Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин «2021-жылдын 4-мартында кол коюлган, 1994-жылдын 9-декабрындагы 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 50 жылдыгына байланыштуу Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, согуш жылдарындагы ооруктун эмгекчилери жана каза болгон аскерлердин жесирлери үчүн кошумчаи жеңилдиктерди жана материалдык жардамды белгилөө жөнүндө макулдашуунун колдонулушун токтотуу тууралуу протоколго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу» тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 31-майы № 295-т "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында:
1. 2021-жылдын 4-мартында кол коюлган, 1994-жылдын 9-декабрындагы 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 50 жылдыгына байланыштуу Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, согуш жылдарындагы ооруктун эмгекчилери жана каза болгон аскерлердин жесирлери үчүн кошумча жеңилдиктерди жана материалдык жардамды белгилөө жөнүндө макулдашуунун колдонулушун токтотуу тууралуу протоколго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы:
А.У.Жапаров
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 295-т тескемеси менен жактырылды
2021-жылдын 4-мартында кол коюлган, 1994-жылдын 9-декабрындагы 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 50 жылдыгына байланыштуу Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, согуш жылдарындагы ооруктун эмгекчилери жана каза болгон аскерлердин жесирлери үчүн кошумча жеңилдиктерди жана материалдык жардамды белгилөө жөнүндө макулдашуунун колдонулушун токтотуу тууралуу протоколго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу
1994-жылдын 9-декабрындагы 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 50 жылдыгына байланыштуу Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, согуш жылдарындагы ооруктун эмгекчилери жана каза болгон аскерлердин жесирлери үчүн кошумча жеңилдиктерди жана материалдык жардамды белгилөө жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) жалпысынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт. Макулдашуунун колдонулушун токтотуу жөнүндө протоколдун долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-октябрындагы № 415-б буйругу менен жактырылган. Макулдашууга КМШга мүчө мамлекеттер: Азербайжан Республикасы, Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы, Молдова Республикасы, Россия Федерациясы, Тажикстан Республикасы, Түркмөнстан, Өзбекстан Республикасы, Украина, Грузия Республикасы кол койгон жана 1995-жылдын 29-декабрында күчүнө кирген. Макулдашуу Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 50 жылдыгына байланыштуу Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынын, катышуучуларынын жана каза болгон аскерлердин жесирлеринин турмушунун социалдык-экономикалык шарттарын жакшыртууга багытталган иш-чаралардын комплексин аткарууну карайт. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, башка мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттердин катышуучулары, каза болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү үчүн жеңилдиктерди жана кепилдиктерди өз ара таануу жөнүндө 1994-жылдын 15-апрелиндеги макулдашууга ылайык граждандык жана Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына жана катышуучуларына, башка мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттердин катышуучуларына, каза болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө жана башка категориядагы адамдарга мурдагы СССР мыйзамдары менен жеңилдиктер берилген. Аталган категориялар алардын жарандыгына карабастан ушул Макулдашууга катышуучу мамлекеттин мыйзамдарына ылайык алар туруктуу жашаган аймакта жеңилдиктерди жана кепилдиктерди колдонот. Ошондой эле, 1996-жылдын 8-майындагы № 14 "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине төмөнкүдөй социалдык кепилдиктер каралган:
- мамлекеттик, коомдук жана ведомстволук турак жай фонддорунун үйлөрүндө турак жайларды биринчи кезекте берүү же турак жай шарттарын жакшыртуу;
- батирге телефонду кезектен тышкары орнотуу укугу;
- дарылоо-профилактикалык уюмдарда кезексиз акысыз медициналык жардам көрсөтүү;
- протездик-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз кылуу;
- Улуу Ата Мекендик согуштун каза болгон катышуучусун жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен, ошондой эле маркумдар (каза болгондор) иштеген ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын каражаттарынын эсебинен жеңилдетилген шарттарда жүргүзүлүүчү аскердик ардак менен көмүү.
Демек, Макулдашууда каралган иш-чаралар ишке ашырылды. "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11 жана 12-беренелерине ылайык Макулдашуунун колдонулушун токтотуу тууралуу протокол ратификацияланууга тийиш жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилет. Макулдашууну ратификациялоо кандайдыр бир финансы-экономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен кошумча каржылоону талап кылбайт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндөЗакон · 08.05.1996 · № 14
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-октябрындагы № 415-б (1994-жылдын 9-декабрындагы 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 50 жылдыгына байланыштуу Улуу Ата Мекендик…Распоряжение · 30.10.2019 · № 415-р
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон