Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «2018-жылдын 18-сентябрында өткөрүлгөн Баткен облусундагы Лейлек районунун Исфана шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2018-жылдын 16-октябры № 188 2018-жылдын 18-сентябрында өткөрүлгөн Баткен облусундагы Лейлек районунун Исфана шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө 2018-жылдын 24-августунда Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин № 533 буйругу менен А.Д.Анарботоев Баткен облусундагы Лейлек районунун Исфана шаарынын мэринин кызматынан бошотулган. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - БШК) № 172 токтому менен Баткен облусундагы Лейлек районунун Исфана шаарынын мэрин шайлоо 2018-жылдын 18-сентябрына дайындалган. 2018-жылдын 11-сентябрында Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын № 6 чечими менен Исфана шаарынын мэринин кызматына эки талапкер катталган: "КСДП" жана "Ата-Мекен" депутаттык фракцияларынан - Хамраев А.Н., "Республика Ата-Журт" депутаттык фракциясынан - Касымов А.С. 2018-жылдын 19, 20-сентябрында КР БШКга Исфана шаарынын мэрлигине талапкер А.С.Касымовдон, Исфана шаардык кеңешинин депутаттарынан жана төрагасынан 2018-жылдын 18-сентябрында болуп өткөн Исфана шаарынын мэрин шайлоонун жүрүшүндө мыйзам бузуулар жөнүндө арыздар келип түшкөн. Кыргыз Республикасында Шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоочулардан жана шайлоо процессинин башка субъектилеринен келип түшкөн арыз жана даттанууларды кароо боюнча жумушчу топтун чечими менен, арызга шаардык кеңештин 16 депутаты тарабынан кол коюлгандыгын эске алып, "кээ бир депутаттарга басым көрсөтүлгөндүгүн" текшерүү максатында, арыздар укук коргоо органдарына жиберилген. Текшерүүнүн жүрүшүндө шаардык кеңештин депутаттары жана шайлоо процессинин катышуучулары сурамжыланып, түшүндүрмөлөр алынган. Басым жасоо, көрсөтмө берүү, эрк-ниетин эркин билдирүүгө тоскоолдук кылуу жөнүндө маалыматтар ырасталбагандыктан, Кыргыз Республикасынын ИИМнин Баткен облустук ИИБнын Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн 2018-жылдын 11-октябрындагы токтому менен, КР КЖКнын 28-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун жана 156-1-беренесинин негизинде, кылмыштын курамы жок болгондуктан кылмыш ишин козгоодон баш тартылган. 2018-жылдын 11-октябрында КР БШКга Исфана шаардык кеңешинин 17 депутатынан шайлоо, шайлоо мыйзамдарына ылайык өткөндүгү жана талапкерлер добуш берүүнүн жыйынтыктары менен макул болгондугу жөнүндө кайрылуу келип түшкөн. Жогоруда баяндалгандарды эске алып, Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынан келип түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдордун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын № 3 токтому менен бекитилген "Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө" жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен облусундагы Лейлек районунун Исфана шаардык кеңешинин депутаттарынын кайрылуусун текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча укук коргоо органдарынын маалыматы эске алынсын.
2. Исфана шаарынын мэрин шайлоодогу 2018-жылдын 18-сентябрындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын 2018-жылдын 21-сентябрындагы протоколдору бекитилсин.
2.1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Лейлек районунун Исфана шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылсын.
2.2. Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Лейлек районунун Исфана шаарынын шайланган мэри болуп Хамраев Абдивали Набиевич таанылсын.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 4
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 "Айыл өкмөт башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө" жобону жана "Шаардын мэрин шайлоо…Постановление · 06.01.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 30-августундагы № 172 "Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарынын мэрин…Постановление · 30.08.2018 · № 172
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон
- Положение о порядке избрания главы айыл окмоту (утверждено постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 6 января 2017 года № 3)Положение · 06.01.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон
- Положение о порядке избрания мэра города (утверждено постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 6 января 2017 года № 3)Положение · 06.01.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон