Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2010-жылдын 29-январы № 19 Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндө (КР 2011-жылдын 26-июлундагы № 144 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 51474670,9 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 67759543,9 миң сом суммасында (2526560,0 миң сом суммасындагы өнүктүрүү бюджетинин алкагындагы гранттык каражаттарды кошкондо) бекитилсин. Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектелген өлчөмү 16284873,0 миң сом суммасында белгиленсин. Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгын жабууга 16284873,0 миң сом суммасында каржылоонун тышкы жана ички булактары багытталсын. (КР 2011-жылдын 26-июлундагы № 144 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене.
Кыргыз Республикасынын 2011-2012-жылдарга республикалык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын. 2011-жылга киреше боюнча болжол - 49873953,6 миң сом суммасында (3130230,4 миң сом суммасында өнүктүрүү бюджетинин алкагындагы гранттык каражаттарды кошкондо), 2012-жылга - 50848525,6 миң сом суммасында (1975670,4 миң сом суммасында өнүктүрүү бюджетинин алкагындагы гранттык каражаттарды кошкондо). Чыгаша боюнча болжол 2011-жылга - 61121533,6 миң сом суммасында, 2012-жылга - 60533263,6 миң сом суммасында. Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджеттин тартыштыгынын болжолу - 11247580,0 миң сом суммасында, 2012-жылга - 9684738,0 миң сом суммасында. 2011-2012-жылдарга жактырылган республикалык бюджеттин болжолдуу көрсөткүчтөрү ар бир так мезгилде аларды кабыл алганда такталууга жатат.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджетинин киреше бөлүгү жана 2011-2012-жылдарга болжолу № 1-1, 1-2 тиркемелерге ылайык булактар боюнча түшүүлөр эсебинен түзүлөт.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджетинен чыгашаны каржылоого каражат жана 2011-2012-жылдарга болжолу № 2, 2-1 тиркемелерине ылайык белгиленсин.
5-берене.
Кыргыз Республикасынын 2010-жылга өнүктүрүү бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолу № 3 тиркемеге ылайык белгиленсин. 2010-жылы капиталдык чыгымдарды каржылоо үчүн каражат республикада төмөнкүлөрдүн эсебинен жүргүзүлсүн: ички булактардан - 4213792,4 миң сом; тышкы булактардан - 8617195,3 миң сом. Дотацияда турган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоонун артыкчылыгы белгиленсин. (КР 2011-жылдын 26-июлундагы № 144 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-берене.
Чыгашаларды каржылоо, биринчи кезекте коргоого алынган статьялар боюнча (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр, медикаменттер, тамактануу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана майып балдарга жөлөк пулдар, стипендиялар, милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна чегерүүлөр), ошондой эле мамлекеттин карыз милдеттенмелери жана калктын аманаттарын индекстөө боюнча жүргүзүлөт. Чыгашалардын коргоого алынган беренелери штаттык сандагы бош кызмат орундарына жана ченемдик актылардын кабыл алынышына байланыштуу азайтылышы мүмкүн. Чыгашалардын корголгон беренелери каржылоо үчүн жоопкерчилик министрликтерге жана ведомстволорго жүктөлөт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2010-2012-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоону биринчи кезекте коргоого алынган беренелер боюнча жүргүзүү сунуш кылынсын.
7-берене.
Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептериндеги (республикалык маанидеги шаарларды кошпогондо) 1-4-класстардын окуучуларына тамак-аш уюштурууга каражаттар 2010-жылга - 377500,0 миң сом суммасында белгиленсин. Бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналардын оор, жагымсыз табигый-климаттык шарттарында жайгашкан жалпы билим берүү мектептеринин 1-4-класстарынын окуучуларынын тамактануу ченеми 2010-жылдын 1-сентябрынан баштап бир окуучуга бир күнгө 10 сом эсебинде белгиленсин. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептериндеги 1-4-класстардын окуучуларына тамак-аш уюштуруудан үнөмдөлгөн каражат республикалык бюджетке кайтарыла тургандыгы белгиленсин. (КР 2011-жылдын 26-июлундагы № 144 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-берене.
Бюджеттик мекемелердин уруксат, лицензия берүүлөрүнөн алынуучу каражаттары толугу менен республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө которулат. Бюджеттик мекемелерге атайын каражаттарды казыналык системаны аттап өтүп, пайдалануусуна тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулган учурда атайын каражаттардын 50 пайызы республикалык бюджеттин кирешесине алынат. Жайыттарды пайдалангандыгы үчүн ижара акы жергиликтүү бюджеттерге келип түшөөрү белгиленсин.
9-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү укуктуу: эгерде бул республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн азайтууга алып келбесе, ушул Мыйзамдын 1-беренесинде бекитилген суммалардын чегинде ушул Мыйзамдын тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө; тиешелүү органдар кабыл алган ченемдик актылардан келип чыгуучу жергиликтүү бюджеттери менен Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин өз ара эсептешүүлөрүнө тактоолорду, ошондой эле өндүрүштүн (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) көлөмдөрүнө, баалардын деңгээлине өзгөртүүлөрдү, түзүмдүк өзгөртүүлөрдү киргизүүгө; мамлекеттик кирешелердин болжолдонгондон ашыкча түшүүлөрүнүн эсебинен республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүн көбөйтүүнү карап чыгууга. Киргизилген өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан каралат жана кабыл алынат.
10-берене.
Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети боюнча жүгүртүүдөгү кассалык накталай акча 2010-жылдын 1-январына карата 100000,0 миң сом суммасында белгиленсин.
11-берене.
Мурда облустардын бюджетинде турган мекемелерди Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджетинен № 4 тиркемеге ылайык 259228,8 миң сом жалпы суммасында каржылоо белгиленсин. (КР 2011-жылдын 26-июлундагы № 144 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
12-берене.
2010-жылга жергиликтүү бюджеттер үчүн салык агентине төлөөчү киреше салыгынан пландык түшүүлөрүнүн чегерүүлөрдүн төмөнкү ченемдери бекитилсин:
- республикалык маанидеги шаарларга - 35 пайыз өлчөмүндө;
- областтык маанидеги шаарларга - 30 пайыз өлчөмүндө;
- райондук маанидеги шаарларга - 30 пайыз өлчөмүндө;
- райондорго - 30 пайыз өлчөмүндө (райондук маанидеги шаарлардан түшүүлөрдү эсепке алганда райондун бардык контингентинен).
Сатуудан түшкөн салыктар жергиликтүү бюджеттерге чегерилсин:
- республикалык маанидеги шаарларга - 50 пайыз өлчөмүндө;
- областтык маанидеги шаарларга - 50 пайыз өлчөмүндө;
- райондук маанидеги шаарларга - 25 пайыз өлчөмүндө;
- райондорго - 25 пайыз өлчөмүндө (райондук маанидеги шаарлардан түшүүлөрдү эсепке алганда райондун бардык контингентинен);
- айылдардан, поселоктордон - 25 пайыз өлчөмүндө.
Милдеттүү патенттештирүү негизиндеги салык республикалык маанидеги шаарлардын, областтык маанидеги шаарлардын, райондук маанидеги шаарлардын, айыл жана поселоктордун жергиликтүү бюджетине 50 пайыз өлчөмүндө чегерилсин. Жер салыгы, мүлк салыгы, ыктыярдуу патент негизиндеги салык, бирдиктүү салык негизиндеги түшүүлөр 100 пайыз өлчөмүндө жергиликтүү бюджеттердин тескөөсүндө калтырылсын. Жергиликтүү бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелердин жана уюмдардын атайын каражаттарынын суммаларынан түшүүчү атайын каражаттарга салык жергиликтүү бюджетке кошуп эсептөөгө тийиштүү. Жалпы мамлекеттик салыктар боюнча ашыра аткаруу суммаларынан жергиликтүү бюджеттерге чегерүүлөрдүн ченеми пландуу түшүүлөрдөн чегерүүлөр менен бирдей ченемде белгиленсин. Жергиликтүү бюджеттердин киреше бөлүгүн аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тартат.
13-берене.
Жергиликтүү бюджеттерге билим берүү чөйрөсү үчүн Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджетинен категориялык гранттардын өлчөмү № 5 тиркемеге ылайык 4062182,8 миң сом чыгашалардын жалпы суммасында белгиленсин. Кыргыз Республикасынын 2011-2012-жылдарга республикалык бюджетинен категориялык гранттардын өлчөмдөрүнүн болжолу ушул тиркемеге ылайык жактырылсын. Категориялык гранттар орто жана башталгыч билим берүү чөйрөсүндөгү чыгашалардын артыкчылыктуу багыттарын каржылоого багытталат, ошону менен ушул сектор боюнча чыгашалардын минималдуу деңгээлин жабат. (КР (КР 2011-жылдын 26-июлундагы № 144 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
14-берене.
Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджетинен гранттардын өлчөмү № 6 таблицага жана тиркемеге ылайык 947481,7 миң сом чыгашалардын жалпы суммасында кирешелерди теңештирүү үчүн жергиликтүү бюджеттерге бекитилсин. Кыргыз Республикасынын 2011-2012-жылдарга республикалык бюджетинен теңөөчү гранттардын өлчөмдөрүнүн болжолу ушул тиркемеге ылайык жактырылсын. Ушул Мыйзамдын бул беренесинде аныкталган өлчөмдө республикалык бюджеттен бөлүнүүчү теңөөчү гранттар, биринчи кезекте "эмгек акы" жана "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр" беренелери боюнча чыгашаларды жабууга жумшоо айылдардын, поселоктордун, шаарлардын жана райондордун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунуш кылынсын. (КР 2011-жылдын 26-июлундагы № 144 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
15-берене.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 2010-жылы жергиликтүү бюджеттерден республикалык бюджетке бюджеттик ссудалардын жана кредиттердин кайтарымын № 7 тиркемеге ылайык 82402,2 миң сом, 2011-жылы 81599,9 миң сом, 2012-жылы - 80808,8 миң сом жалпы суммада камсыз кылсын. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары бюджеттик ссудаларды кайтарып бербегендиги үчүн, жана өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетине "бюджеттик ссудаларды кайтаруу" беренени кошпогондугу үчүн персоналдык жоопкерчиликке тартылат. Бишкек, Ош жана Нарын шаарларынын мэриялары электр энергиясына болгон тарифтердин жогорулашы жокко чыгарылгандыгына байланыштуу пайдаланылбаган турак жай субсидияларын республикалык бюджетке кайтарууну камсыз кылышсын. (КР 2011-жылдын 26-июлундагы № 144 Мыйзамынын редакциясына ылайык)16-берене.
Кыргыз Республикасында минималдык эмгек акы 2010-жылга - 500,0 сом, 2011-жылга - 600,0 сом, 2012-жылга - 700,0 сом өлчөмүндө бекитилсин.
17-берене.
Бюджеттик мекемелер менен чарбакер субъекттер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максатсыз пайдаланылган бюджеттик каражаттар тиешелүү бюджетке өндүрүп алынууга тийиш. Кайтарылма негизде берилген бюджеттик каражаттардын өз убагында кайтарылбай калышы, ошондой эле аларды пайдалангандыгы үчүн пайызын төлөө мөөнөтүн өткөрүп жиберүү мамлекеттик колдоонун бардык түрлөрүн кыскартууга же токтотууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул Мыйзамдын беренелерин аткарбагандыгы үчүн кызмат адамын жоопкерчиликке тартууга негиз болуп кызмат кылат.
18-берене.
Үстүдөгү жылга кабыл алынган мыйзамдар жана ченемдик актылар боюнча, кошумча финансы ресурстарын талап кылган чыгымдар кийинки жылга бюджетте карала тургандыгы белгиленсин.
19-берене.
Сот органдарынын чечимдери боюнча жеке адамдардын аткаруу баракчалары боюнча төлөөлөр тийиштүү мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүшү тийиш экендиги белгиленсин.
19-1-берене.
Коомдук уюмдарды, чыгармачыл бирликтерди, өздүк көркөм чыгармачыл жамааттарды каржылоо өздүк каражаттардын эсебинен жүргүзүлөрү белгиленсин. (КР 2011-жылдын 26-июлундагы № 144 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Документтин уландысы
Көрсөтүлгөн беренелер: 20 ичинен 19. Калгандары, «20-берене» баштап «20-берене» чейин, өз барактарында ачылат:
Браузерде документтин толук тексти автоматтык түрдө жүктөлөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 64 · байланышкандар: 12
Цитата келтиргендер (64)
- КР Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 24-декабрындагы № 1583-IV "Кыргыз Республикасынын 2010-жылга бюджети жана 2011-2012-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 24.12.2009 · № 1583-IV
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-октябрындагы № 577-б (Автомобиль жолунун өткөрүп берүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 09.10.2009 · № 577-р
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-августундагы №546 "Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 28.08.2009 · № 546
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-августундагы № 15-р (Акча каражаты бөлүүнүсү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 02.08.2010 · № 15-р
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-августундагы № 56-р (Мектепке чейинки мекемесинин ишин уюштуруу республикалык бюджетинен каражат бөлүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 28.08.2010 · № 56-р
- КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-июнундагы УӨ № 446 (Табигый кырсыктардын жана болгон чыр-чатактардын натыйжасында жабыркаган Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынын жана Ош…Распоряжение · 12.06.2010 · № 446
- КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-июлундагы УӨ № 523 (Акча каражат бөлүүнүсү тууралуу) тескемесиРаспоряжение · 09.07.2010 · № 523
- Ош шаардык кенешинин 2010-жылдын 5-февралындагы №154 "2010-жылга Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүсүнүн божомол планын, бюджетин жана 2011-2012-жылдарга долбоорун, ошондой…Постановление · 05.02.2010 · № 154
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын биринчи Орун басарынын 2010-жылдын 22-апрелиндеги УӨ № 24-А (Кыргыз Республикасында 2010-жылы жазгы-талаа иштерин…Распоряжение · 22.04.2010 · № 24а
