43-берене. Шаардын мэрин кызмат ордуна шайлоонун, ага киришүүнүн жана андан бошотуунун тартиби
Күчүн жоготкон · 20.10.2021 редакциясы · 5-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 октября 2021 года № 123.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 8 августа 2019 года № 118
1. Шаарлардын мэрлери шаардык кеңеш тарабынан анын чакырылган мөөнөтүнө шайланат. Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо өзүнчө мыйзам менен аныкталат.
Шаардык кеңештин чакырылышынын мөөнөтү аяктаган же болбосо мөөнөтүнөн мурда таркатылган күндөн тартып шаардын мэри жаңыдан шайланган шаардын мэри кызмат ордуна киришкен күнгө чейин мэрдин милдеттерин аткаруучу деп эсептелинет.
2. Мэрдин кызмат ордуна талапкерликти көрсөтүүгө шаардык кеңештин фракциясынын, фракциялардын коалициясынын жана Премьер-министрдин укугу бар.
3. Шаардын мэрин шайлоо жаңы шайланган шаардык кеңештин биринчи сессиясынын күнүнөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирилбестен Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан дайындалат.
Шаардын мэри ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы бош орун түзүлгөн күндөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен шаардын мэрин шайлоону дайындайт. Шаардын мэри шаардык кеңештин чакыруу мөөнөтү аяктаганга чейин 90 календардык күн калганда ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жаңы шайланган шаардык кеңештин биринчи жыйналышы өткөнгө чейин шаардын мэрин шайлоо дайындалбайт. Шаардын мэрин шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо дайындалган күндөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирилбестен өткөрүлөт.
4. Шаардын мэрин шайлоо жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Эгерде ага шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү катышса, шаардын мэрин шайлоо өткөрүлдү деп эсептелет.
Тиешелүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет. Эгерде:
- катталган бир талапкер, депутаттардын добуштарынын эарыл болгон санын албай калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
- эки талапкер катталса жана алардын бири да добуштардын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер депутаттардын добуштарынын тең санын алып калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
экиден ашык талапкер катталса жана алардын бири да депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин бири добуштардын көбүрөөк санын алса, ал эми кийинки эки талапкер добуштардын тең санын алса, добуштардын көбүрөөк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер добуштардын көбүрөөк тең санын алса, ал эми башка талапкерлер азыраак добуш алса, добуштардын көбүрөөк тең санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда бардык талапкерлер добуштардын тең санын алса, кайра шайлоо өткөрүлөт. Добуш берүүнүн ушул беренеде каралбаган натыйжаларын аныктоодо башка кырдаалдар келип чыккан учурда, кайра шайлоо өткөрүлөт. Эгерде талапкерлер үчүн дегенге караганда депутаттардын добуштарынын көпчүлүгү "бардык талапкерлерге каршы" позициясына берилсе, кайра шайлоо өткөрүлөт. Эгерде белгиленген мөөнөттөрдө бир дагы талапкер катталбаса, же болбосо катталган талапкерлер добуш берүүгө катышуудан баш тартса, кайра шайлоо өткөрүлөт. Эгерде кайра шайлоого бир дагы талапкер катталбаса, же болбосо катталган талапкер добуш берүүгө катышуудан баш тартса, шаардык кеңештин фракциясы, шаардык кеңештин фракцияларынын коалициясы жана Премьер-министр тарабынан талапкерди көрсөтүү менен кайра шайлоо өткөрүлөт. Борбордук шайлоо комиссиясы шаардын мэри шайланбай калган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде кайра шайлоо дайындайт. Жаңы талапкерликтерди көрсөтүү менен кайра шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан кайра шайлоо дайындалган күндөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирбестен өткөрүлөт. (Он экинчи абзац КР 2014-жылдын 21-ноябрындагы N 158 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Шаардын мэрин шайлоонун ушул беренеде жөнгө салынбаган тартиби жергиликтүү кеңештин регламенти менен аныкталат. Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжаларын жарыялайт жана тиешелүү протокол түзөт. Шаардын шайланган мэрине аймактык шайлоо комиссиясынын тиешелүү күбөлүгү берилет.
