Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Акча каражаты бөлүүнүсү тууралуу) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2010-жылдын 2-августу № 15-р Бишкек шаарынын, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын аэропортторунун ортосунда балдарды, качкындарды, атайын контингентти өз учурунда ташууну жана гуманитардык жүктү жеткирүүнү камсыздоо менен байланышкан маселелерди ыкчам чечүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигине республикалык бюджеттен 24 903 853 (жыйырма төрт миллион тогуз жүз үч миң сегиз жүз элүү үч) сом суммасындагы акчалай каражат бөлсүн;
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн резервдик фондунан 24 903 853 (жыйырма төрт миллион тогуз жүз үч миң сегиз жүз элүү үч) сом суммасындагы акчалай каражат республикалык бюджеттин учурдагы дефицитин жабуу үчүн жумшалсын;
- белгиленген тартипте "Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу сунуштарды киргизсин.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги 24 903 853 (жыйырма төрт миллион тогуз жүз үч миң сегиз жүз элүү үч) сом суммасындагы акчалай каражатты көрсөткөн кызматтары үчүн авиаташуучуларга төлөп берсин.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тиешелүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Постановление Правительства КР от 6 мая 2013 года № 241 "Об итогах аудита Счетной палатой Кыргызской Республики отчета об исполнении республиканского бюджета Кыргызской…Постановление · 06.05.2013 · № 241 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 29.01.2010 · № 19