Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Убактылуу Өкмөтүнүн УӨ № 455 (Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине каражаттарды бөлүп берүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2010-жылдын 14-июну УӨ № 455 2010-жылда жалпы пайдалануудагы автомобилдик жолдорду куруу жана оңдоо боюнча иш чаралар планын өз убагында камсыздоо, бузулган автомобилдик жолдордун бөлүктөрүн калыбына келтирүү жана табигый кырсыктардын кесепетин жоюу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2010-жылдын июнь айында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине төмөнкүлөрдү бөлүп берсин:
- жол битумун сатып алууга - 200,0 млн. сом;
- автомобиль жолдорун күнүмдүк оңдоого жана күтүүгө - 100,0 млн. сом.
2. 2010-жылдын июнь айында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн резервдик фондусунан төмөнкү максаттар үчүн төмөнкүлөр бөлүп берилсин:
- 2009-жылда автожолдорду оңдоо боюнча аткарылган жумуштар үчүн кредитордук карыздарды жабууга - 100,0 млн. сом;
- табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюга - 100,0 млн. сом;
- "капиталдык салымдар" беренеси боюнча - 100,0 млн. сом, анын ичинде Түп-Кеген автомобиль жолун реконструкциялоону улантууга - 83,0 млн. сом жана Баткен облусундагы Сох суусундагы көпүрөнү 4,7 км кире берген бөлүгү менен кошо курууну улантууга - 17,0 млн. сом;
- Талас жана Нарын шаарларынын көчөлөрүн оңдоого - 60,0 млн. сом, анын ичинде Талас шаарынын көчөлөрүн оңдоого - 10,0 млн. сом, Нарын шаарынын көчөлөрүн оңдоого - 50,0 млн. сом.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду белгиленген тартипте киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн ушул буйругуна ылайык бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды максаттуу, ошондой эле "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланууну камсыздасын.
5. Бул буйруктун аткарылышына Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмү көзөмөл кылсын.
Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы
Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-июлундагы ҮӨ № 529 (Нарын шаарынын көчөлөрүн ремонттоо жана куруу боюнча) тескемесиРаспоряжение · 13.07.2010 · № 529
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 29.01.2010 · № 19
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 24.05.2004 · № 69 · Күчүн жоготкон