8-берене. ЭКБ жаатындагы мамлекеттик башкаруу
Күчүн жоготкон · 30.06.2022 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 30 июня 2022 года № 49.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 24 июля 2019 года № 99
ЭКБ жаатындагы мамлекеттик башкаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан алардын функцияларына ылайык жана төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат:
- тиешелүү ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу;
- каржылоонун ички жана тышкы булактарын кароочу ЭКБ жаатындагы жалпы мамлекеттик программаларды иштеп чыгуу, ишке ашыруу жана аткаруу;
- ЭКБ потенциалын пайдаланууну эске алуу менен энергетикалык тармакты реформалоо;
- ЭКБны пайдаланууну өнүктүрүүгө жана ЭКБнын жабдууларын өндүрүүгө түрткү берүүчү укуктук механизмдерди, ошондой эле ченемдик-укуктук документтерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- ЭКБ энергиясынын потенциалын жана пайдаланылышын баалоо;
- кубаттуулуктарды квоталоону иштеп чыгуу жана бекитүү;
- ЭКБны пайдалануу боюнча объекттерди жайгаштыруу үчүн шарттарды аныктоо;
- кайра жаралуучу энергетикалык ресурстарды баалоо менен статистикалык эсепке алууну камсыз кылуу жана кайра жаралуучу энергия жана отун жаатындагы иштерди жүзөгө ашыруучу субъекттердин реестрин жүргүзүү;
- ЭКБны өнүктүрүү жаатында окутууну уюштуруу жана илимий-техникалык прогресске көмөк көрсөтүү;
- ЭКБны пайдалануу жана өнүктүрүү боюнча эл аралык илимий-техникалык кызматташууну, эл аралык программаларга катышууну камсыз кылуу;
- ЭКБны өздөштүрүү процессине коомдук жана илимий-техникалык уюмдарды тартууга көмөк көрсөтүү;
- ЭКБны пайдалануу боюнча долбоорлордун жеңилдик мезгилинин колдонулушун 10 жылдан ашык эмес мөөнөткө белгилөө;
- ээлери жеңилдик мезгили боюнча тарифтик преференцияга талапкер болбогон, кубаттуулуктарды квоталоо алкагынан тышкары курулган ЭКБ пайдалануу менен орнотмолор үчүн өзүн-өзү актоо мезгилин колдонуу мөөнөтүн белгилөө.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан конкурстук тандоо жүргүзүүгө бөлүнгөн жер участогу жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан даярдалган энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен электр энергетикалык орнотмону куруу долбооруна алдын ала техникалык-экономикалык негиздеме болгондо гана жол берилет. (КР 2019-жылдын 24-июлундагы N 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 30.06.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-июлундагы № 310 "Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү…Постановление · 02.07.2018 · № 310
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-майындагы № 298 "Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"…Постановление · 22.05.2017 · № 298
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы № 525 токтомуПостановление · 30.10.2020 · № 525
- 2019-жылдын 30-декабрындагы № 730 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 650 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө…Постановление · 30.12.2019 · № 730 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203243/st-8" title="8-берене - Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>