12-берене
Күчүндө · 26.07.2011 редакциясы
2010-жылга жергиликтүү бюджеттер үчүн салык агентине төлөөчү киреше салыгынан пландык түшүүлөрүнүн чегерүүлөрдүн төмөнкү ченемдери бекитилсин:
- республикалык маанидеги шаарларга - 35 пайыз өлчөмүндө;
- областтык маанидеги шаарларга - 30 пайыз өлчөмүндө;
- райондук маанидеги шаарларга - 30 пайыз өлчөмүндө;
- райондорго - 30 пайыз өлчөмүндө (райондук маанидеги шаарлардан түшүүлөрдү эсепке алганда райондун бардык контингентинен).
Сатуудан түшкөн салыктар жергиликтүү бюджеттерге чегерилсин:
- республикалык маанидеги шаарларга - 50 пайыз өлчөмүндө;
- областтык маанидеги шаарларга - 50 пайыз өлчөмүндө;
- райондук маанидеги шаарларга - 25 пайыз өлчөмүндө;
- райондорго - 25 пайыз өлчөмүндө (райондук маанидеги шаарлардан түшүүлөрдү эсепке алганда райондун бардык контингентинен);
- айылдардан, поселоктордон - 25 пайыз өлчөмүндө.
Милдеттүү патенттештирүү негизиндеги салык республикалык маанидеги шаарлардын, областтык маанидеги шаарлардын, райондук маанидеги шаарлардын, айыл жана поселоктордун жергиликтүү бюджетине 50 пайыз өлчөмүндө чегерилсин. Жер салыгы, мүлк салыгы, ыктыярдуу патент негизиндеги салык, бирдиктүү салык негизиндеги түшүүлөр 100 пайыз өлчөмүндө жергиликтүү бюджеттердин тескөөсүндө калтырылсын. Жергиликтүү бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелердин жана уюмдардын атайын каражаттарынын суммаларынан түшүүчү атайын каражаттарга салык жергиликтүү бюджетке кошуп эсептөөгө тийиштүү. Жалпы мамлекеттик салыктар боюнча ашыра аткаруу суммаларынан жергиликтүү бюджеттерге чегерүүлөрдүн ченеми пландуу түшүүлөрдөн чегерүүлөр менен бирдей ченемде белгиленсин. Жергиликтүү бюджеттердин киреше бөлүгүн аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тартат.
Берененин тексти 26.07.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202827/st-12" title="12-берене - Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>