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын биринчи Орун басарынын 2010-жылдын 2-июлундагы УӨ № 126-А (Республиканын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана айылдык…Распоряжение · 02.07.2010 · № 126-а
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 73-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Россия Федерациясынан гуманитардык жардам катары…Распоряжение · 05.03.2010 · № 73-р
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-мартындагы № 83-б (2010-жылга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларын окутууга мамлекеттик заказ бекитүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 16.03.2010 · № 83-р
- КР УӨ 2010-жылдын 7-майындагы №36 "Гемодиализ үчүн аппараттарды сатып алууга каражат бөлүү жөнүндө" токтомуПостановление · 07.05.2010 · № 36
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-апрелиндеги №206 "Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жашаган адамдарды мамлекеттик…Постановление · 02.04.2010 · № 206
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-октябрындагы №256 "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлеринин жана ооруктагы эмгекчилердин облустук кеңештерин каржылоо жөнүндө" токтомуПостановление · 27.10.2010 · № 256
- КР Президентинин 2010-жылдын 26-августундагы № 71-п (КР Президентинин коомдук кабылдамасы жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин) буйругуРаспоряжение · 26.08.2010 · № 71-П
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы № 196-р (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чыгымдоочу милдеттенмелерин өз учурунда аткарууну камсыздоо максатында акча каражаты…Распоряжение · 08.12.2010 · № 196-р
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-июлундагы № 9-б (Учурдагы жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн жергиликтүү бюджетти аткаруунун жүрүшү жөнүндөгү маалыматты тууралуу) буйругуРаспоряжение · 28.07.2010 · № 9-р
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-августундагы № 34-р (Жарандардан мыйзамсыз сакталган куралды, ок-дарыларды, жарылгыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү акысын төлөп кабыл алу…Распоряжение · 12.08.2010 · № 34-р
- КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 14-июнундагы УӨ № 455 (Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине каражаттарды бөлүп берүү тууралуу) тескемесиРаспоряжение · 14.06.2010 · № 455
64 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (2)
- Проект Правительства КР от 16 декабря 2010 года №326 "АКОН КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О республиканском бюджете…Проект · 16.12.2010 · № 326
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (12)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-февралындагы № 44-б (Унду брондон чыгарып, карыз катарында мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун жооптуу сактоочуларына жана башка чарба…Распоряжение · 12.02.2010 · № 44-р
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-февралындагы № 51-б (Бишкек шаарынын мэриясын кредиттөөнүн шартын бекитүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 16.02.2010 · № 51-р
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы № 116-р (Жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана Бирдиктүү төлөөчү системасында…Распоряжение · 07.10.2010 · № 116-р
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-октябрындагы № 150-р (Чүй жана Талас областтарында коллектордук-дренаждык тармактардын ремонтун жана калыбына келтирүүнү жүргүзүү тууралуу) тескемесиРаспоряжение · 17.10.2010 · № 150-р
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-апрелиндеги УӨ № 26 "2010-жылдын 21-апрелиндеги № 20 "Кыргыз Республикасынын референдуму (бүткүл элдик добуш берүүсү) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 30.04.2010 · № 26
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-октябрындагы № 142 (Глаукониттин касиеттерин аныктоо тууралуу) буйругуРаспоряжение · 21.10.2010 · № 142-р
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 30-июнундагы № 869-V "Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 30.06.2011 · № 869-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 30-июнундагы № 870-V "Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 30.06.2011 · № 870-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 30-июнундагы № 871-V "Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 30.06.2011 · № 871-V
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-августундагы №157 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону уюштуруучулук жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо боюнча…Постановление · 13.08.2010 · № 157 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 6-сентябрындагы №191 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин айрым маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 06.09.2010 · № 191 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 20 июля 2010 года №132 "О вопросах финансирования Министерства государственного имущества Кыргызской Республики"Постановление · 20.07.2010 · № 132 · Күчүн жоготкон