369 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августундагы № 92 "Кыргыз Республикасынын Улуттук бапкы жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 11.08.2022 · № 92
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205058/st-9" title="9-берене - Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>