Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «2022-жылдын 20-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Баткен облусунда „Региондук экономикалык өнүктүрүү“ экинчи долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу» тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 07-июну № 314-т "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында:
1. 2022-жылдын 20-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Баткен облусунда "Региондук экономикалык өнүктүрүү" экинчи долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-июнундагы № 314-т тескемеси менен жактырылды
2022-жылдын 20-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Баткен облусунда "Региондук экономикалык өнүктүрүү" экинчи долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ 2022-жылдын 20-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Баткен облусунда ''Региондук экономикалык өнүктүрүү'' экинчи долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууга (мындан ары - Макулдашуу) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу аталган Макулдашууну ратификациялоо үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында даярдалды. Бул Макулдашуу Баткен облусунда "Региондук экономикалык өнүктүрүү" экинчи долбоорун (мындан ары - Долбоор) ишке ашырууну карайт. Долбоордун негизги максаты Дүйнөлүк банк тарабынан негизги муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу мүмкүндүгүн жакшыртууда, кошумча нарктын айрым айыл чарба чынжырчаларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана Баткен облусунда чакан жана орто ишкердиктин активдүүлүгүн жогорулатууда Кыргыз Республикасына колдоо көрсөтүү болуп саналат. Долбоорду ишке ашыруу жумуш орундарын түзүү, жакырчылыкты кыскартуу, айыл чарба продукциясынын кошумча нарк чынжырчаларын түзүү жана өнүктүрүү аркылуу Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жагымдуу таасир этет. Макулдашуу менен Дүйнөлүк банк тарабынан Долбоорду жалпы суммасы 50,0 миллион АКШ долларына каржылоо каралган, анын ичинде:
- грант - 25,0 миллион АКШ доллары;
- кредит - 25,0 миллион АКШ доллары.
Долбоордун ишке ашыруу мезгили: 2022-2027-жылдар. Кредит 38 жылдык мөөнөткө 0,75% менен берилет жана жеңилдетилген мезгил 6 жылды түзөт. Төлөө мөөнөттөрү ар бир жылдын 15-апрели жана 15-октябры болуп саналат жана 2028-жылдын 15-апрелинде башталып, 2059-жылдын 15-октябрында бүтөт. Каржылоо жөнүндө макулдашууга тиркелген "Төлөм графигине" ылайык кредиттин негизги суммасы жана пайыздар жыл сайын, көрсөтүлгөн төлөө мөөнөттөрүнө ылайык төлөнүп турат. Кредит боюнча пайыздын жалпы суммасы 1 миллион АКШ долларын түзөт. Төлөө валютасы АКШ доллары болуп саналат. Кредиттин бөлүгүн төлөө республикалык бюджеттен каржыланат. Долбоорду ишке ашыруу механизмдери
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Долбоорду жалпысынан координациялоо анын ичинде Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (мындан ары - КӨИА) тарабынан түзүлгөн Жылдык иш пландарды кароо үчүн жооптуу болот.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги (i) Долбоордун алкагында айыл чарба иши үчүн артыкчылыктарды жана милдеттерди белгилөө; (ii) Долбоордун 1.2 жана 2-бөлүктөрүнүн алкагында иш-чараларды аныктоо жана жактыруу; (iii) Долбоордун 2.2-бөлүгүнүн алкагында максаттуу инвестициялык чакан долбоорлорду тандоого, баалоого жана мониторинг жүргүзүүгө катышуу үчүн жоопкерчиликтүү болот.
3. КӨИА бардык фидуциардык функциялар (мисалы, сатып алуулар, финансылык башкаруу, жылдык отчетторду, бюджеттерди даярдоо ж.б.) жана Долбоор үчүн коопсуздук чаралары (мисалы, документтерди баалоо, даярдоо жана жергиликтүү жана региондук бийлик органдарында ишке киргизүүгө кепилдик берүү, көзөмөл, мониторинг жана сактоо боюнча адистер) үчүн жооптуу орган болот. КӨИА Долбоордун негизги техникалык аспекттери үчүн да (мисалы, техникалык баалоолорду, долбоордук жана тендердик документтерди даярдоого, баалоолорду, консультацияларды, айыл чарба ишине мониторинг жүргүзүүнү уюштурууга ж.б.) жоопкерчиликтүү болот. КӨИАнын Бишкек шаарында Долбоорду ишке ашыруу үчүн керектүү адистерден турган негизги командасы болот. КӨИА өзүнүн Баткендеги техникалык жана экологиялык коопсуздук боюнча кызматкерлери менен өзүнүн иш-аракеттерин региондук жана жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз координациялайт жана Долбоордун техникалык, экологиялык жана социалдык аспекттеринин өңүтүндө Долбоордун үзгүлтүксүз ишке ашырылышын камсыз кылат.
Кол коюу үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички макулдашуу жол-жоболорун жүргүзүү баскычында Макулдашуунун долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен белгиленген тартипте макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-апрелиндеги № 209-т тескемеси менен жактырылган. Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге шайкеш келет. Макулдашуу "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 12-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоо үчүн киргизилет. Макулдашууну ратификациялоо Макулдашуунун мамлекеттик бюджеттен төлөнүүчү кредиттик бөлүгүн кошпогондо, социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык, ошондой эле финансы-экономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-апрелиндеги N 209-т "Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Баткен…Распоряжение · 15.04.2022 · № 209-р
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.