Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын « Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө « токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2016-жылдын 15-июну № 110 Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 6-июнундагы № 308 буйругу менен Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэри М.Д.Койчиев Жалал-Абад облусунун прокурорунун 2016-жылдын 1-июнундагы № 11/1-2-316-16 сунушунун жана Чүй облусунун Ысык-Ата районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 18 буйругу менен Красная-Речка айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.А.Алиев, Сокулук районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2016-жылдын 2-июнундагы № 142 буйругу менен Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.С.Мурзакматов берген арыздарынын негизинде, ээлеген кызматтарынан бошотулган. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 6-июнундагы № 310 буйругу менен Баткен облусунун Лейлек районунун Катран айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.Исаев Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин биринчи орун басары болуп дайындалган. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 49-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жана 2011-жылдын 27-декабрындагы № 424 токтому менен бекитилген "Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө" жоболоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэрин, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Красная-Речка, Сокулук районунун Военно-Антоновка, Баткен облусунун Лейлек районунун Катран айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2016-жылдын 4-июлуна дайындалсын жана саат 9.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Кара-Көл, Ысык-Ата, Сокулук жана Лейлек аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамдарда белгиленген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары А.Р.Джолбуновго жүктөлсүн.
Төрага
Т. Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (3)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 8-июлундагы № 124 "Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэрин кайра шайлоону жана Чүй облусунун…Постановление · 08.07.2016 · № 124
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 14-июлундагы № 127 "2016-жылдын 4, 5 жана 7-июлунда өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун…Постановление · 14.07.2016 · № 127
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 8-июлундагы № 123 "2016-жылдын 4-июлунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Красная-Речка…Постановление · 08.07.2016 · № 123
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу"…Постановление · 27.12.2011 · № 423
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 424 "Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 27.12.2011 · № 424
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- "Положение о порядке избрания мэра города" (утверждено постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 27 декабря 2011 года № 424)Положение · 27.12.2011 · № 424
- "Положение о порядке избрания главы айыл окмоту" (утверждено постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 27 декабря 2011…Положение · 27.12.2011 · № 423