Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
68-берене. Эл аралык келишимдерди ратификациялоонун тартиби. Мамлекеттик чек араны өзгөртүү боюнча эл аралык келишимди ратификациялоо
Күчүн жоготкон · 16.11.2022 редакциясы · 11-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106.
1. Жогорку Кеңеш эл аралык келишимдерди (макулдашууларды) ратификациялоо жана денонсациялоо маселелерин карайт жана чечимдерди кабыл алат.
2. Эл аралык келишимди ратификациялоо же денонсациялоо жөнүндө мыйзам долбоору төмөнкү документтер болгондо, белгиленген тартипте Өкмөт тарабынан киргизилет:
1) эл аралык келишимдин тексти;
2) келишимдин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайыктуулугу жөнүндө Өкмөттүн корутундусу жана аны ратификациялоонун мүмкүн болуучу каржы-экономикалык жана башка кесепеттерине берген баасы тууралуу;
3) эл аралык келишимди даярдоонун жана ага кол коюунун жүрүшү жөнүндө маалыматтар;
4) эл аралык келишимдин конституциялуулугу жөнүндө Жогорку соттун Конституциялык палатасынын корутундусу.
3. Төрага ратификациялоого же денонсациялоого келип түшкөн эл аралык келишимдин мазмунуна жараша аны Жогорку Кеңештин кароосуна даярдоо боюнча жооптуу комитетти аныктайт.
4. Тармактык комитет өз компетенциясына ылайык жооптуу комитетке эл аралык келишим боюнча корутунду даярдоодо көмөк көрсөтөт.
Жооптуу комитет эл аралык келишимди кароодо Жогорку Кеңештин жыйналышына материалдарды даярдоо боюнча жумушчу топту түзүшү мүмкүн.
5. Жооптуу комитет кароонун жыйынтыктары боюнча корутунду берет, анда төмөнкүлөр камтылат:
1) ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алуу же четке кагуу жөнүндө сунуштамалар;
2) эки тараптуу эл аралык келишимдерди кошпогондо, ратификациялоону же денонсациялоону эл аралык укук жол берген мүмкүн болуучу декларациялар, билдирүүлөр же эскертмелер менен коштоонун зарылдыгы жөнүндө сунуштарды.
6. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын белгилөөчү эл аралык келишимдерди ратификациялоо же денонсациялоо жөнүндө мыйзамдардын долбоорлору үч окуудан өткөрүлгөндөн кийин Жогорку Кеңеш тарабынан депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинин кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат.
7. Эгерде Жогорку Кеңеш эл аралык келишимди ратификациялоо жөнүндө маселени кароонун мөөнөтүн кийинкиге калтыруу жөнүндө чечим кабыл алса, мындай чечим жүйөлөштүрүлүшү керек.
Берененин тексти 16.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (319)
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 14-июлундагы № 97-т (2020-жылдын 9-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын…Распоряжение · 14.07.2021 · № 97-p
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-октябрындагы № 251-т (2018-жылдын 2-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Түрк маданияты жана мурасы фондунун финансылык эрежелери…Распоряжение · 22.10.2021 · № 251-р
- КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2021-жылдын 17-ноябрындагы N 287-т "2021-жылдын 12-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фондунун ортосундагы…Распоряжение · 17.11.2021 · № 287-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-июнундагы N 314-т "2022-жылдын 20-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык…Распоряжение · 07.06.2022 · № 314-Р
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-октябрындагы N 238-т (Бишкек шаарында 2021-жылдын 4-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы…Распоряжение · 15.10.2021 · № 238-р
- КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 234-т (2022-жылдын 14-мартында Тегеран шаарында кол коюлган, 2018-жылдын 17-майындагы Бир тараптан Евразия экономикалык…Распоряжение · 30.04.2022 · № 234-р
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 295-т "2021-жылдын 4-мартында кол коюлган, 1994-жылдын 9-декабрындагы 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы…Распоряжение · 31.05.2022 · № 295-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-августундагы № 454-т (2022-жылдын 20-апрелинде Баку шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети…Распоряжение · 30.08.2022 · № 454-р
- Распоряжение Кабинета Министров Кыргызской Республики от 20 октября 2022 года № 568-р (Об одобрении заключения Кабинета Министров Кыргызской Республики кКредитному соглашению…Распоряжение · 20.10.2022 · № 568-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-ноябрындагы № 616-т "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө"тескемесиРаспоряжение · 11.11.2022 · № 616-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 668 "2015-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин өз ара соода жүргүзүүдө озонду…Постановление · 31.12.2018 · № 668
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июнундагы № 319 "2019-жылдын 16-декабрында Сауд Арабиясы Королдугунун Эр-Рияд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун…Постановление · 09.06.2020 · № 319
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-июнундагы № 339 "2020-жылдын 29-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын…Постановление · 15.06.2020 · № 339
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-июну № 337 "2019-жылдын 30-декабрында кол коюлган, 2015-жылдын 2-октябрындагы Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы…Постановление · 15.06.2020 · № 337
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-июнундагы № 338 "2020-жылдын 4-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Камбарата ГЭС-2 экинчи…Постановление · 15.06.2020 · № 338
- КР 2020-жылдын 13-мартындагы N 25 "2019-жылдын 1-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну…Постановление · 12.12.2019 · № 677
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-декабрындагы № 811 "2015-жылдын 16-октябрында Бурабай поселогунда кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына товарларды алып келүүнүн…Постановление · 01.12.2015 · № 811
- Постановление Правительства КР от 4 декабря 2019 года № 660 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О ратификации поправки к Монреальскому протоколу по веществам, разрушающим…Постановление · 04.12.2019 · № 660
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-декабрындагы № 791 "Ташкент шаарында 2017-жылдын 6-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан…Постановление · 07.12.2017 · № 791
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 822 "Москва шаарында 2012-жылдын 19-декабрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун алкагында…Постановление · 18.12.2017 · № 822
319 ичинен 20 көрсөтүлдү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203166/st-68" title="68-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>