5. Мэрди шайлоо, эгерде:
- кворумдун жоктугунан эки жолу болбой калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
- эки жолу болсо, бирок талапкерлер добуштардын зарыл санын албай капса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Эгерде шайлоо кворумдун жоктугунан улам болбой калган, ал эми кайра шайлоо талапкерлер зарыл болгон добуштардын санын албаганынан улам болбой калган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы мэрди кайра шайлоону дайындоого укуктуу. Эгерде шайлоо талапкерлердин добуштардын зарыл санын албаганынан улам болбой калган, ал эми кайра шайлоо кворумдун жоктугунан улам болбой калган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы мэрди кайра шайлоону дайындоого укуктуу. Эгерде тиешелүү кеңештин депутаттары белгиленген мөөнөттөрдө шаар мэрин шайлай албаган учурда, Кыргыз Республикасынын Президенти Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча жергиликтүү кеңешти таркатат жана тиешелүү жергиликтүү кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт. (Экинчи абзац КР 2014-жылдын 21-ноябрындагы N 158 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6. Шаардын мэри төмөндөгүдөй учурларда ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) жеке арызынын негизинде;
2) прокуратура органдары тарабынан белгиленген, же мамлекеттик ыйгарым укуктары берилген мыйзамдарды, Президенттин жана Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен, а прокуратура органдары тарабынан белгиленген мыйзамдарды, Президенттин жана Өкмөттүн ченемдик-укуктук актыларын кайра бузуу фактылары ачылганда, шаардык кеңештин депутаттарын кабардар кылуу менен, мында, эгерде шаар мэри кабыл алынган чечимдин мыйзамдуулугу жөнүндө арыз менен сотко кайрылса, жаңы шайлоону дайындоо сот арызды биротоло карап бүткөнгө чейин токтотулуп турат;;
3) соттун күчүнө кирген айыптоочу өкүмүнүн негизинде;
4) сот тарабынан жоопкерчиликке жарамсыз деп таанылган учурда;
5) аны өлдү, дайынсыз жок болгон, ошондой эле өлгөн деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген учурда;
6) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарга туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткен учурда;
7) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон же чет мамлекеттин жарандыгын алган учурда;
8) жылыш болбогон эмгекке жарамсыздыгынын кесепетинен өзүнүн кызмат милдеттерин аткарууга мүмкүндүгү жок болгон учурда;
9) шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин добуштары менен ишенбестик билдирилген учурда;
10) тараптардын эркине көз каранды болбогон жагдайлар боюнча (тиешелүү мыйзам кабыл алынган, мыйзамдарда каралган дагы башка жагдайларда).
7. Шаардын мэрине шаардык кеңеш тарабынан ишенбестик көрсөтүлгөн учурда Премьер-министр 3 жумушчу күндүн ичинде аны кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу же болбосо баш тартуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн чечимин расмий жиберүү менен шаардык кеңештин чечимине макулдук бербөө жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
8. Шаардык кеңештин депутаттары тарабынан шаардын мэрине кайра ишенбестик билдирилген учурда Премьер-министр аны 3 жумушчу күндүн ичинде кызмат ордунан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алууга укугу бар.
9. Шаардын мэри кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, мэрдин милдеттери шаардын мэри шайланганга чейин биринчи вице-мэрге жүктөлөт. Биринчи вице-мэрдин кызмат орду жок болгон учурда, мэрдин милдеттери вице-мэрге жүктөлөт.
(КР 2011-жылдын 30-ноябрындагы № 228, 2012-жылдын 3-августундагы № 149, 2013-жылдын 16-октябрындагы № 192, 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 158 2018-жылдын 15-февралындагы N 21 , 2019-жылдын 8-августундагы N 118 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 20.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
43-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 8 августа 2019 года № 118 "О внесения изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О местном самоуправлении", "О статусе депутатов местных кенешей", "О статусе столицы", "О статусе города Ош")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 15 февраля 2018 года № 21 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О местном самоуправлении"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 21 ноября 2014 года № 158 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 16 октября 2013 года № 192 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 августа 2012 года № 149 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 ноября 2011 года № 228 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О местном самоуправлении""Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (175)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 10-ноябры № 300 "Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө"…Постановление · 10.11.2020 · № 300
- "Положение о порядке избрания мэра города" (утверждено постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 27 декабря 2011 года № 424)Положение · 27.12.2011 · № 424
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 13-февралындагы № 40 "2017-жылдын 23, 24, 25, 26, 27, 30, 31-январында жана 1, 2, 3, 4, 6, 8, 9…Постановление · 13.02.2017 · № 40
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 30-июнундагы № 66 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу…Постановление · 30.06.2015 · № 66
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 5-ноябрындагы № 180 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу…Постановление · 05.11.2015 · № 180
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 24-майындагы № 101 "Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу…Постановление · 24.05.2016 · № 101
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 8-июлундагы № 124 "Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэрин кайра шайлоону жана Чүй облусунун…Постановление · 08.07.2016 · № 124
- Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 16-октябрындагы № 188 "2018-жылдын 18-сентябрында өткөрүлгөн Баткен облусундагы Лейлек районунун Исфана…Постановление · 16.10.2018 · № 188
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 17-июнундагы № 78 "2014-жылдын 14-апрелинде, 14-майында, 4-, 11-июнунда өткөрүлгөн жергиликтүү өз…Постановление · 17.06.2014 · № 78
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 20-августундагы № 102 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу…Постановление · 20.08.2014 · № 102
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 17-июнундагы № 63 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу…Постановление · 17.06.2015 · № 63
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 7-сентябрындагы № 133 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу…Постановление · 07.09.2015 · № 133
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 23-июлундагы № 73 "Чүй облусунун Токмок шаарынын мэрин кайра шайлоону, Нарын облусунун Жумгал…Постановление · 23.07.2015 · № 73
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 24-сентябрындагы № 149 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу…Постановление · 24.09.2015 · № 149
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 6-майындагы № 95 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу…Постановление · 06.05.2016 · № 95
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 25-апрелиндеги № 88 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу…Постановление · 25.04.2016 · № 88
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 1-июнундагы № 105 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу…Постановление · 01.06.2016 · № 105
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 15-июнундагы № 110 " Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу…Постановление · 15.06.2016 · № 110
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 21-июнундагы № 540 "Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарынын мэрин кайра шайлоону дайындоо…Постановление · 21.06.2021 · № 540
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 24-сентябрынадгы № 465 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу…Постановление · 24.09.2017 · № 465
175 ичинен 20 көрсөтүлдү.
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 21.11.2014 · № 158
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203102/st-43" title="43-берене - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>