Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2014-жылдын 20-августу № 102
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
Аксай айыл өкмөтүнүн башчысы Бердиев А.А. Баткен райондук сотунун 2014-жылдын 26-июнундагы чыккан өкүмүнүн негизинде Баткен облусунун Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2014-жылдын 14-июлундагы № 01-15/24 тескемеси менен ээлеген кызмат ордунан бошотулган. Өздөрүнүн берген арыздарынын негизинде ээлеген кызматынан төмөнкүлөр бошотулган: Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2014-жылдын 17-июлундагы № 163 тескемеси менен Дархан айыл өкмөтүнүн башчысы Усеналиев А.А.; Ош облусунун Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2014-жылдын 1-августундагы № 155-б. буйругу менен Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Аманов М.К.; Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 4-августундагы № 334 буйругу менен Нарын облусунун Нарын шаарынын мэри Жээналиев Б.С.; Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 4-августундагы № 340 буйругу менен Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэри Арапбаев М.А. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл өкмөт башчысынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 2014-жылдын 25-августунда аяктайт. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 49, 65-беренелерине, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна, 2011-жылдын 27-декабрындагы № 424 токтому менен бекитилген “Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо тиркемеге ылайык 2014-жылдын 8-сентябрына саат 10-00 дайындалсын.
2. Баткен, Жети-Өгүз, Ноокат, Нарын шаардык, Жалал-Абад шаардык, Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.
Төраганын ыйгарым укуктарын аткаруучу
Г. Джурабаева
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 20-августундагы № 102 токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу органынын башчыларын шайлоолорду өткөрүүнүн ГРАФИГИ
№
Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын аталышы
Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын башчысын шайлоо датасы жана убактысы
Баткен облусу
Баткен району
1
Аксай
08.09.2014-ж., саат 10-00
Ысык-Көл облусу
Жети-Өгүз району
2
Дархан
08.09.2014-ж., саат 10-00
Ош облусу
Ноокат району
3
Кара-Таш
08.09.2014-ж., саат 10-00
Нарын облусу
4
Нарын шаары
08.09.2014-ж., саат 10-00
Жалал-Абад облусу
5
Жалал-Абад шаары
08.09.2014-ж., саат 10-00
Жалал-Абад облусу
Ала-Бука району
6
Көк-Таш
08.09.2014-ж., саат 10-00
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (4)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 7-октябрындагы № 117 "2014-жылдын 8-сентябрында өткөрүлгөн Нарын облусунун Нарын шаарынын мэрин…Постановление · 07.10.2014 · № 117
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 16-сентябрындагы № 108 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу…Постановление · 16.09.2014 · № 108
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 16-сентябрындагы № 109 "2014-жылдын 22-августунда, 8-сентябрында өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча…Постановление · 16.09.2014 · № 109
- Нарын шаардык кеңешинин 2014-жылдын 8-сентябрындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 20-август 2014-жылдагы № 102 токтомуна ылайык Нарын шаарынын мэрин…Постановление · 08.09.2014 · № 1
Шилтеме берет (4)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу"…Постановление · 27.12.2011 · № 423
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 424 "Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 27.12.2011 · № 424
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- "Положение о порядке избрания мэра города" (утверждено постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 27 декабря 2011 года № 424)Положение · 27.12.2011 · № 424
- "Положение о порядке избрания главы айыл окмоту" (утверждено постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 27 декабря 2011…Положение · 27.12.2011 · № 423