12-берене. ЭКБны пайдаланууга өбөлгө түзүүнүн экономикалык жана уюштуруу-укуктук механизмдери
Күчүн жоготкон · 30.06.2022 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 30 июня 2022 года № 49.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 24 июля 2019 года № 99
ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыккан электр жана жылуулук энергиясын өндүрүүчүлөр жана ушул энергияны керектөөчүлөр төмөнкүдөй преференцияларга ээ:
- ЭКБнын негизинде иштөөчү техникалык каражаттарды жана түзүлмөлөрдү өндүрүүчү же кайра жабдуучу жеке жана юридикалык жактар үчүн преференциялар берилет;
- ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыккан электр жана жылуулук энергиясын өндүрүүчүлөр үчүн салык жана бажы мыйзамдарында каралган салык жана бажы жеңилдиктери;
- ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыккан, орнотмонун ээси тарабынан жеке муктаждыктарына пайдаланылбаган жана келишимдик негизде башка керектөөчүлөргө сатылбаган бардык электр энергиясы, ЭКБны пайдалануу боюнча ушул орнотмо кайсы электр энергетикалык компаниянын тармагына кошулганына карабастан, ЭКБны пайдалануу боюнча орнотмо жайгашкан администрациялык-аймактык түзүлүштөгү эң ири бөлүштүрүүчү ишкана тарабынан сатып алынууга тийиш;
- газ түтүктөрүнүн жана жылуулук тармактарынын стандарттарына жана талаптарына ылайык келүүчү газ жана газ түрүндөгү кайра жаралуучу отун газ түтүктөрү жана жылуулук тармактары менен иштөөчү уюмдардын системасына киргизилүүгө тийиш;
- улуттук стандартка ылайык келүүчү суюк биологиялык отун уюмдарга отун сатуу системасына киргизилиши керек;
- ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыккан электр энергиясын берүү жана төлөө жеңилдик мезгилин колдонуу мөөнөтүндө түзүлгөн электр энергияны жеткирип берүү келишимине ылайык артыкчылык тартибинде жүзөгө ашырылат. Жеткирип берүү келишиминин типтүү формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет;
- кубаттуулуктарды квоталоо алкагынан тышкары курулган, ЭКБны пайдалануу менен орнотмолор үчүн өзүн актоо мезгилин колдонуу мөөнөтүнүн ичинде алар тарабынан иштелип чыгуучу электр энергиясына тариф электр энергетикалык компаниялардын транзитинин кызмат көрсөтүүлөрүн чыгарып таштоо менен акыркы керектөөчүлөр үчүн максималдуу тарифтин деңгээлинде белгиленет;
- кубаттуулуктарды квоталоо алкагынан тышкары курулган, ЭКБны пайдалануу менен орнотмолордо иштелип чыгуучу электр энергиясына тариф жеңилдик мезгилин колдонуу мөөнөтүнүн ичинде ушул берененин он биринчи - он бешинчи абзацтары менен аныкталуучу ЭКБны пайдалануу менен орнотмонун ар бир түрү боюнча акыркы керектөөчүлөр үчүн максималдуу тарифти тиешелүү коэффициентке көбөйтүү жолу менен белгиленет;
- ЭКБны пайдалануу менен орнотмонун ар бир түрү боюнча акыркы керектөөчү үчүн максималдуу тарифке карата коэффициенттер, эгерде алар кубаттуулуктарды квоталоо алкагында курулган учурда, жеңилдик мезгилинин ичинде төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:
суу энергиясын пайдалануучу орнотмолор үчүн коэффициент 1,3кө барабар; күн энергиясын пайдалануучу орнотмолор үчүн коэффициент 1,3кө барабар; биомасса энергиясын пайдалануучу орнотмолор үчүн коэффициент 1,3кө барабар; шамал энергиясын пайдалануучу орнотмолор үчүн коэффициент 1,3кө барабар; жер энергиясын пайдалануучу орнотмолор үчүн коэффициент 1,3кө барабар;
- акыркы керектөөчүлөр үчүн электр энергиясынын максималдуу тарифинин чоңдугу электр энергиясына болгон тарифтик саясатка жараша өзгөрөт;
- ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыгуучу электр энергиясына болгон тариф өзүн-өзү актоо мезгилин же жеңилдик мезгилин колдонуу мөөнөттөрү аяктагандан кийин, электр энергиясын иштеп чыгууга негиздүү сарптоолор жана адилет пайданын элементи эске алынган эсептөөлөрдүн негизинде, отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ар бир станция үчүн өзүнчө белгиленет;
- бөлүштүрүүчү ишканалардын ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыккан электр энергиясын сатып алууга кошумча сарптоолорун компенсациялоо, акыркы керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына болгон жалпы улуттук тарифти эсептөөдө жана белгилөөдө эске алышат;
- электр энергетикалык компаниянын тармагына кошконго чейинки электр берүү чубалгыларын куруу боюнча бардык сарптоолорду ЭКБны пайдалануу боюнча орнотмонун ээси тартат;
- ЭКБны пайдалануучу объекттерди кошуу үчүн бөлүштүрүүчү ишканалардын балансында турган иштеп жаткан электр жана жылуулук тармактарын кеңейткен жана реконструкциялаган учурда, бөлүштүрүүчү ишканалар ЭКБны пайдалануу боюнча орнотмолордун ээлерине материалдарды сатып алуу, энергия жабдууларын орнотуу жана оңдоо боюнча материалдык сарптоолордун ордун толтурат;
- бардык электр энергетикалык компаниялар, белгиленген стандарттарга ылайык келген шартта, иштеп чыккан электр энергиясын тармактарга берүү үчүн өз тармактарына ЭКБны пайдалануу менен электр энергиясын өндүрүүчүлөрүн басмырлоосуз жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга тийиш;
- ЭКБны пайдалануучу орнотмону кошуу тармактарга кошуу боюнча сарптоолор эң аз болгон ошол электр энергетикалык компаниянын тармактарына карата жүргүзүлүүгө тийиш;
- улуттук электр тармактары жана бөлүштүрүүчү ишканалар өндүрүүчүлөрдөн керектөөчүлөргө чейин ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыккан электр энергиясынын тоскоолдуксуз транзитин камсыз кылышат.
- жеткирип берүүлөрдүн диспетчердик графиктерин түзүүдө - ЭКБны пайдалануучу объекттерден жеткирип берүүлөр Кыргыз Республикасынын бирдиктүү электр энергетикалык системасынын электр тармагындагы электр энергиясын керектөөлөр аларга артыкчылык тартибинде киргизилет.
(КР 2019-жылдын 24-июлундагы N 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 30.06.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (5)
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-июнундагы № 229-б"Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 23.06.2020 · № 229-р
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-майындагы № 298 "Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"…Постановление · 22.05.2017 · № 298
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-июлундагы № 310 "Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү…Постановление · 02.07.2018 · № 310
- КР Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин 2016-жылдын11-апрелиндеги № 3 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу…Приказ · 11.04.2016 · № 3
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-мартындагы № 99 "Электр энергетикасы жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"…Постановление · 05.03.2015 · № 99 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203243/st-12" title="12-берене - Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>