Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин (Бишкек шаарында кол коюлган Түрк маданияты жана мурасы фондунун финансылык эрежелери жөнүндө макулдашууга жана Стамбул шаарында кол коюлган Түрк маданияты жана мурасы фондунун бюджетине мүчө мамлекеттердин милдеттүү төлөмдөрүнүн шкаласы боюнча протоколго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2021-жылдын 22-октябры № 251-т "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында:
1. 2018-жылдын 2-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Түрк маданияты жана мурасы фондунун финансылык эрежелери жөнүндө макулдашууга жана 2020-жылдын 28-ноябрында Стамбул шаарында кол коюлган Түрк маданияты жана мурасы фондунун бюджетине мүчө мамлекеттердин милдеттүү төлөмдөрүнүн шкаласы боюнча протоколго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Төрага
А.У. Жапаров
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-октябрындагы № 251-т тескемеси менен жактырылды
2018-жылдын 2-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Түрк маданияты жана мурасы фондунун финансылык эрежелери жөнүндө макулдашууга жана 2020-жылдын 28-ноябрында Стамбул шаарында кол коюлган Түрк маданияты жана мурасы фондунун бюджетине мүчө мамлекеттердин милдеттүү төлөмдөрүнүн шкаласы боюнча протоколго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ 2018-жылдын 2-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Түрк маданияты жана мурасы фондунун финансылык эрежелери жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) жана 2020-жылдын 28-ноябрында Стамбул шаарында кол коюлган Түрк маданияты жана мурасы фондунун бюджетине мүчө мамлекеттердин милдеттүү төлөмдөрүнүн шкаласы боюнча протокол (мындан ары - Протокол) жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт. Түрк маданияты жана мурасы фондунун (мындан ары - Фонд) финансылык эрежелери жөнүндө макулдашуу 2012-жылдын 23-августунда Бишкек шаарында кол коюлган жана Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 9-июлундагы № 123 Мыйзамы менен ратификацияланган Фонддун Уставынын максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана кабыл алынган. Макулдашуу менен иш-чараларды, долбоорлорду жана программаларды колдоо жана каржылоо, илимий-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү жана түрк маданиятын жана мурасын коргоо, сактоо, калыбына келтирүү жана жайылтуу максаттары үчүн акча каражаттарын берүү жолу менен түрк маданиятын жана мурасын сактоо, изилдөө жана жайылтуу үчүн Фонддун каржылоо булактары, Фонддун бюджетин түзүү, жүзөгө ашыруу жана отчеттуулук тартиби аныкталат. Мындан тышкары, Фонддун Уставынын 6-беренесинде Тараптардын милдеттүү төгүмдөрү каралган. Кыргыз Республикасынын Фонддун бюджетине мүчөлүк төгүмүнүн баштапкы өлчөмү жалпы жылдык бюджеттин 5%ы өлчөмүндө каралган, бирок республикалык бюджетке оорчулук келтиргендиктен, милдеттүү мүчөлүк төгүмдүн босогосун 0,5%га чейин төмөндөтүү жөнүндө сунуш киргизилип, аны Фондго мүчө мамлекеттер бир добуштан колдошкон. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасы үчүн Фонддун жалпы бюджетинин 0,5%ы өлчөмүндө төгүм каралган. Белгилей кетсек, аталган Келишим жана Протокол ратификацияланган учурда, мүчө мамлекеттердин аймагында салттуу кол өнөрчүлүктү жана колдонмо искусствону жандандырууга, колдоого жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү менен түрк маданиятынын жана мурасынын эстеликтерин сактоого, изилдөөгө жана коргоого багытталган иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлөт, алар жыл сайын Түрк Кеңешинин Тышкы иштер министрлер кеңеши тарабынан бекитилген Фонддун бюджетинде каралган каражаттардын эсебинен каржыланат. "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык Макулдашуу жана Протокол кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору менен макулдашылган жана Кыргыз Респу5ликасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-августундагы № 306-б буйругу менен жактырылган. Ошону менен бирге, жогоруда аталган Мыйзамдын 7-беренесине ылайык бул Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери менен макулдашуу жол-жобосунан өткөн эмес, анткени ал тараптардын эскертмелерди жана өзгөчө пикирди билдирүүсүнө жол берет. "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Макулдашуу жана Протокол Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ратификацияланууга тийиш. Макулдашууну жана Протоколду ратификациялоо финансылык-экономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-августундагы № 306-б "Түрк маданияты жана мурасы фондунун финансылык эрежеле жөнүндө макулдашуунун долбоору жанаТүрк маданияты жана мурасы фондунун…Распоряжение · 30.08.2018 · № 306-р
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- 2012-жылдын 23-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Түрк маданияты жана мурасы фондунун уставын ратификациялоо жөнүндөЗакон · 09.07.2014 · № 123
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон