Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
2-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
Күчүндө · 02.07.2026 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 31 июля 2025 года № 180
1. Ушул Мыйзам иштин, аракеттердин, операциялардын айрым түрлөрүн, анын ичинде чектелген мамлекеттик ресурстарды пайдалануу боюнча (мындан ары - иш) лицензиялоону жүзөгө ашыруу менен байланышкан аткаруу бийлик органдарынын, жеке жана юридикалык жактардын ортосунда келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салат.
2. Ушул Мыйзам лицензиялардын жана уруксаттардын толук тизмегин белгилейт.
3. Ушул Мыйзамдын колдонулушу төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
1) жеке жана (же) юридикалык жактардын ортосунда түзүлгөн келишимдердин алкактарында лицензияларды жана уруксаттарды берүү менен байланыштуу жарандык-укуктук мамилелерге;
2) мамлекеттик каттоо тутумуна;
3) квалификацияны жана кесипкөйлүк көндүмдөрдү баалоо тутумуна;
4) техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө ылайыктуулукту баалоо жаатына.
4. Ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн иштин түрлөрүн лицензиялоонун тартиби ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын ага карама-каршы келбеген бөлүгүнө ылайык жүзөгө ашырылат.
Лицензияларды берүү, токтотуп туруу, токтотуу (кайра чакырып алуу/жокко чыгаруу) тартибин кошуп алганда, банктардын, каржы-кредиттик уюмдардын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жөнгө салынуучу башка жактардын ишин лицензиялоонун тартиби жана өзгөчөлүктөрү, ошондой эле лицензиялык талаптар, лицензиялык контролдоо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө, төлөм, микрокаржылык иш жөнүндө, кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө, кредиттик союздардын, турак жай-сактык кредиттик компанияларынын иши жөнүндө, виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү иш жөнүндө, лизинг иши жөнүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндөгү башка жактардын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет. Лицензияларды берүү, узартуу, токтотуп туруу, токтотуу, өткөрүп берүү тартибин, ошондой эле лицензиялоо, лицензиялык контролдоо, жыйымдарды жана төлөмдөрдү алып коюу шарттарын кошуп алганда, жер казынасын пайдалануу укуктарын лицензиялоонун тартиби Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен жөнгө салынат. Тышкы соода чөйрөсүндөгү ишти лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү тышкы соода ишин жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Евразия экономикалык бирлигинин лицензиялоо чөйрөсүндөгү укугун түзүүчү эл аралык келишимдерге жана актыларга ылайык белгиленет. Телекоммуникация операторлорунун ишин лицензиялоонун, радиоэлектрондук каражаттарды эксплуатациялоо укугуна жыштыктарды ыйгаруунун тартиби жана өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Санарип кодекси жана ага ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актылары менен жөнгө салынат. Оюн-зоок ишин лицензиялоонун тартиби, анын ичинде лицензияны берүү, токто туруу, токтотуу (кайра чакыртып алуу/жоюу), кайра жол-жоболоо тартиби, ошондой эле лицензиялоо шарттары, лицензиялык контролдоо, жыйымдарды жана төлөмдөрдү алуу Кыргыз Республикасынын оюн-зоок иши жөнүндө мыйзамдары менен жөнгө салынат. Жумуш берүүчүлөрдүн арыздары боюнча чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга берилүүчү жумушка уруксаттарды жана Кыргыз Республикасынын жарандарын анын чегинен тышкары эмгекке орноштурууга уруксаттарды берүүнүн, узартуунун, токтотуп туруунун, жокко чыгаруунун, колдонулушун токтотуунун өзгөчөлүктөрү жана тартиби, ошондой эле уруксатты алуунун, төлөмдөрдү алууга контролду жүзөгө ашыруунун шарттары Кыргыз Республикасынын тышкы эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен жөнгө салынат. Жарандык авиация чөйрөсүндө уруксаттарды берүү, таануу, узартуу, колдонулушун токтотуп туруу жана жокко чыгаруу тартиби жана өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын аба мыйзамдары менен жөнгө салынат. Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын субъекттерин лицензиялоо тартиби, ошондой эле лицензиялоо, контролдоо, жыйымдарды жана төлөмдөрдү алуу шарттары "Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.
5. Евразия экономикалык коомдоштугунун алкагында үчүнчү мамлекеттер менен соодада Евразия экономикалык бирлигинин катышуучу-мамлекеттери тарабынан ташып келүүгө же ташып кетүүгө тыюу салуулар же чектөөлөр колдонулган товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген товарларды ташып келүүгө, ташып кетүүгө, транзитине карата Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү эл аралык келишимдерге жана актыларга ылайык, тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары жана чектөөлөр колдонулат.
6. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары баалуу кагаздарды (эл аралык облигацияларды жана глобалдык депозитардык тил каттарды кошуп алганда) эмиссиялоого, жайгаштырууга жана жүгүртүүгө катышуучу жана (же) Кыргыз Республикасынын аймагында номиналдык кармоочунун ролун аткаруучу чет мамлекеттердин аймагында баалуу кагаздар рыногунда кесиптик иштин бир же бир нече түрүн жүзөгө ашырууга укугу бар чет өлкөлүк финансылык уюмга ушул Мыйзамда каралган тартипте баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун лицензиясын алуу талап кылынбайт.
(КР 2014-жылдын 31-декабрындагы № 179, 2015-жылдын 30-апрелиндеги № 91, 2016-жылдын 28-июнундагы № 91, 2017-жылдын 4-майындагы № 75 2018-жылдын 14-мартындагы № 29 , 2019-жылдын 18-июлундагы № 89, 2022-жылдын 21-январындагы № 11, 2022-жылдын 30-июнундагы № 51, 2022-жылдын 5-августундагы № 81, 2024-жылдын 19-мартындагы № 71, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 , 2025-жылдын 10-июлундагы № 137, 2025-жылдын 31-июлундагы № 180 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 02.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 31 июля 2025 года № 180 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в связи с принятием Цифрового кодекса Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 10 июля 2025 года № 137 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам специальной финансовой инвестиционной территории "Тамчы" с особым правовым режимом и статусом"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 19 марта 2024 года № 71 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О финансовой аренде (лизинге)", "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 5 августа 2022 года № 81 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере виртуальных активов"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 июня 2022 года № 51 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам игорной деятельности"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 21 января 2022 года № 11 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "Об организации страхования в Кыргызской Республике")Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 июля 2019 года № 89 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О залоге", "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике")Редакцияларды салыштыруу
Дагы 5 өзгөртүү - документтин толук текстиндеги өзгөртүүлөр тарыхында
31.07.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…түзүүчү эл аралык келишимдерге жана актыларга ылайык белгиленет.
алынып салынды: Радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензиялоо, кошулду: Телекоммуникация операторлорунун ишин лицензиялоонун, радиоэлектрондук каражаттарды алынып салынды: пайдалануу кошулду: эксплуатациялоо укугуна алынып салынды: жыштык ыйгаруу тартиби, анын ичинде лицензияларды берүү, узартуу, токтотуп туруу, токтотуу, ажыратуу тартиби, ошондой эле лицензиялык талаптар, лицензиялык контролдоо, лицензиялык жыйымдарды кошулду: жыштыктарды ыйгаруунун тартиби жана алынып салынды: төлөмдөрдү алуу кошулду: өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын алынып салынды: электр байланышы чөйрөсүндөгү мыйзамдары кошулду: Санарип кодекси жана ага ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актылары менен жөнгө салынат.
Оюн-зоок ишин лицензиялоонун тартиби, анын … № 71, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 , 2025-жылдын 10-июлундагы № алынып салынды: 137 кошулду: 137, 2025-жылдын 31-июлундагы № 180 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (13)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана…Постановление · 27.11.2025 · № 760
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 20-июнундагы № 344 "Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу"…Постановление · 20.06.2016 · № 344
- КР Улуттук банк башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы № 2019-П-33/55-2-(НФКУ) "Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 01.11.2019 · № 2019-П-33/55-2-(НФКУ)
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндөЗакон · 05.10.2011 · № 161
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндөЗакон · 28.04.2008 · № 73
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-мартындагы № 143 "Бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу…Постановление · 24.03.2016 · № 143 · Күчүн жоготкон
- "Об утверждении Положения "О лицензировании деятельности жилищно-сберегательных кредитных компаний"Постановление · 14.11.2019
- "Об утверждении Правил регулирования деятельности жилищно-сберегательных кредитных компаний"Постановление · 14.11.2019
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-декабрындагы № 638 “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Күрөө жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат…Постановление · 26.12.2018 · № 638 · Күчүн жоготкон
- О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской РеспубликиЗакон · 12.09.1998 · № 121 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 24.07.2013 · № 156 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 647 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 16.09.2015 · № 647 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-октябрындагы № 455 «Экспорттук контроль чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»…Постановление · 04.10.2018 · № 455 · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (2)
- Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндөЗакон · 10.07.2025 · № 136
- Кыргыз РеспубликасынынКодекс · 31.07.2025 · № 178
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205058/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>