Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Энергетика жөнүндө»мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1996-жылдын 30-октябры № 56 Энергетика жөнүндө (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 16-майындагы № 85, 2008-жылдын 23-майындагы № 93, 2009-жылдын 23-январындагы № 14, 2012-жылдын 18-майындагы № 60, 2012-жылдын 10-октябрындагы №170, 2013-жылдын 24-июнундагы № 99 2014-жылдын 19-июлундагы № 145, 2015-жылдын 14-январындагы № 10 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Ушул Мыйзам отун-энергетикалык комплексинде чарбалык ишти уюштуруунун жана жөнгө салуунун негизги процесстерин аныктайт. Ушул Мыйзамдын жоболорунун күчү отун-энергетикалык комплексинин бардык ишканаларына алардын менчигинин түрүнө карабастан жайылтылат.
1-статья. Отун-энергетикалык комплекси
Кыргыз Республикасындагы отун-энергетикалык комплекси энергетикалык тармактардан турат. Ар бир энергетикалык тармак, ошондой эле мындай тармакта жүзөгө ашырылган иш ушул Мыйзамдын жоболору жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актылары жана нормативдик актылары тарабынан жөнгө салынат.
2-статья. Ушул Мыйзамдын максаттары
Отун энергетикалык комплексинин иш жүргүзүшүнүн экономикалык натыйжалуулугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу, керектөөчүлөрдүн жана өндүрүүчүлөрдүн таламдарын коргоо ушул Мыйзамдын максаты болуп эсептелет.
3-статья. Терминдердин аныктамалары
Ушул Мыйзамда төмөндө саналып өткөн терминдер төмөндөгүдөй мааниге ээ болот: жаңыланып туруучу энергетикалык ресурстар - табигый түрдө пайда болгон, жаратылыш тарабынан такай жаңыланып турган жана геотермалдык, күн, суу энергияларына жана шамалдын энергиясына өтүшү мүмкүн болгон ресурстар; кайталанма энергетикалык ресурстар - баштапкы энергетикалык ресурстарды кайра иштетүү учурунда алынган ресурстар, мында кайра иштетүүнүн процессинде баштапкы энергиянын бир бөлүгү жоголот; отун-энергетикалык комплексиндеги иш - энергияны өндүрүү, ташуу, берүү, бөлүштүрүү, сактоо, кайра иштетүү, бир түрдөн экинчи түргө өткөрүү, трансформациялоо, энергетикалык ресурстар жана продуктылар менен соода кылуу же сатуу; отун-энергетикалык комплексинин тармагы - отун-энергетикалык комплексинин курамдык бөлүгү (көмүр, мунайзат, газ, электр энергетикасы жана башкалар); баштапкы энергетикалык ресурстар - отун катарында жана энергиянын башка түрлөрүн (ядролук отун, суу, күн энергиясы, шамалдын жана геотермалдык булактардын энергиясы) алуу үчүн пайдаланылышы мүмкүн болгон табигый абалдагы ресурстар (мунайзат, табигый газ, күйүүчү сланец, көмүр, чым көң); отун-энергетикалык комплексинин ишканалары - отун-энергетикалык комплексинде бир же бир нече иш жүргүзгөн ишканалар, буга менчигинин түрүнө карабастан, табигый монополисттер кирет; иш жөнүндө макулдашуу - лицензиар менен лицензиянын ээсинин ортосундагы лицензиянын ээсинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча күч аракеттердин боло турган натыйжаларын аныктаган макулдашуу; отун-энергетикалык комплекси - көмүр, мунайзат, газ, отун жана энергия менен камсыз кылууда иштеген жана керектөө системаларындагы жана аймактык кичи системалардагы мамлекеттик жана мамлекеттик эмес структураларды камтыган экономиканын өз ара байланышта болгон тармактарынын жыйындысы; энергетикалык продуктылар - отундун ар кандай түрлөрү, мунайзат продуктылары энергетикалык ресурстардын кандай гана болбосун түрлөрүнөн иштелип чыгуучу, электр жана жылуулук энергиясы; энергияны сактоо - энергияны өндүрүүдө бир түрдөн экинчи түргө өткөрүүдө, ташууда жана керектөөдө сарамжал пайдалануу жана коромжулуктарды кыскартуу; энергетикалык кызмат көрсөтүүлөр - энергия ресурстарын берүү, бөлүштүрүү, сатуу, сактоо (электр жана жылуулук энергияларын сактоодон башка) жана энергия ресурстарын ташуу; электр энергиясы - параметрлерин белгиленген