3-берене. Негизги түшүнүктөр жана терминдер
Күчүн жоготкон · 30.06.2022 редакциясы · 1-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 30 июня 2022 года № 49.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 24 июля 2019 года № 99
Бул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат: биомасса - байкоо жүргүзүү мезгилинде биогеоценоздо болгон өсүмдүк жана жаныбарлар организмдеринин жыйынды массасы; кайра жаралуучу энергия - энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу аркылуу, анын ичинде кайра жаңылоочу отундан алынган экологиялык жактан таза энергия; энергиянын кайра жаралуучу булактары - энергиянын үзгүлтүксүз кайра жаралуучу түрлөрүнүн булактары:
- күндүн, Жердин энергиялары, ваакумдун энергиясы, шамалдын энергиясы, суу энергиясы;
- кенсиз жана көмүртексиз жаралган энергиянын булактары, бардык органикалык калдыктардын жана/же материалдардын биомассасынын таралуу (ачыган) энергиясы;
- жылуулуктун калдык энергиясы (градирнилер, трансформатор подстанциялары, башка өнөр жай түзүлүштөрү жана агрегаттары, алардын иштөөсүнүн натыйжасында жылуулуктун калдык энергиясы чыгат);
кайра жаралуучу отун - кайра жаралуучу булактардан, биомассадан жана органикалык же жаратылыштык сырьедон жана/же ар түрдүү булактан алынган отун; энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу - кайра жаралуучу энергияны кайра өзгөртүп түзүүгө, топтоого, бөлүштүрүүгө жана керектөөгө багытталган иш-аракеттердин жыйындысы, ошондой эле ошол иш-аракеттерди материалдык-техникалык камсыздоо; күндүн энергиясы - күндүн радиациясын пайдалануудан алынган энергия; тармак (электр жана/же жылуулук, газ) - электр жана жылуулук энергиясын ташуу жана/же бөлүштүрүү жана кайра бөлүштүрүү боюнча техникалык каражаттардын жыйындысы; биогаз түзүлүшү - газды, андан чыккан жылуулукту жана органикалык жер семирткичтерди өндүрүү үчүн органикалык калдыктарды жана ыплас агындыларды анаэробдук ачытуучу жабдуулар системасы; энергиянын кайра жаралуучу булактарынан өндүрүлгөн электр энергиясы - жалаң гана энергиянын кайра жаралуучу булактарынан алынган электр энергиясы; шамалдын энергиясы - шамалдын энергетикалык мүмкүнчүлүгүнөн алынган энергия; гидроэнергия - суунун энергиясын пайдалануу менен гидроэнергетикалык агрегаттардан өндүрүлгөн энергия; адаттагы энергия - кайра жаралбоочу энергетикалык ресурстардан алынган энергия, атап айтканда көмүртектин сырьесунан алынчу (көмүр, мунай, газ) жана 30 жана андан ашык мегаватт менен белгиленген гидроэлектр станциялардын энергиясы; күн нуруна орнотмо - күндүн энергиясын пайдаланып жылуулук же электр энергиясын алуу үчүн орнотулган жабдуу тутуму; ылайык сертификаты - сертификаттоо укугунун базасында берилген жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын жана отунду керектүү түрдө идентификациялоонун стандарттарына же башка ченемдик документтерге ылайык келгенин тастыктап көрсөтүүчү документ; кайра жаралуучу энергияны керектөөчү - кайра жаралуу булактарын өздөштүрүү жолу менен алынган энергиянын негизинде техникалык каражаттарды жана түзүлүштөрдү пайдаланып иш алып баруучу юридикалык же жеке жак; энергиянын кайра жаралуучу булактарын долбоорлоодогу, өндүрүүдөгү, монтаждоодогу жана эксплуатациялоодогу жеңилдиктер - энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндө алектенген юридикалык жана жеке жактарга салыктарды төмөндөтүү, бажы алымдарынан, төлөмдөрдөн бошотуу, мамлекет тарабынан жана даректүү мүнөздө болгон пайдалуу кредиттерди берүү формасындагы жеңилдиктерди берүү; энергиянын кайра жаралуучу булактарын диверсификациялоо - энергиянын кайра жаралуучу булактарында анын жаңы түрлөрүн өздөштүрүүнүн эсебинен өндүрүштүн ишмердүүлүгүн кеңитүү; (абзац КР 2016-жылдын 25-июлундагы N 136 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) жеңилдик мезгили - жогорулатуучу коэффициенттерди колдонуу менен, энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануучу орнотмолор үчүн тарифтин колдонуу мөөнөтүнүн мыйзамда белгиленген жеткен чеги."; ЭКБ кубаттуулуктарын квоталоо - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан орнотмолордун суммалык электр кубаттуулугун региондор боюнча жана энергиянын кайра жаралуучу булактарынын түрлөрү боюнча белгилүү бир мезгилге белгилөө. Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын жана жабдуулардын келтирилген тизмеси толук деп эсептелбейт жана энергиянын кайра жаралуучу булактарынын жана энергетикалык натыйжалуулуктук тармагындагы илим жана технологиялар өркүндөгөн сайын тизме кеңейе бериши мүмкүн. (КР 2011-жылдын 10-октябрындагы № 167, 2016-жылдын 25-июлундагы № 136 , 2019-жылдын 24-июлундагы N 99 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 30.06.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 24 июля 2019 года № 99 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере возобновляемых источников энергии"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 июля 2016 года № 136 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О возобновляемых источниках энергии"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 10 октября 2011 года № 167 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О возобновляемых источниках энергии""Редакцияларды салыштыруу
24.07.2019 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…системасы;
энергиянын кайра жаралуучу булактарынан өндүрүлгөн электр алынып салынды: энергия- сы кошулду: энергиясы - жалаң гана энергиянын кайра жаралуучу булактарынан алынган электр … түрлөрүн өздөштүрүүнүн эсебинен өндүрүштүн ишмердүүлүгүн кеңитүү;
алынып салынды: (жыйырма экинчи абзац кошулду: (абзац КР 2016-жылдын 25-июлундагы алынып салынды: № кошулду: N 136 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
кошулду: жеңилдик мезгили - жогорулатуучу коэффициенттерди колдонуу менен, энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануучу орнотмолор үчүн тарифтин колдонуу мөөнөтүнүн мыйзамда белгиленген жеткен чеги.";
ЭКБ кубаттуулуктарын квоталоо - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан орнотмолордун суммалык электр кубаттуулугун региондор боюнча жана энергиянын кайра жаралуучу булактарынын түрлөрү боюнча белгилүү бир мезгилге белгилөө.
Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын жана жабдуулардын келтирилген … 2011-жылдын 10-октябрындагы № 167, 2016-жылдын 25-июлундагы № 136 кошулду: , 2019-жылдын 24-июлундагы N 99 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-августундагы №503 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.А.Арапбаев, К.Т.Туманов, М.К.Осмонов, Т.В.Левина тарабынан демилге кылынган…Постановление · 24.08.2011 · № 503 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
- Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 25.07.2016 · № 136 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203243/st-3" title="3-берене - Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>