Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана Бирдиктүү төлөөчү системасында саламаттык сактоону каржылоо боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2010-жылдын 7-октябры № 116-р Жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана Бирдиктүү төлөөчү системасында саламаттык сактоону каржылоо максатында, "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун каржылоодогу Бирдиктүү төлөөчү системасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2010-жылга бюджетинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун жана анын аймактык башкармалыктарын кармоого 66000000 (алтымыш алты миллион) сом суммасындагы каражат белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2010-жылга бюджети жана 2011-2012-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна демилге көтөрсүн.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоонун бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндөЗакон · 30.07.2003 · № 159
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 29.01.2010 · № 19