Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 24-сентябры № 465 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешинин, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш, Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо, Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңештеринин биринчи уюштуруу сессиялары өткөрүлгөн. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 49-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө" жана "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жоболоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарынын мэрин, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш, Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо, Чаткал районунун Терек-Сай айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2017-жылдын 11-октябрына дайындалсын жана саат 09.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялар шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси басары Б.Жумагуловго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (2)
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 19-октябрындагы № 519 "2017-жылдын 11-октябрында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү…Постановление · 19.10.2017 · № 519
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 23-октябрындагы № 522 "2017-жылдын 11-октябрында өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун…Постановление · 23.10.2017 · № 522
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 "Айыл өкмөт башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө" жобону жана "Шаардын мэрин шайлоо…Постановление · 06.01.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Положение о порядке избрания главы айыл окмоту (утверждено постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 6 января 2017 года № 3)Положение · 06.01.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон
- Положение о порядке избрания мэра города (утверждено постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 6 января 2017 года № 3)Положение · 06.01.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон