Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 30 июня 2022 года № 49 "О возобновляемых источниках энергии"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-06-30.
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 30-июнундагы № 49 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2008-жылдын 31-декабры № 283 Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө (КР 2011-жылдын 10-октябрындагы № 167, 2012-жылдын 3-августундагы № 148, 2012-жылдын 10-октябрындагы №170, 2016-жылдын 25-июлундагы № 136 , 2019-жылдын 8-июлундагы N 83 , 2019-жылдын 24-июлундагы N 99 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Бул Мыйзам мамлекеттин, энергиянын кайра жаралуучу булактарын өндүрүүчүлөрдүн, берүүчүлөрдүн жана керектөөчүлөрдүн мамилелеринин укуктук, уюштуруучулук, экономикалык жана финансылык негиздерин, жөнгө салуу механизмдерин, энергиянын кайра жаралуучу булактарын өндүрүү үчүн жабдууларды, пайдалануу үчүн түзүлүштөрдү белгилейт.
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Бул Мыйзамдын максаты Бул Мыйзамдын максаты энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү жана пайдалануу, энергетикалык структураны өркүндөтүү, энергетикалык ресурстарды диверсификациялоо, калктын социалдык абалын жакшыртуу, Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу, айлана-чөйрөнү коргоо жана экономиканы туруктуу өнүктүрүү болуп саналат.
2-берене
2-берене. Бул Мыйзамды жөнгө салуу объекттери Бул Мыйзамдын жөнгө салуу объекттери жылуулукту, электр энергиясын жана энергиянын кайра жаралуу булактарын пайдалануу менен отунду өндүрүү, керектөө жана сатуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында энергиянын кайра жаралуу булактары тармагындагы жабдууларды жана технологияларды өндүрүү жана берүү болуп эсептелет. Тарифтик жеңилдиктерди караган ушул Мыйзамдын жоболору энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен жаңы объекттерге жайылтылат. (КР 2019-жылдын 24-июлундагы N 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-берене
3-берене. Негизги түшүнүктөр жана терминдер Бул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат: биомасса - байкоо жүргүзүү мезгилинде биогеоценоздо болгон өсүмдүк жана жаныбарлар организмдеринин жыйынды массасы; кайра жаралуучу энергия - энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу аркылуу, анын ичинде кайра жаңылоочу отундан алынган экологиялык жактан таза энергия; энергиянын кайра жаралуучу булактары - энергиянын үзгүлтүксүз кайра жаралуучу түрлөрүнүн булактары:
- күндүн, Жердин энергиялары, ваакумдун энергиясы, шамалдын энергиясы, суу энергиясы;
- кенсиз жана көмүртексиз жаралган энергиянын булактары, бардык органикалык калдыктардын жана/же материалдардын биомассасынын таралуу (ачыган) энергиясы;
- жылуулуктун калдык энергиясы (градирнилер, трансформатор подстанциялары, башка өнөр жай түзүлүштөрү жана агрегаттары, алардын иштөөсүнүн натыйжасында жылуулуктун калдык энергиясы чыгат);
кайра жаралуучу отун - кайра жаралуучу булактардан, биомассадан жана органикалык же жаратылыштык сырьедон жана/же ар түрдүү булактан алынган отун; энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу - кайра жаралуучу энергияны кайра өзгөртүп түзүүгө, топтоого, бөлүштүрүүгө жана керектөөгө багытталган иш-аракеттердин жыйындысы, ошондой эле ошол иш-аракеттерди материалдык-техникалык камсыздоо; күндүн энергиясы - күндүн радиациясын пайдалануудан алынган энергия; тармак (электр жана/же жылуулук, газ) - электр жана жылуулук энергиясын ташуу жана/же бөлүштүрүү жана кайра бөлүштүрүү боюнча техникалык каражаттардын жыйындысы; биогаз түзүлүшү - газды, андан чыккан жылуулукту жана органикалык жер семирткичтерди өндүрүү үчүн органикалык калдыктарды жана ыплас агындыларды анаэробдук ачытуучу жабдуулар системасы; энергиянын кайра жаралуучу булактарынан өндүрүлгөн электр энергиясы - жалаң гана энергиянын кайра жаралуучу булактарынан алынган электр энергиясы; шамалдын энергиясы - шамалдын энергетикалык мүмкүнчүлүгүнөн алынган энергия; гидроэнергия - суунун энергиясын пайдалануу менен гидроэнергетикалык агрегаттардан өндүрүлгөн энергия; адаттагы энергия - кайра жаралбоочу энергетикалык ресурстардан алынган энергия, атап айтканда көмүртектин сырьесунан алынчу (көмүр, мунай, газ) жана 30 жана андан ашык мегаватт менен белгиленген гидроэлектр станциялардын энергиясы; күн нуруна орнотмо - күндүн энергиясын пайдаланып жылуулук же электр энергиясын алуу үчүн орнотулган жабдуу тутуму; ылайык сертификаты - сертификаттоо укугунун базасында берилген жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын жана отунду керектүү түрдө идентификациялоонун стандарттарына же башка ченемдик документтерге ылайык келгенин тастыктап көрсөтүүчү документ; кайра жаралуучу энергияны керектөөчү - кайра жаралуу булактарын өздөштүрүү жолу менен алынган энергиянын негизинде техникалык каражаттарды жана түзүлүштөрдү пайдаланып иш алып баруучу юридикалык же жеке жак; энергиянын кайра жаралуучу булактарын долбоорлоодогу, өндүрүүдөгү, монтаждоодогу жана эксплуатациялоодогу жеңилдиктер - энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндө алектенген юридикалык жана жеке жактарга салыктарды төмөндөтүү, бажы алымдарынан, төлөмдөрдөн бошотуу, мамлекет тарабынан жана даректүү мүнөздө болгон пайдалуу кредиттерди берүү формасындагы жеңилдиктерди берүү; энергиянын кайра жаралуучу булактарын диверсификациялоо - энергиянын кайра жаралуучу булактарында анын жаңы түрлөрүн өздөштүрүүнүн эсебинен өндүрүштүн ишмердүүлүгүн кеңитүү; (абзац КР 2016-жылдын 25-июлундагы N 136 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) жеңилдик мезгили - жогорулатуучу коэффициенттерди колдонуу менен, энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануучу орнотмолор үчүн тарифтин колдонуу мөөнөтүнүн мыйзамда белгиленген жеткен чеги."; ЭКБ кубаттуулуктарын квоталоо - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан орнотмолордун суммалык электр кубаттуулугун региондор боюнча жана энергиянын кайра жаралуучу булактарынын түрлөрү боюнча белгилүү бир мезгилге белгилөө. Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын жана жабдуулардын келтирилген тизмеси толук деп эсептелбейт жана энергиянын кайра жаралуучу булактарынын жана энергетикалык натыйжалуулуктук тармагындагы илим жана технологиялар өркүндөгөн сайын тизме кеңейе бериши мүмкүн. (КР 2011-жылдын 10-октябрындагы № 167, 2016-жылдын 25-июлундагы № 136 , 2019-жылдын 24-июлундагы N 99 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
4-берене. Кыргыз Республикасынын энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө мыйзамдары Кыргыз Республикасынын энергиянын кайра жаралуучу булактары (мындан ары ЭКБ) жөнүндө мыйзамдары ушул Мыйзамдан, башка мыйзамдардан жана башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишим менен бул Мыйзамда каралгандан башка ченемдер белгиленсе, анда эл аралык келишимдин ченемдери колдонулат.
5-берене. Бул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү Бул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү Кыргыз Республикасында ЭКБны пайдалануу менен байланышкан мамилелерди, анын ичинде төмөнкүлөрдү жөнгө салуу болуп эсептелет:
- ЭКБнын потенциалын изилдөө;
- ЭКБны пайдаланууга экономикалык жактан өбөлгө түзүү;
- ЭКБны өндүрүү, ташуу, кайра түзүү, сактоо жана пайдалануу үчүн энергетикалык түзүлүштөрдү, машиналарды, жабдууларды жана продукцияларды иштеп чыгуу, өндүрүү, ташып келүү жана пайдалануу;
- кайра жаралуучу ресурстарды пайдалануу аркылуу энергия алып жүрүүчүлөрдү жана механикалык энергияны өндүрүү;
- ЭКБ энергиясын пайдаланууну көбөйтүүгө багытталган уюштуруу, илим-изилдөө, долбоордук, эксперттик, конструктордук, курулуш жана жөнгө салуу ишмердигин жүзөгө ашыруу.
2-глава. ЭКБ тармагында мамлекеттик башкаруунун негиздери
6-берене. ЭКБ тармагындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптери ЭКБ тармагындагы мамлекеттик саясат төмөнкүдөй принциптерге негизделет:
- энергиянын кайра жаралуу тармагындагы мамлекеттик саясаттын милдеттери энергиянын кайра жаралуу үлүшүн жогорулатуу, атаандаштыкка жарамдуу энергетикалык тутумду өнүктүрүү жана айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуу аркылуу энергетикалык коопсуздукту бекемдөөдө турат;
- энергиянын кайра жаралуу тармагындагы мамлекеттик саясат улуттук жана регионалдык программалардын алкагында ишке ашырылат;
- энергиянын кайра жаралуу секторун өнүктүрүүгө багытталган айлана-чөйрөнү коргоону жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууну камсыздоо, калктын ден-соолугун коргоону жана иш чараларды ишке ашырууда эмгекти коргоону камсыз кылуу;
- ЭКБны пайдаланууга мамлекеттик колдоо көрсөтүү;
- ЭКБнын отун-энергетикалык балансына киргизүү максатында ЭКБ өндүрүүчүлөрдүн (керектөөчүлөрдүн) экономикалык кызыгуусун камсыз кылуучу укуктук жана финансы-экономикалык механизмдеринин тутумун түзүү;
- инвестицияларды тартуу жана ишмердикти колдоо;
- ЭКБ иштеп чыгарган энергиянын сатылышына кепилдик берүү;
- ЭКБ жана кайра жаралуучу отун чөйрөсүндө жасалма монополия түзүү шарттарын жоюу менен ЭКБны пайдалануучу системалардын атаандаштыкка жарамдуулугун камсыздоо;
- ЭКБ тармагындагы техникалык жана технологиялык жетишкендиктерди маалыматтык камсыздоо;
- ЭКБны өздөштүрүү процессине коомчулукту жана илимий-техникалык потенциалды кеңири тартуу;
- энергияны берүү же адаттагы энергияны алмаштыруу максатында электр энергетикалык тармактын субъекттери менен ЭКБ өндүрүүчүлөрдүн (керектөөчүлөрдүн) кызматташтыгын колдоо;
- электр жана жылуулук энергияны борборлоштуруудан ажыратууга жана автономдук генерациялоого багытталган иш-аракеттерин колдоо;
- ЭКБны пайдаланууга жана жабдууларын өндүрүүгө калкты катыштыруу;
- ЭКБ тармагындагы ведомстволор аралык жана секторлор аралык кызматташтыкты камсыздоо.
7-берене. ЭКБны пайдаланууну алдыга жылдыруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ЭКБны пайдаланууну алдыга жылдырууну төмөнкүлөр аркылуу ишке ашырат:
- ЭКБны өздөштүрүүдө артыкчылыктарды аныктоо;
- өндүрүш процессинде жана кайра жаралуучу отунду пайдалануудан улам айлана-чөйрөнү бузган калдык заттарды, скважиналарды кошкондо ЭКБны өздөштүрүү процессинде экологиялык таза технологияларды же таштандылардын төмөн же коопсуз деңгээли менен технологияларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча мыйзамдарда каралган экономикалык механизмдердин жана өбөлгө түзүүчү чаралардын кепилденген иштеши;
- шаарларда, ошондой эле айылдарда энергетикалык сервисти жана жергиликтүү өндүрүштүн иштешин, калктын жашоосун камсыздоо үчүн көз карандысыз кайра жаралуучу энергия системасын курууну колдоо;
- ысык суу менен камсыздоо, жылытуу, муздатуу жана электр энергиясын иштеп чыгаруу үчүн күн энергиясы системаларынын жабдууларын орнотуу жана пайдалануу ишин колдоо;
- айыл чарба өндүрүшүнүн жана кайра иштетүү өнөр жайынын органикалык калдыктарын сарамжалдуу пайдалануу үчүн биогаз түзүлүштөрүнүн тармактарын орнотууну жана түзүүнү колдоо;
- ЭКБны пайдалануу, түзүлүүчү системаларды оңдоо жана тейлөө боюнча жасалгаларды туруктуу өндүрүүнү камсыз кылуучу сервистик борборлорду түзүүнү колдоо.
8-берене
8-берене. ЭКБ жаатындагы мамлекеттик башкаруу ЭКБ жаатындагы мамлекеттик башкаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан алардын функцияларына ылайык жана төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат:
- тиешелүү ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу;
- каржылоонун ички жана тышкы булактарын кароочу ЭКБ жаатындагы жалпы мамлекеттик программаларды иштеп чыгуу, ишке ашыруу жана аткаруу;
- ЭКБ потенциалын пайдаланууну эске алуу менен энергетикалык тармакты реформалоо;
- ЭКБны пайдаланууну өнүктүрүүгө жана ЭКБнын жабдууларын өндүрүүгө түрткү берүүчү укуктук механизмдерди, ошондой эле ченемдик-укуктук документтерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- ЭКБ энергиясынын потенциалын жана пайдаланылышын баалоо;
- кубаттуулуктарды квоталоону иштеп чыгуу жана бекитүү;
- ЭКБны пайдалануу боюнча объекттерди жайгаштыруу үчүн шарттарды аныктоо;
- кайра жаралуучу энергетикалык ресурстарды баалоо менен статистикалык эсепке алууну камсыз кылуу жана кайра жаралуучу энергия жана отун жаатындагы иштерди жүзөгө ашыруучу субъекттердин реестрин жүргүзүү;
- ЭКБны өнүктүрүү жаатында окутууну уюштуруу жана илимий-техникалык прогресске көмөк көрсөтүү;
- ЭКБны пайдалануу жана өнүктүрүү боюнча эл аралык илимий-техникалык кызматташууну, эл аралык программаларга катышууну камсыз кылуу;
- ЭКБны өздөштүрүү процессине коомдук жана илимий-техникалык уюмдарды тартууга көмөк көрсөтүү;
- ЭКБны пайдалануу боюнча долбоорлордун жеңилдик мезгилинин колдонулушун 10 жылдан ашык эмес мөөнөткө белгилөө;
- ээлери жеңилдик мезгили боюнча тарифтик преференцияга талапкер болбогон, кубаттуулуктарды квоталоо алкагынан тышкары курулган ЭКБ пайдалануу менен орнотмолор үчүн өзүн-өзү актоо мезгилин колдонуу мөөнөтүн белгилөө.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан конкурстук тандоо жүргүзүүгө бөлүнгөн жер участогу жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан даярдалган энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен электр энергетикалык орнотмону куруу долбооруна алдын ала техникалык-экономикалык негиздеме болгондо гана жол берилет. (КР 2019-жылдын 24-июлундагы N 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-1-берене. ЭКБны пайдаланууну өнүктүрүү жана колдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын компетенциясы Ыйгарым укуктуу орган:
- ЭКБны пайдаланууну колдоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырат;
- ЭКБны өнүктүрүү жана пайдалануу программасын иштеп чыгат;
- ЭКБны пайдалануу боюнча объектти курууга инвестициялоо ниети жөнүндө макулдашууларды түзүүгө укуктуу;
- ЭКБны пайдалануу боюнча объекттерди куруу үчүн жер участокторун резервдөөгө укуктуу;
- жер комиссиясынын ишин демилгелөөгө укуктуу, ЭКБны пайдалануу боюнча объекттерди курууга жер участокторун берүү маселесин кароого катышат;
- ЭКБны пайдалануу боюнча энергетикалык орнотмолорду курууга конкурстук тандоо жарыялоого укуктуу;
- ЭКБны пайдалануу боюнча объекттерди курууга конкурс өткөрүүдө инвесторлор тарабынан кепилдик милдеттенмелерди аткаруунун сакталышын контролдоону жүзөгө ашырат;
- ЭКБны пайдалануу боюнча объекттерди куруу үчүн бөлүнгөн жер участокторун максаттуу пайдаланууга мониторинг жүргүзүү жана контролдоо маселелери боюнча мамлекеттик суу администрациясы жана башка ыйгарым укуктуу органдар менен өз ара аракеттенет;
- жер участогунун максаттуу арналышын бузуу менен пайдаланылган же болбосо ЭКБны пайдалануу боюнча объектини куруу үчүн берилген жер участогу 3 жылдын ичинде пайдаланылбаган учурларда жер участогун пайдалануу укуктарын токтотуу (жокко чыгаруу) жол-жоболорун демилгелөөгө укуктуу;
- мамлекеттик органдарда ЭКБны пайдалануу боюнча объекттерди куруу долбоорлорунун макулдашуу жол-жоболорун өткөрүүдө инвесторлорго юридикалык жана уюштуруучулук жардамды берүүгө укуктуу;
- энергетика жаатындагы мыйзамдарга ылайык энергия берүүчү уюмдардын электр жана (же) жылуулук тармактарына ЭКБны пайдалануу боюнча объекттерди туташтыруусуна мониторингди жана контролдоону жүзөгө ашырат;
- ЭКБнын энергетикалык потенциалын, аларды өздөштүрүү деңгээлин жана Кыргыз Республикасында энергия өндүрүүнүн жалпы көлөмүндөгү анын электр жана жылуулук энергия өндүрүүсүнүн үлүшүн эсептөөнү жана талдоону; ЭКБны пайдалануу менен электр энергияны өндүрүү көлөмүнүн максаттуу көрсөткүчтөргө ылайык келишин аныктоо жолу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте ЭКБны пайдалануу мониторингин жүзөгө ашырат;
- ЭКБны пайдалануу жаатында эл аралык кызматташууну жүзөгө ашырат.
(КР 2019-жылдын 24-июлундагы N 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
9-берене
9-берене. ЭКБ тармагынын ишин лицензиялоо (КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-глава. ЭКБ тармагындагы экономикалык жана уюштуруу-укуктук механизмдер
10-берене. ЭКБны пайдалануу боюнча түзүлүштөрдү жасоо, сатып алуу жана эксплуатациялоо ЭКБны пайдалануу боюнча түзүлүштөрдү жасоо, сатып алуу жана эксплуатациялоо Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуучу мыйзамдардын жана техникалык регламенттердин талаптары сакталган учурда ар кандай юридикалык жана жеке жак тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн. Имараттарды долбоорлоо боюнча иштеген уюмдар долбоорлорду даярдоо учурунда күндүн энергиясын жана ЭКБнын башка булактарын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн караштыруу сунуш кылынат.
11-берене. ЭКБны пайдалануу боюнча программаларды жана долбоорлорду каржылоо ЭКБны өнүктүрүүгө жана пайдаланууга багытталган илимий жана техникалык изилдөөлөрдү каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен, Кыргыз Республикасынын тиешелүү жылга республикалык бюджети жөнүндө мыйзамында каралган каражаттардын чектеринде жүргүзүлөт.
12-берене
12-берене. ЭКБны пайдаланууга өбөлгө түзүүнүн экономикалык жана уюштуруу-укуктук механизмдери ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыккан электр жана жылуулук энергиясын өндүрүүчүлөр жана ушул энергияны керектөөчүлөр төмөнкүдөй преференцияларга ээ:
- ЭКБнын негизинде иштөөчү техникалык каражаттарды жана түзүлмөлөрдү өндүрүүчү же кайра жабдуучу жеке жана юридикалык жактар үчүн преференциялар берилет;
- ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыккан электр жана жылуулук энергиясын өндүрүүчүлөр үчүн салык жана бажы мыйзамдарында каралган салык жана бажы жеңилдиктери;
- ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыккан, орнотмонун ээси тарабынан жеке муктаждыктарына пайдаланылбаган жана келишимдик негизде башка керектөөчүлөргө сатылбаган бардык электр энергиясы, ЭКБны пайдалануу боюнча ушул орнотмо кайсы электр энергетикалык компаниянын тармагына кошулганына карабастан, ЭКБны пайдалануу боюнча орнотмо жайгашкан администрациялык-аймактык түзүлүштөгү эң ири бөлүштүрүүчү ишкана тарабынан сатып алынууга тийиш;
- газ түтүктөрүнүн жана жылуулук тармактарынын стандарттарына жана талаптарына ылайык келүүчү газ жана газ түрүндөгү кайра жаралуучу отун газ түтүктөрү жана жылуулук тармактары менен иштөөчү уюмдардын системасына киргизилүүгө тийиш;
- улуттук стандартка ылайык келүүчү суюк биологиялык отун уюмдарга отун сатуу системасына киргизилиши керек;
- ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыккан электр энергиясын берүү жана төлөө жеңилдик мезгилин колдонуу мөөнөтүндө түзүлгөн электр энергияны жеткирип берүү келишимине ылайык артыкчылык тартибинде жүзөгө ашырылат. Жеткирип берүү келишиминин типтүү формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет;
- кубаттуулуктарды квоталоо алкагынан тышкары курулган, ЭКБны пайдалануу менен орнотмолор үчүн өзүн актоо мезгилин колдонуу мөөнөтүнүн ичинде алар тарабынан иштелип чыгуучу электр энергиясына тариф электр энергетикалык компаниялардын транзитинин кызмат көрсөтүүлөрүн чыгарып таштоо менен акыркы керектөөчүлөр үчүн максималдуу тарифтин деңгээлинде белгиленет;
- кубаттуулуктарды квоталоо алкагынан тышкары курулган, ЭКБны пайдалануу менен орнотмолордо иштелип чыгуучу электр энергиясына тариф жеңилдик мезгилин колдонуу мөөнөтүнүн ичинде ушул берененин он биринчи - он бешинчи абзацтары менен аныкталуучу ЭКБны пайдалануу менен орнотмонун ар бир түрү боюнча акыркы керектөөчүлөр үчүн максималдуу тарифти тиешелүү коэффициентке көбөйтүү жолу менен белгиленет;
- ЭКБны пайдалануу менен орнотмонун ар бир түрү боюнча акыркы керектөөчү үчүн максималдуу тарифке карата коэффициенттер, эгерде алар кубаттуулуктарды квоталоо алкагында курулган учурда, жеңилдик мезгилинин ичинде төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:
суу энергиясын пайдалануучу орнотмолор үчүн коэффициент 1,3кө барабар; күн энергиясын пайдалануучу орнотмолор үчүн коэффициент 1,3кө барабар; биомасса энергиясын пайдалануучу орнотмолор үчүн коэффициент 1,3кө барабар; шамал энергиясын пайдалануучу орнотмолор үчүн коэффициент 1,3кө барабар; жер энергиясын пайдалануучу орнотмолор үчүн коэффициент 1,3кө барабар;
- акыркы керектөөчүлөр үчүн электр энергиясынын максималдуу тарифинин чоңдугу электр энергиясына болгон тарифтик саясатка жараша өзгөрөт;
- ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыгуучу электр энергиясына болгон тариф өзүн-өзү актоо мезгилин же жеңилдик мезгилин колдонуу мөөнөттөрү аяктагандан кийин, электр энергиясын иштеп чыгууга негиздүү сарптоолор жана адилет пайданын элементи эске алынган эсептөөлөрдүн негизинде, отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ар бир станция үчүн өзүнчө белгиленет;
- бөлүштүрүүчү ишканалардын ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыккан электр энергиясын сатып алууга кошумча сарптоолорун компенсациялоо, акыркы керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына болгон жалпы улуттук тарифти эсептөөдө жана белгилөөдө эске алышат;
- электр энергетикалык компаниянын тармагына кошконго чейинки электр берүү чубалгыларын куруу боюнча бардык сарптоолорду ЭКБны пайдалануу боюнча орнотмонун ээси тартат;
- ЭКБны пайдалануучу объекттерди кошуу үчүн бөлүштүрүүчү ишканалардын балансында турган иштеп жаткан электр жана жылуулук тармактарын кеңейткен жана реконструкциялаган учурда, бөлүштүрүүчү ишканалар ЭКБны пайдалануу боюнча орнотмолордун ээлерине материалдарды сатып алуу, энергия жабдууларын орнотуу жана оңдоо боюнча материалдык сарптоолордун ордун толтурат;
- бардык электр энергетикалык компаниялар, белгиленген стандарттарга ылайык келген шартта, иштеп чыккан электр энергиясын тармактарга берүү үчүн өз тармактарына ЭКБны пайдалануу менен электр энергиясын өндүрүүчүлөрүн басмырлоосуз жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга тийиш;
- ЭКБны пайдалануучу орнотмону кошуу тармактарга кошуу боюнча сарптоолор эң аз болгон ошол электр энергетикалык компаниянын тармактарына карата жүргүзүлүүгө тийиш;
- улуттук электр тармактары жана бөлүштүрүүчү ишканалар өндүрүүчүлөрдөн керектөөчүлөргө чейин ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыккан электр энергиясынын тоскоолдуксуз транзитин камсыз кылышат.
- жеткирип берүүлөрдүн диспетчердик графиктерин түзүүдө - ЭКБны пайдалануучу объекттерден жеткирип берүүлөр Кыргыз Республикасынын бирдиктүү электр энергетикалык системасынын электр тармагындагы электр энергиясын керектөөлөр аларга артыкчылык тартибинде киргизилет.
(КР 2019-жылдын 24-июлундагы N 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
13-берене. ЭКБ боюнча ишмердикти маалыматтык жактан камсыздоо ЭКБ энергиясы маселелери боюнча ишмердикти маалыматтык жактан камсыздоо энергетика каражаттары боюнча мамлекеттик башкаруу органы тарабынан төмөндөгүлөр аркылуу жүргүзүлөт:
- ЭКБны пайдалануунун улуттук жана региондук программаларын кеңири талкуулоо;
- ЭКБ чөйрөсүндөгү көрсөтмөлүк долбоорлорду түзүү боюнча ишти координациялоо;
- ЭКБны пайдалануу артыкчылыгы менен аймакка администрациялык-аймактык бирдиктердин зонасын түзүү;
- ЭКБ чөйрөсүндөгү технологиялардын жана жабдуулардын көргөзмөсүн уюштуруу;
- ЭКБнын пайдалануучуларына жана өндүрүүчүлөрүнө аны өндүрүү жана пайдалануу маселелери боюнча маалыматтарды берүү;
- жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу ЭКБны өндүрүүнү жана пайдаланууну пропагандалоо.
14-берене
14-берене. Энергиянын кайра жаралуу чөйрөсүндөгү ишмердикти илимий камсыздоо Энергиянын кайра жаралуу чөйрөсүнүн илимий ишмердигин Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясы камсыз кылат, анын ичинде:
- ЭКБны өздөштүрүү чөйрөсүндөгү эл аралык илимий жана илимий-техникалык программаларды, ошондой эле аларды ишке ашыруунун жана көзөмөлдөөнүн механизмдерин иштеп чыгат;
- мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылануучу изилдөө жана инновациялык долбоорлор боюнча конкурстарды уюштурат;
- кайра жаралуучу энергияны өздөштүрүү чөйрөсүндөгү илимий жана инновациялык жетишкендиктерди жайылтат;
- ЭКБ чөйрөсүндө жүзөгө ашырылган мамлекеттик программаларды, изилдөө долбоорлорун ишке ашыруу жагындагы отчетторду карайт жана изилдөөлөрдүн, сынактардын жана текшерүүлөрдүн илимий деңгээлин баалайт;
- ЭКБ чөйрөсүндө жаңы материалдарды, техникаларды жана технологияларды түзөт;
- ушул чөйрөдөгү программаларды жайылтуунун жана жүзөгө ашыруунун жүрүшү жөнүндө жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалымат сунуш кылат.
(КР 2011-жылдын 10-октябрындагы № 167 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
15-берене
15-берене. Энергетикалык ресурстардын жана статистиканын мамлекеттик реестри ЭКБнын энергия булактарын иштеп чыгаруу, өндүрүү, ташып кирүү, кайра иштетүү, кайра түзүү, ташуу, сактоо жана пайдалануу тууралуу маалымат расмий статистика жаатындагы мамлекеттик орган тарабынан эсепке алынууга жатат. (КР 2019-жылдын 8-июлундагы N 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
16-берене
16-берене. Бул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик Бул Мыйзамдын бузулушуна күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. Мыйзам тарабынан жүктөлгөн милдеттенмесин аткарбаган энергетикалык компаниялар ЭКБны өндүрүүчүлөр албай калган пайданын өлчөмүндө компенсациянын ордун толтурат. (КР 2011-жылдын 10-октябрындагы № 167 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-глава. Корутунду жоболор
17-берене. Ушул Мыйзамдын ишке кириши Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К. Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 34 · байланышкандар: 31
Цитата келтиргендер (34)
- КР Өкмөтүнө караштуу отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик 2015-жылдын 6-августундагы ПЖ № 1 "Энергиянын жаңыланма булактарын пайдалануу менен…Приказ · 06.08.2015 · № 1
- Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндөЗакон · 30.06.2022 · № 49
- Чапаев айылдык кеңешинин 2017-жылдын 10-апрелиндеги № 15 "Кичи ГЭС куруу үчүн жер участогун бөлүп берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 10.04.2017 · № 15
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 27-майындагы № 4575-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын июнундагы ишинин календардык планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.05.2021 · № 4575-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 25-майындагы № 256-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 25-майындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.05.2022 · № 256-VII
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-июнундагы № 229-б"Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 23.06.2020 · № 229-р
- Аламүдүн айыл аймагында энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу жөнүндө ЖОБОсуПоложение · 18.08.2021 · № 17-28
- Ильич айылдык кеңешинин 2022-жылдын 20-майындагы № 28-1/17 "Жер участокторун "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын…Постановление · 20.05.2022 · № 28-1/17
- КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 25-майындагы № 266-VII "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу…Постановление · 25.05.2022 · № 266-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 16-июнундагы N 337-VII "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи…Постановление · 16.06.2022 · № 337-VII
- КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 16-июнундагу № 299-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдыи 16-июнундагы жыйналышынын кун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 16.06.2022 · № 299
- Постановление Правительства КР от 15 января 2009 года №23 "Стратегия развития страны (2009-2011 годы)"Стратегия · 17.01.2009 · № 23
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 27-сентябрындагы № 1888-VI "VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-2018-жылдардагы ишинин сессиялык…Постановление · 27.09.2017 · № 1888-VI
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-майындагы № 298 "Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"…Постановление · 22.05.2017 · № 298
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-июлундагы № 310 "Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү…Постановление · 02.07.2018 · № 310
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 877-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 30.06.2016 · № 877-VI
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин 2020-жылдын 21-декабрындагы №4 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө…Приказ · 21.12.2020 · № 4
- КР Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин 2016-жылдын11-апрелиндеги № 3 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу…Приказ · 11.04.2016 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин 2020-жылдын 2-сентябрындагы №3 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө…Приказ · 02.09.2020 · № 3
34 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (7)
- Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндөЗакон · 30.06.2022 · № 49
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 10.10.2012 · № 170
- Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 25.07.2016 · № 136 · Күчүн жоготкон
7 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (31)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 3-октябрындагы № 2335-V "2012-2013-жылдарга V чакырылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин сессиялык планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.10.2012 · № 2335-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 22-сентябрындагы № 4838-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 22-сентябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө"…Постановление · 22.09.2021 · № 4838
- Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуу жана берүү боюнча ишти жүзөгө ашыруунун шарттары жана тартиби жөнүндө жобо (КР Министрлер…Положение · 24.10.2022 · № 583
- Энергетика жөнүндөЗакон · 30.10.1996 · № 56
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 1-декабрындагы № 5005-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 1-декабрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 01.12.2021 · № 5005
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 8-сентябрындагы № 4832-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2021-жылдын 8-сентябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 08.09.2021 · № 4832-VI
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 388 "2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарылган иштер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин отчету…Постановление · 15.07.2022 · № 388
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 27-сентябрындагы №2306-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ɵзгɵртүүлɵрдү жана толуктоолорду киргизүү жɵнүндɵ" ("Күрɵɵ жɵнүндɵ"…Постановление · 27.09.2012 · № 2306-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 4-октябрындагы № 2349-V "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ("Күрөө жөнүндө", "Инвестициялык фонддор…Постановление · 04.10.2012 · № 2349-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 4-октябрындагы № 2350-V "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ("Күрөө жөнүндө", "Инвестициялык фонддор…Постановление · 04.10.2012 · № 2350-V
- КР Жогорку Кенешинин 2021-жылдын 2-декабрындагы № 5012-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө", "Кыргыз…Постановление · 02.12.2021 · № 5012-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 12-апрелиндеги № 1825-V "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү…Постановление · 12.04.2012 · № 1825-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 28-июнундагы № 2165-V "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү…Постановление · 28.06.2012 · № 2165-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 29-июнундагы № 813-VI "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 29.06.2016 · № 813-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 15-июнундагы № 691-VI “Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз…Постановление · 15.06.2016 · № 691-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 8-сентябрындагы № 4834-VI “Кыргыз Республикасынын энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына (“Энергиянын кайра…Постановление · 08.09.2021 · № 4834-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 22-сентябрындагы № 4846-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө", "Кыргыз…Постановление · 22.09.2021 · № 4846
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 22-сентябрындагы № 4847-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө", "Кыргыз…Постановление · 22.09.2021 · № 4847
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 15-сентябрындагы № 1000-V "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү…Постановление · 15.09.2011 · № 1000-V
31 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.