Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
31-берене. Лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну токтотуу
Күчүндө · 02.07.2026 редакциясы · 5-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики КР от 23 января 2026 года № 6
1. Лицензияны жана (же) уруксатты колдонуу төмөнкүдөй учурларда токтотулат:
1) лицензия алуучу лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну токтотуу жөнүндө арызы менен кайрылганда;
2) лицензия алуучунун иши токтотулганда;
3) юридикалык жак жоюлганда;
4) жеке жак белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылганда же ал каза болгондо;
5) лицензияны жана (же) уруксатты колдонуу мөөнөтү аяктаганда;
6) иштин айрым түрү иштин лицензиялануучу түрлөрүнүн тизмегинен алып салынганда;
7) аларды жүзөгө ашырууга лицензия жана (же) уруксат берилген иш-аракеттерди, операцияларды толук көлөмдө жүргүзгөндө;
8) лицензияны жана (же) уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
9) ушул Мыйзамдын 15-беренесинин 7 жана 8-пункттарында каралган лицензияларга карата лицензияда/тиркемеде көрсөтүлгөн иш жүзүндөгү дарекке ылайык келбеген дарек боюнча (географиялык аталышын өзгөртүү учурларын кошпогондо) ишти жүзөгө ашыруу.
10) саламаттык сактоо чөйрөсүндө кесиптик орто, жогорку, жогорку окуу жайынан кийинки жана (же) кошумча билим берүү программаларын ишке ашырган лицензия алуучу (билим берүү уюму) мамлекеттик аккредитациядан өтпөгөндө.
2. Лицензиялоочу органдын лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну токтотуу жөнүндө чечими лицензия алуучуга ал кабыл алынган күндөн тартып үч жумушчу күндөн кечиктирбестен жазуу жүзүндө жеткирилет.
3. Лицензияны жана (же) уруксатты колдонуу лицензиялоочу орган лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну токтотуу жөнүндө чечимди кабыл алган күндөн тартып, же болбосо лицензияны жана (же) уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып токтотулат.
(КР 2022-жылдын 21-январындагы № 11, 2024-жылдын 6-декабрындагы № 195, 2024-жылдын 6-декабрындагы № 195, 2026-жылдын 23-январындагы № 6 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 02.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики КР от 23 января 2026 года № 6 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сферах образования, науки и здравоохранения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 6 декабря 2024 года № 195 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам здравоохранения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 21 января 2022 года № 11 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "Об организации страхования в Кыргызской Республике")Редакцияларды салыштыруу
23.01.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…аталышын өзгөртүү учурларын кошпогондо) ишти жүзөгө ашыруу.
кошулду: 10) саламаттык сактоо чөйрөсүндө кесиптик орто, жогорку, жогорку окуу жайынан кийинки жана (же) кошумча билим берүү программаларын ишке ашырган лицензия алуучу (билим берүү уюму) мамлекеттик аккредитациядан өтпөгөндө.
2. Лицензиялоочу органдын лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну … № 11, 2024-жылдын 6-декабрындагы № 195, 2024-жылдын 6-декабрындагы № алынып салынды: 195 кошулду: 195, 2026-жылдын 23-январындагы № 6 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205058/st-31" title="31-берене - Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>