Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэрин кайра шайлоону жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2016-жылдын 8-июлу № 124 Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэрин кайра шайлоону жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 15-июнундагы № 110 токтому менен 2016-жылдын 4-июлуна дайындалган Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэрин шайлоосу, бир дагы катталган талапкер жергиликтүү кеңештин депутаттарынын добуштарынын зарыл болгон санын албагандыгына байланыштуу, болбой калган. Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2016-жылдын 21-июнундагы № 156-р буйругу менен Байтик айыл өкмөтүнүн башчысы Э.С.Назыркулов берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 49-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жана № 424 токтому менен бекитилген "Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө" жоболоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэрин кайра шайлоо, жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен, 2016-жылдын 21-июлуна дайындалсын жана саат 9.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2016-жылдын 26-июлуна дайындалсын жана саат 9.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлсүн.
3. Кара-Көл жана Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамдарда белгиленген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (2)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 28-июлундагы № 131 "2016-жылдын 21-июлунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэрин…Постановление · 28.07.2016 · № 131
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 28-июлундагы № 132 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу…Постановление · 28.07.2016 · № 132
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 15-июнундагы № 110 " Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу…Постановление · 15.06.2016 · № 110
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу"…Постановление · 27.12.2011 · № 423
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- "Положение о порядке избрания мэра города" (утверждено постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 27 декабря 2011 года № 424)Положение · 27.12.2011 · № 424
- "Положение о порядке избрания главы айыл окмоту" (утверждено постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 27 декабря 2011…Положение · 27.12.2011 · № 423
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 424 "Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 27.12.2011 · № 424