Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2025-жылдын 19-февралы № 41 "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 1030-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-берененин 2-бөлүгүнүн 12-пунктунда "(жеңил таксилерден тышкары)" деген сөздөр алып салынсын;
2) 9-берененин 1-пунктунун "б" пунктчасы "7," деген цифрадан кийин "17, 18," деген цифралар менен толукталсын;
3) 15-берененин 17-пунктунда "(жеңил таксилерди албаганда)" деген сөздөр алып салынсын.
2-берене
Ушул Мыйзам, расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирүүчү ушул берененин экинчи абзацын кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 21-февралындагы № 13 (3669) саны менен жарыяланды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2025-жылдын 22-январында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндөЗакон · 19.10.2013 · № 195
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндөЗакон · 19.10.2013 · № 195