67-берене. Жогорку Кеңеш тарабынан ратификациялоого же денонсациялоого тийиш болгон эл аралык келишимдердин долбоорлорун макулдашуу
Күчүн жоготкон · 16.11.2022 редакциясы · 11-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106.
1. Жогорку Кеңеш тарабынан ратификацияланууга же денонсацияланууга жаткан эл аралык келишимдин долбоору ага Президент же Өкмөт кол коердун алдында макулдашуу үчүн Жогорку Кеңештин тиешелүү комитеттерине жиберилет.
2. Жооптуу комитет тармактык комитет менен бирдикте төмөнкүлөрдү карайт:
1) эл аралык келишимдин долбоорунун текстин;
2) тексттин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайыктуулугу жөнүндө Юстиция министрлигинин экспертизасын;
3) келишимдин долбоорунан келип чыгуучу каржы милдеттенмелери бөлүгүндө Финансы министрлигинин экспертизасын;
4) караштуулугунда тышкы иштер маселелери болгон орган менен макулдашуу документтерин.
3. Жогорку Кеңештин эл аралык келишимдин долбоорунун тексти боюнча сын пикирлери болгон учурда, алар келишим тарабынан иштеп чыгылышы үчүн Президентке же Өкмөткө жиберилет.
Берененин тексти 16.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
67-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 16-февралындагы №101 "Бишкек шаарында 2011-жылдын 1-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан тапшырылган жана Түркия…Постановление · 16.02.2012 · № 101
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 368 "Бишкек шаарында 2013-жылдын 22-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Чек аралык…Постановление · 24.06.2013 · № 368
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203166/st-67" title="67-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>