Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Чапаев айылдык кеңешинин «Кичи ГЭС куруу үчүн жер участогун бөлүп берүү жөнүндө» токтому
ЧАПАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ XXVII чакырылыштагы Чапаев айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
2017-жылдын 10-апрели № 15 Кичи ГЭС куруу үчүн жер участогун бөлүп берүү жөнүндө
«Азия-Энерго» ЖЧКнун 2017-жылдын 8-августундагы №6 кичи ГЭС куруу үчүн жер участогун бөлүп берүү жөнүндө кайрылуусун жана айыл өкмөттүн бул маселе боюнча сунушун карап чыгып жана талкууулап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18 жана 82-беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө» мыйзамынын 5 жана 6- беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31, 36 жана 37-беренелерине ылайык Чапаев айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кичи ГЭС куруу үчүн Чапаев айыл аймагынын №8 контурунда жайгашкан аянты 2 га жер участогун «Азия-Энерго» ЖЧКна ижарага 49 жылга бөлүп берүү жөнүндө айыл өкмөттүн сунушуна макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун көчүрмөсү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн жоопту катчысына тапшырылсын.
4. Токтомдун аткрылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысы Ж.А. Байсульдаевге жүктөлсүн.
Төрага
Р. Алманиязов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндөЗакон · 31.12.2008 · № 283 · Күчүн жоготкон