чектерде туруктуу, үзгүлтүксүз жана сапаттуу кармап турууну талап кылган, бир учурда чыгарылуучу жана керектелүүчү товардын өзгөчө түрү; энергетика чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан энергетика жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин органы; энергетика чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын иштеп чыгуу, берүү, бөлүштүрүү жана керектөөнүн техникалык коопсуздугун, ишенимдүүлүгүн жана үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу, ошондой эле аларды пайдалануунун натыйжалуулугу чөйрөсүндө жөнгө салууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин органы; отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан лицензиялоо жана электр, жылуулук энергиясына жана жаратылыш газына тарифтерди белгилөө аркылуу отун-энергетикалык комплексинин субъекттеринин ишин мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин органы. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-майындагы № 93 , 2013-жылдын 24-июнундагы № 99 , 2014-жылдын 19-июлундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
4-статья. Баштапкы энергетикалык ресурстарга мамлекеттик менчик
Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан бардык баштапкы энергетикалык ресурстар мамлекеттин гана менчиги болуп эсептелет жана аларды пайдалануу Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык лицензиялардын негизинде жүзөгө ашырылат. (2012-жылдын 10-октябрындагы №170 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-статья. Отун-энергетикалык комплексинин ишканаларынын менчигинин түрү жана ишинин түрү
Отун-энергетикалык комплексинин ишканалары иштин жана менчиктин ар кандай уюштуруу-укуктук түрүнө ээ болушу мүмкүн. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 16-майындагы № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отун-энергетика комплексиндеги ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү энергетикалык программаны аныктайт жана ушул Мыйзамга, башка ченемдик укуктук актыларга ылайык ушул программанын ишке ашырылышын контролдоону жүзөгө ашырат, отун-энергетика комплексинин ишканаларынын өндүрүштүк жана чарбалык иштерине түздөн-түз кийлигишпейт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отун-энергетика комплекси чөйрөсүндөгү функциялары төмөнкүлөрдү камтыйт: отун-энергетика комплексинде бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү; отун-энергетика комплексинин продукцияларына жалпы баа саясатын аныктоону; экономика негизделген жана социалдык жактан алгылыктуу баа жана тариф түзүүнүн механизмдерин белгилөөнү; компетенциясынын чектеринде отун-энергетика комплексиндеги мамилелерди жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актыларды кабыл алууну; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отун-энергетика комплекси чөйрөсүндө мамилелерди жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актыларынын талаптагыдай аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырууну; суу, минералдык жана башка энергетикалык ресурстарды пайдаланууга укуктарды жана мүлктүк укуктарды берүү жана өткөрүп берүүнү; Евразия экономикалык бирлигинин келишимдик-укуктук базасында белгиленген принциптерге ылайык энергетикалык ресурстардын жалпы рыногун түзүүнү; Евразия экономикалык бирлигинин келишимдик-укуктук базасында каралган учурларда, электр энергиясын мамлекеттер аралык берүүдө көмөк көрсөтүүнү. (КР 2013-жылдын 24-июнундагы № 99, 2015-жылдын 14-январындагы № 10 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
7-статья. Жергиликтүү мамлекеттик органдардын отун-энергетикалык комплексиндеги ыйгарым укуктары
Жергиликтүү мамлекеттик органдар менен отун-энергетикалык комплексинин ишканаларынын өз ара мамилелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка нормативдик актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.
