Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен электр энергиясын генерациялаган станциялар тарабынан берилген электр энергиясына тарифтерди эсептөөнүн усулдугун бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ ОТУН-ЭНЕРГЕТИКАЛЫК КОМПЛЕКСТИ ЖӨНГӨ САЛУУ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИКТИН
БУЙРУК
2020-жылдын 2-сентябры №3 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин 2015-жылдын 6-августундагы № 1 “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен электр энергиясын генерациялаган станциялар тарабынан берилген электр энергиясына тарифтерди эсептөөнүн усулдугун бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын “Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө” мыйзамына жана “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 8-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, БУЙРУК КЫЛАМ: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин 2015-жылдын 6-августундагы № 1 “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен электр энергиясын генерациялаган станциялар тарабынан берилген электр энергиясына тарифтерди эсептөөнүн усулдугун бекитүү жөнүндө” буйругуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда көрсөтүлгөн буйрук менен бекитилген энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен электр энергиясын генерациялаган станциялар тарабынан берилген электр энергиясына тарифтерди эсептөөнүн усулдугундагы:
- 4-пункттун он тогузунчу абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
2. Пресс-катчы катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде бул буйрукту төмөндөгү маалымат булактарына жарыяласын:
- «Эркин Тоо» гезитине;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин веб-сайтына.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин укуктук колдоо бөлүмү:
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- күчүнө киргенден тартып үч жумуш күндүн ичинде маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жөнөтсүн.
Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Директор
Т.И.Нурбашев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнө караштуу отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик 2015-жылдын 6-августундагы ПЖ № 1 "Энергиянын жаңыланма булактарын пайдалануу менен…Приказ · 06.08.2015 · № 1
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына…Постановление · 15.09.2014 · № 530 · Күчүн жоготкон
- Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндөЗакон · 31.12.2008 · № 283 · Күчүн жоготкон