Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
29-берене. Лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну токтотуп туруу
Күчүндө · 02.07.2026 редакциясы · 4-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 6 декабря 2024 года № 195
1. Лицензия берүүчү лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну төмөнкүдөй учурда токтотуп турат:
1) лицензиялык талаптар бир жылдын ичинде үч жолу бузулганда;
2) лицензия берүүчүнүн жазуу жүзүндөгү эскертүүсүндө көрсөтүлгөн лицензиялык талаптарды лицензия алуучу бузгандыгы белгиленген мөөнөттө жоюлбаганда;
3) лицензия алуучу маалыматтары анык эмес документтерди бергендигинин фактылары аныкталганда;
4) лицензия алуучу адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, менчикке, коомдук жана мамлекеттик коопсуздукка зыян келтирүүнү болтурбоочу лицензиялык талаптарды бузганда;
5) ушул Мыйзамдын 15-беренесинин 7 жана 8-пункттарында каралган лицензияларга карата лицензия алуучунун ишинин натыйжасында адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна залал келтирүү фактысын белгилөө.
Лицензиялык талаптардын толук тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Ушул бөлүктүн 1-5-пункттарында каралган учурларда лицензияларды жана (же) уруксаттарды колдонуу бузуунун себептери жоюлганга чейин токтотулуп турат. Лицензия алуучу ушул бөлүктүн 1-5-пункттарында каралган бузууларды токсон календардык күндүн ичинде жоюуга милдеттүү.
2. Лицензия алуучу лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну токтотуп турууга алып келген лицензиялык талаптарды бузууларды ал жойгондугу жөнүндө лицензия берүүчүгө жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү.
3. Лицензияны колдонуу мөөнөтү аны колдонуу токтотулуп турган мезгилге узартылбайт.
4. Эгерде лицензия алуучу лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну токтотуп турууга алып келген лицензиялык талаптарды бузууларды белгиленген мөөнөттө жойбосо, лицензия жана (же) уруксат ушул Мыйзамдын 32-беренесинде каралган тартипте жокко чыгарылат.
5. Лицензия алуучу лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну токтотуп туруу жөнүндө чечимге "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.
(КР 2022-жылдын 21-январындагы № 11, 2024-жылдын 6-декабрындагы № 195 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 02.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 6 декабря 2024 года № 195 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам здравоохранения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 21 января 2022 года № 11 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "Об организации страхования в Кыргызской Республике")Редакцияларды салыштыруу
06.12.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…коопсуздукка зыян келтирүүнү болтурбоочу лицензиялык талаптарды алынып салынды: бузганда.
кошулду: бузганда;
5) ушул Мыйзамдын 15-беренесинин 7 жана 8-пункттарында каралган лицензияларга карата лицензия алуучунун ишинин натыйжасында адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна залал келтирүү фактысын белгилөө.
Лицензиялык талаптардын толук тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Ушул бөлүктүн алынып салынды: 1-4-пункттарында кошулду: 1-5-пункттарында каралган учурларда лицензияларды жана (же) уруксаттарды колдонуу бузуунун себептери жоюлганга чейин токтотулуп турат.
Лицензия алуучу ушул бөлүктүн алынып салынды: 1-4-пункттарында кошулду: 1-5-пункттарында каралган бузууларды токсон календардык күндүн ичинде жоюуга … тартипте даттанууга укуктуу.
(КР 2022-жылдын 21-январындагы № алынып салынды: 11 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 11, 2024-жылдын 6-декабрындагы № 195 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205058/st-29" title="29-берене - Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>