8-статья. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар
Энергетика чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу, отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу жана энергетика чөйрөсүн көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар энергетикалык ишканалардан көз карандысыз иштешет жана алардын өндүрүштүк жана чарбалык иштерине түздөн-түз кийлигишпейт. Көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдардын функциялары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. (КР 2014-жылдын 19-июлундагы № 145 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
9-статья
9-статья. Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын функциялары (КР 2013-жылдын 24-июнундагы № 99 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
10-статья
10-статья. Аткаруучу кеңеш
(КР 2014-жылдын 19-июлундагы № 145 мыйзамынын редакциясына ылайык күчүн жоготту)
11-статья
11-статья. Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды финансылоо (КР 2013-жылдын 24-июнундагы № 99 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
12-статья. Маалымат алууга мүмкүнчүлүк
Өзүнүн функцияларын аткарууну жана милдеттерин жүзөгө ашырууну камсыздоо максатында энергетика чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу, отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу жана энергетика чөйрөсүн көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар өз ыйгарым укуктарынын чегинде отун-энергетикалык комплексинин ишканаларынын бардык документтерин алууда толук мүмкүнчүлүккө ээ. (КР 2013-жылдын 24-июнундагы № 99, 2014-жылдын 19-июлундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
13-статья. Улуттук энергетикалык программа
Улуттук энергетика программасы (УЭП) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилет. Отун-энергетикалык комплексинин ар бир тармагын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктоо УЭПтин максаттары болуп эсептелет, ага энергиянын ресурстарын сактоо жана натыйжалуу пайдалануу, отун жана энергия менен камсыздоо, энергияны сактоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу, отундун экологиялык жактан таза түрлөрүн пайдалануу жана айлана-чөйрөнү сактоо, энергетика жана отун өнөр жайы жагында структуралык, инвестициялык, салыктык жана баа саясатын өткөрүү, ошондой эле илим изилдөө жумуштарын жүргүзүү кирет. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 16-майындагы № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
14-статья. Жаратылышты коргоо
Отун-энергетикалык комплексинин ишинин бардык болжолдуу түрлөрү алардын айлана-чөйрөгө тийгизген таасири жагынан алганда мамлекеттик тиешелүү орган тарабынан бааланат жана алардын оң корутундусунан кийин жүзөгө ашырылат.
15-статья. Жерди жана кыймылсыз мүлктү пайдалануу
Лицензиянын ээси бөлүнүп берилген жер участогунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттин, административдик-аймактык бирдиктин менчигинде же башка менчикте болгон кыймылсыз мүлктү пайдалануу менен өндүрүштүк-чарбалык ишти жүргүзүүгө укуктуу.
16-статья. Жоопкерчилик
Лицензиянын ээси мамлекеттик стандарттын талаптарына жооп берген менчиктин чегинде жооп берет жана электр энергиясынын сапатын камсыз кылат. Лицензиянын ээси энергетика жагында ишти жүзөгө ашырууда кыймылсыз мүлктүн ээсине же аны пайдалануучуга, энергия ресурстарынын башка керектөөчүлөрүнө, жаратылышты коргоого жана экологияга келтирген зыяндар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү колунда жок граждандарды отун алууга компенсациялык төлөмдөр менен камсыздоо, ошондой эле энергетика чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча жана энергетика чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын республиканын социалдык-экономикалык абалын начарлаткан чечимдери үчүн жоопкерчилик тартат. (КР 2008-жылдын 23-майындагы № 93, 2013-жылдын 24-июнундагы № 99 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
17-статья. Жалпы принциптер
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү отун-энергетикалык комплексине инвестициялар үчүн туруктуу жана ыңгайлуу шарттарды түзөт.
18-статья. Отун-энергетикалык комплексиндеги өндүрүштүк ишке инвестицияларды тартуу
Энергетикалык продуктыларды өндүрүү, ташуу, бөлүштүрүү жана жабдуу жагын өнүктүрүүгө жана анын өсүшүнө түрткү берүү үчүн ушул Мыйзамда аталган тармактардагы жеке юридикалык жактардын же болбосо жеке адамдардын ролу таанылат жана алардын ролуна жана кошкон салымына ылайык аларга мүмкүн болушунча пайдалуу шарттарды түзүү камсыз кылынат.
19-статья. Камсыздандыруу
Инвесторлорго алардын отун-энергетикалык комплексине тартылган инвестицияларынын чектеринде жергиликтүү жана чет өлкөлүк камсыздандыруу компанияларында инвестициялар үчүн зарыл болгон камсыздандыруунун түрлөрүн колдонууга уруксат берилет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аларга карата эч кандай чектөөлөрдү киргизбейт, ишине кийлигишпейт, мындай камсыздандыруунун мөөнөттөрүнө жана башка шарттарына таасир көрсөтпөйт.
20-статья. Бул Мыйзамды колдонууга киргизүү жөнүндө
Бул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А. Акаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 8 · цитата келтиргендер: 171 · байланышкандар: 82
Цитата келтиргендер (171)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2006-жылдын 21-сентябрындагы №1260-III "2005-жылдын 10-октябрындагы УП № 448 "Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат жана…Постановление · 21.09.2006 · № 1260-III
- Кыргыз Республикасынын Энергетика Министрлигинин 2023-жылдын 22-февралындагы № 01-13/137 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин энергетика ишканаларында жана…Приказ · 22.06.2023 · № 01-13/137
- Кыргыз Республикасынын Энергетика Министрлигнин 2023-жылдын 22-июнундагы № 01-13/138 "Көп батирлүү турак үйлөрдөгү турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин жалпы үлүштүк…Приказ · 22.06.2023 · № 01-13/138
- Кыргыз Республикасынын Энергетика Министрлигинин 2023-жылдын 22-июнундагы № 01-13/135 "Өндүрүштүк кырсыктардан жабыр тарткандарга биринчи жардам көрсөтүү боюнча Нускаманы бекитүү…Приказ · 22.06.2023 · № 01-13/135
- Кыргыз Республикасынын Энергетика Министрлигинин 2023-жылдын 22-июнундагы № 01-13/136 "Электр энергиясын өндүрүүдө, берүүдө жана бөлүштүрүүдө аны эсепке алуу боюнча типтүү…Приказ · 22.06.2023 · № 01-13/136
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2023-жылдын 14-июлундагы № 01-13/146 "Чыңалуусу 1000 Вольттон жогору электр тармактарын коргоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" буйругуПриказ · 14.07.2023 · № 01-13/146
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2023-жылдын 3-августундагы № 01-13/158 "Электр тармактарын коргоо эрежесин бекитүү жөнүндө чыңалуу 1000 В чейин" буйругуПриказ · 03.08.2023 · № 01-13/158
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2023-жылдын 3-августундагы № 01-13/160 "Электр берүү линияларын курууда жана электр монтаждоо иштерин жүргүзүүдө коопсуздук…Приказ · 03.08.2023 · № 01-13/160
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июлундагы № 299-б (2013-2014-жылдарга энергетика секторун реформалоо боюнча иш-аракеттердин планы бекитилүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 24.07.2013 · № 299-р
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 20-июнундагы № 344 "Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу"…Постановление · 20.06.2016 · № 344
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 172 "2035-жылга чейинки Кыргыз Республикасынын улуттук энергетикалык программасынын долбоорун жактыруу…Постановление · 12.04.2024 · № 172
- Транспорт системасын техникалык эксплуатациялоо жана жылуулук берүү энергиясын бөлүштүрүү (жылуулук тармагы) боюнча типтүү нускама (Кыргыз Республикасынын Энергетика…Инструкция · 07.03.2023 · № 01-13/59
- Электр энергетикасы жөнүндөЗакон · 28.01.1997 · № 8
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июнундагы № 447-т (2025-жылга укуктук мониторинг жүргүзүү планын бекитүү тууралуу) тескемесиРаспоряжение · 04.06.2025 · № 447-т
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябры № 544 "2029-жылга чейин Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 01.09.2025 · № 544
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-мартындагы №172 "Жылуулук энергиясын пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 14.03.2012 · № 172
- Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуу жана берүү боюнча ишти жүзөгө ашыруунун шарттары жана тартиби жөнүндө жобо (КР Министрлер…Положение · 24.10.2022 · № 583
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-ноябрындагы №699 "2010-2012-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын электр жана жылуулук энергияга болгон орто мөөнөттүү тарифтик саясаты жөнүндө"…Постановление · 12.11.2009 · № 699
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2023-жылдын 3-августундагы № 01-13/161 "Электр орнотмолорунда колдонулуучу коргоо каражаттарын колдонуу жана сыноо боюнча…Приказ · 03.08.2023 · № 01-13/161
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-мартындагы № 169 "Генерациялоочу булактарды, электр бөлүштүрүүчү уюмдардын электр тармактарын жана керектөөчүлөрдүн электр…Постановление · 29.03.2018 · № 169
171 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (8)
- "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралууЗакон · 24.06.2013 · № 99
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 19.07.2014 · № 145
8 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (82)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 3-октябрындагы № 2335-V "2012-2013-жылдарга V чакырылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин сессиялык планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.10.2012 · № 2335-V
- Электр энергиясын пайдалануу Эрежелери (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 576 токтому менен бекитилген)Правила · 22.08.2012 · № 576
- "2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында энергияны үнөмдөө жана энергиянын натыйжалуулугу саясатын киргизүү" прорграммасы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Программа · 29.06.2023 · № 328
- 2014-жылдын 18-сентябрындагы № 4328-V "2014-2015-жылдардын күзгү-кышкы мезгилине карата Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарынын жана калкынын даярдыгы боюнча Кыргыз…Постановление · 18.09.2014 · № 4328-V
- КР Жогрку Кеңешинин 2008-жылдын 15-февралындагы № 178-IV "2008-жылдын 15-февралына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.02.2008 · № 178-IV
- Об особом статусе каскада Токтогульскихгидроэлектростанций и национальной высоковольтной линии электропередачЗакон · 21.01.2002 · № 7
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-июлундагы № 391 "Жылуулук менен жабдуучу ишканаларга мамлекеттик бюджеттен субсидияларды берүүнүн өлчөмүн эсептөөнү жана тартибин регламенттөөчү…Постановление · 13.07.2016 · № 391
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин 2016-жылдын 18-февралындагы № 1 буйругуна "Электр жана жылуулук…Инструкция · 18.02.2016 · № 1
- Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого орто мөөнөттүү тарифтик саясатынын (Кыргыз Республикасынын Министрлер…Приложение · 30.09.2021 · № 193
- Распоряжение Правительства КР от 5 марта 2002 года № 95-р (Передать, в установленном порядке в концессию ОсОО СП "Ак-Наз" объект незавершенного строительства - Камбаратинскую ГЭС-)Распоряжение · 05.03.2002 · № 95-р
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-декабрындагы № 459-б " Ээлектр жана жылуулук энергиясына тарифтерди 2017-жылы колдонулган электр жана жылуулук энергиясынын тарифтеринин деңгээлинде…Распоряжение · 27.12.2018 · № 459-б
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-декабрындагы № 459-б "Акыркы керектөөчүлөр үчүн электр жана жылуулук энергиясына тарифтерди бекитүү" жөнүндө буйругуРаспоряжение · 27.12.2018 · № 459-р
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 18-апрелиндеги № 334-IV "2008-жылдын 18-апрелине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.04.2008 · № 334-IV
- Постановление Правительства КР от 13 мая 2003 года № 279 "О среднесрочной тарифной политике на электрическую и тепловую энергию на 2003-2006 годы"Постановление · 13.05.2003 · № 279
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 3970-VI "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААК (мындан ары УЭХК) берген электр энергиясынын жоготууларынын деңгээлинин…Постановление · 25.06.2020 · № 3970-VI
- Постановление Правительства КР от 16 июня 2004 года № 443 "О проектах постановлений Жогорку Кенеша Кыргызской Республики по внесению дополнений и изменений в Программу…Постановление · 16.06.2004 · № 443
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 27-сентябрындагы №2306-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ɵзгɵртүүлɵрдү жана толуктоолорду киргизүү жɵнүндɵ" ("Күрɵɵ жɵнүндɵ"…Постановление · 27.09.2012 · № 2306-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 4-октябрындагы № 2349-V "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ("Күрөө жөнүндө", "Инвестициялык фонддор…Постановление · 04.10.2012 · № 2349-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 4-октябрындагы № 2350-V "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ("Күрөө жөнүндө", "Инвестициялык фонддор…Постановление · 04.10.2012 · № 2350-V
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январы № 27 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 660 "Кыргыз Республикасынын 2014-2017-жылдарга карата…Постановление · 16.04.2018 · № 27
82 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.