Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2016-жылдын 24-майы № 101 Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 49-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жана 2011-жылдын 27-декабрындагы № 424 токтому менен бекитилген "Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө" жоболоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо, тиркемеге ылайык дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону өткөрүү графиги, тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялар шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары Аргымбаевге жүктөлсүн.
Төрага
Т. Абдраимов
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 24-майындагы № 101 токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону өткөрүү ГРАФИГИ
№
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аталышы
Шайлоону өткөрүү датасы жана убактысы
Эскертүү
Ысык-Көл облусу
Ак-Суу району
1
Бөрү-Баш
2016-жылдын 10-июну, саат 9-00дөн 12-00гө чейин
Нарын облусу
Ак-Талаа району
2
Жерге-Тал
2016-жылдын 10-июну, саат 9-00дөн 12-00гө чейин
Кайра шайлоо
Чүй облусу
Кемин району
1
Кемин шаары
2016-жылдын 7-июну, саат 9-00дөн 12-00гө чейин
мурда каттоодон өткөн талапкерлер менен
Нарын облусу
Ак-Талаа району
2
Терек
2016-жылдын 7-июну, саат 9-00дөн 12-00гө чейин
мурда каттоодон өткөн талапкерлер менен
Нарын району
3
Учкун
2016-жылдын 7-июну, саат 9-00дөн 12-00гө чейин
жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен
Жумгал району
4
Чаек
2016-жылдын 7-июну, саат 9-00дөн 12-00гө чейин
мурда каттоодон өткөн талапкерлер менен
Баткен облусу
Лейлек району
5
Бешкент
2016-жылдын 7-июну, саат 9-00дөн 12-00гө чейин
мурда каттоодон өткөн талапкерлер менен
6
Маргун
2016-жылдын 7-июну, саат 14-00дөн 18-00гө чейин
мурда каттоодон өткөн талапкерлер менен
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 424 "Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 27.12.2011 · № 424
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу"…Постановление · 27.12.2011 · № 423
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- "Положение о порядке избрания мэра города" (утверждено постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 27 декабря 2011 года № 424)Положение · 27.12.2011 · № 424
- "Положение о порядке избрания главы айыл окмоту" (утверждено постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 27 декабря 2011…Положение · 27.12.2011 · № 423
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 24-майындагы № 99 "2016-жылдын 15-майындагы Ош облусунун айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын…Постановление · 24.05.2016 · № 99