Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
23-берене. Лицензияны жана (же) уруксатты кайра жол-жоболоштуруу
Күчүндө · 02.07.2026 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 6 декабря 2024 года № 195
1. Лицензияны жана (же) уруксатты кайра жол-жоболоштуруу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
1) юридикалык жакты кайра уюштуруу;
2) юридикалык жактын аталышынын өзгөрүүсү;
3) жеке жактын фамилиясынын, атынын, атасынын атынын өзгөрүүсү;
31) ушул Мыйзамдын 15-беренесинин 7 жана 8-пункттарында каралган лицензияларга карата лицензиялануучу ишти жүзөгө ашыруучу жердин географиялык аталышын (даректерин) өзгөртүү;
4) лицензиянын ээликтен ажыратылышы;
5) лицензияны жана (же) уруксатты колдонуу мөөнөтүнүн узартылышы.
6) юридикалык жакты кайра түзүмдөштүрүү.
2. Лицензияны жана (же) уруксатты кайра жол-жоболоштуруу үчүн негиздер пайда болгондо лицензия алуучу арыз менен кайрылууга милдеттүү.
3. Тийиштүү өзгөртүүлөрдү ырастоочу документтерди тиркөө, кайра жол-жоболоштуруунун негиздерин жана жаңы маалыматтарды көрсөтүү менен лицензияны жана (же) уруксатты кайра жол-жоболоштуруу жөнүндө арыз лицензия берүүчүгө лицензия алуучу тарабынан кайра жол-жоболоштуруу үчүн негиздер пайда болгон күндөн тартып он беш жумушчу күндөн кечиктирилбестен берилет.
4. Лицензияны жана (же) уруксатты кайра жол-жоболоштуруу лицензия берүүчү тарабынан тийиштүү арыз кабыл алынган күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде жүзөгө ашырылат. Лицензияны жана (же) уруксатты кайра жол-жоболоштурууда лицензия берүүчү реестрге тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизет.
5. Эгерде лицензия убактылуу болсо кайра жол-жоболоштурулган лицензиянын мөөнөтү мурдагы лицензияда көрсөтүлгөн колдонуу мөөнөтүнөн ашпашы керек.
(КР 2019-жылдын 31-декабрындагы № 150, 2024-жылдын 6-декабрындагы № 195 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 02.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 6 декабря 2024 года № 195 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам здравоохранения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР 31 декабря 2019 года № 150 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Трудовой кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "О банкротстве (несостоятельности)")"Редакцияларды салыштыруу
06.12.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жеке жактын фамилиясынын, атынын, атасынын атынын өзгөрүүсү;
кошулду: 31) ушул Мыйзамдын 15-беренесинин 7 жана 8-пункттарында каралган лицензияларга карата лицензиялануучу ишти жүзөгө ашыруучу жердин географиялык аталышын (даректерин) өзгөртүү;
4) лицензиянын ээликтен ажыратылышы;
5) лицензияны жана (же) … колдонуу мөөнөтүнөн ашпашы керек.
(КР 2019-жылдын 31-декабрындагы № алынып салынды: 150 кошулду: 150, 2024-жылдын 6-декабрындагы № 195 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (7)
- "Электрдик жана почта байланыш тармагындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө Убактылуу Жобо" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-сентябрындагы № 520 токтому…Положение · 02.09.2014 · № 520
- Кыргыз Республикасында билим берүү ишин лицензиялоо тартиби жөнүндө Убактылуу жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 334 токтому менен бекитилген)Временное положение · 23.07.2018 · № 334 · Күчүн жоготкон
- Банктык эмес финансылык рынок жаатында иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө Убактылуу жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-июлундагы № 497 токтому менен…Положение · 15.07.2015 · № 497 · Күчүн жоготкон
- Банктык эмес финансылык сектор жаатында иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 661 токтомуна ылайык) убактылуу…Временное положение · 12.12.2016 · № 661 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасында автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча билим берүү ишин лицензиялоо тартиби жөнүндө Жобо (КР Министрлер…Положение · 06.02.2023 · № 51 · Күчүн жоготкон
- "Баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду иштеп чыгуу, өндүрүү, даярдоо, кайра иштетүү, сактоо, башкага берүү, сатуу, сатып алуу, пайдалануу…Положение · 13.06.2017 · № 362 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасында билим берүү ишин лицензиялоо тартиби жөнүндө Убактылуу Жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 552 "Кыргыз…Временное положение · 07.10.2022 · № 552 · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205058/st-23" title="23-берене - Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>