Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН (Тегеран шаарында кол коюлган, Бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги менен анын мүчө мамлекеттеринин жана экинчи тараптан Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Эркин соода аймагын түзүүгө багытталган убактылуу макулдашуунун протоколуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусун жактыруу тууралуу) тескемеси тиркелген корутундусун жактыруу тууралуу) ТЕСКЕМЕСИ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 30-апрели № 234-т Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында:
1. 2022-жылдын 14-мартында Тегеран шаарында кол коюлган, 2018-жылдын 17-майындагы Бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги менен анын мүчө мамлекеттеринин жана экинчи тараптан Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Эркин соода аймагын түзүүгө багытталган убактылуу макулдашуунун протоколуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 234-т тескемеси менен жактырылды
2022-жылдын 14-мартында Тегеран шаарында кол коюлган, 2018-жылдын 17-майындагы Бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги менен анын мүчө мамлекеттеринин жана экинчи тараптан Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Эркин соода аймагын түзүүгө багытталган убактылуу макулдашуунун протоколуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ 2022-жылдын 14-мартында Тегеран шаарында кол коюлган, 2018-жылдын 17-майындагы Бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги менен анын мүчө мамлекеттеринин жана экинчи тараптан Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Эркин соода аймагын түзүүгө багытталган убактылуу макулдашуунун протоколуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу аталган Протоколду ратификациялоо үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында даярдалды. Бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги менен анын мүчө мамлекеттеринин жана экинчи тараптан Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Эркин соода аймагын түзүүгө багытталган убактылуу макулдашууга 2018-жылдын 17-майында 3 жылдык мөөнөткө кол коюлган жана 2019-жылдын 27-октябрында күчүнө кирген. Убактылуу макулдашуунун эркин соода аймагын түзүү жөнүндө макулдашуулардан негизги айырмасы анын шарттарына ылайык Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрү менен Ирандын ортосундагы соода жүргүзүүдө ташып кирүү бажы алымдары дээрлик бардык товардык номенклатура боюнча эмес чектелген товарларга төмөндөтүлөт же жоюлат. Ошол эле убакта Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун колдонуудагы эрежелерин сактоо үчүн Иран менен Убактылуу макулдашууга толук форматтагы эркин соода аймагына (мындан ары - ЭСА) өтүү боюнча так баяндалган милдетти камтыйт. Ошентип Иран менен Убактылуу макулдашуунун 1.3-беренеси менен толук форматтагы ЭСАны түзүү боюнча сүйлөшүүлөр ал күчүнө кирген датадан тартып бир жылдын ичинде башталат жана үч жылдын ичинде бүтүшү керек. Түзүлүп жаткан ЭСА эл аралык эрежелерге, стандарттарга жана практикаларга ылайык келүүгө тийиш. Протоколго ылайык Убактылуу макулдашуунун колдонуу мөөнөтүн 4 жылга же Эркин соода жүргүзүү жөнүндө макулдашуунун толук форматтагы долбоорун түзүүгө чейинки мезгилге чейин эки шарттын кайсынысы биринчи ишке ашырылганына жараша узартуу сунушталат. Толук форматтагы Макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн 2 раунду өткөрүлгөн, анда тараптар Макулдашуунун текстинин негизги бөлүгүн макулдашкан жана тарифтик алмашуулардын алгачкы версиялары менен алмашкан. Протоколдун долбоору Евразия экономикалык бирлигинин Кеңешинин 2021-жылдын 29-октябрындагы № 21 тескемеси менен жактырылган. Ошондой эле Протоколдун долбоору Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 19 чечими менен жактырылган. Мындан тышкары, мурда кол коюу үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу стадиясында Протоколдун долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети жана Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети менен белгиленген тартипте макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 82-т тескемеси менен жактырылган. Протоколго 2022-жылдын 14-мартында Иран Ислам Республикасынын Тегеран шаарында кол коюлган. "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11 жана 12-беренелерине ылайык Протокол Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет. Жогоруда жазылгандар менен катар, Протокол Кыргыз Республикасын Конституциясына жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбей тургандыгын белгилейбиз. Протоколду ратификациялоо социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык жана коррупциялык, ошондой эле финансы-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралы № 82-т (2018-жылдын 17-майындагы Бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги менен анын мүчө мамлекеттеринин жана экинчи тараптан…Распоряжение · 22.02.2022 · № 82-р
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон