14-берене. Энергиянын кайра жаралуу чөйрөсүндөгү ишмердикти илимий камсыздоо
Күчүн жоготкон · 30.06.2022 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 30 июня 2022 года № 49.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 10 октября 2011 года № 167
Энергиянын кайра жаралуу чөйрөсүнүн илимий ишмердигин Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясы камсыз кылат, анын ичинде:
- ЭКБны өздөштүрүү чөйрөсүндөгү эл аралык илимий жана илимий-техникалык программаларды, ошондой эле аларды ишке ашыруунун жана көзөмөлдөөнүн механизмдерин иштеп чыгат;
- мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылануучу изилдөө жана инновациялык долбоорлор боюнча конкурстарды уюштурат;
- кайра жаралуучу энергияны өздөштүрүү чөйрөсүндөгү илимий жана инновациялык жетишкендиктерди жайылтат;
- ЭКБ чөйрөсүндө жүзөгө ашырылган мамлекеттик программаларды, изилдөө долбоорлорун ишке ашыруу жагындагы отчетторду карайт жана изилдөөлөрдүн, сынактардын жана текшерүүлөрдүн илимий деңгээлин баалайт;
- ЭКБ чөйрөсүндө жаңы материалдарды, техникаларды жана технологияларды түзөт;
- ушул чөйрөдөгү программаларды жайылтуунун жана жүзөгө ашыруунун жүрүшү жөнүндө жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалымат сунуш кылат.
(КР 2011-жылдын 10-октябрындагы № 167 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 30.06.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 10 октября 2011 года № 167 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О возобновляемых источниках энергии""Редакцияларды салыштыруу
10.10.2011 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…механизмдерин иштеп чыгат;
- мамлекеттик бюджеттин эсебинен алынып салынды: каржыланган кошулду: каржылануучу изилдөө жана инновациялык долбоорлор боюнча конкурстарды уюштурат;
- … жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалымат сунуш кылат.
кошулду: (КР 2011-жылдын 10-октябрындагы № 167 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203243/st-14" title="14-берене - Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>