Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Бишкек шаарынын мэриясын кредиттөөнүн шартын бекитүү тууралуу) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2010-жылдын 16-февралы № 51-б (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-августундагы № 50-р, 2010-жылдын 17-декабры № 215-р буйруктарынын редакцияларына ылайык ) Бишкек шаарынын суу менен жабдууну жакшыртуу жана Европалык реконструциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан «Бишкек шаарын суу менен жабдууну жакшыртуу» долбоору боюнча берилген кредиттик каражаттарды рекредиттөө максатында:
1. Бишкек шаарынын мэриясын кредиттөөнүн шарты төмөнкүдөй шарттарда бекитилсин:
- кредиттин суммасы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын кредитинин жана Швейцария Конфедерациясы Өкмөтүнүн грантынын эсебинен сатып алынган жабдуулар (насостор, атайын автотранспорт, хлораторлор, суу өлчөгүчтөр) түрүндө күрөөлүк камсыздоо менен 5,5 млн. евро өлчөмүндө белгиленсин;
- кредиттин негизги суммасы 12 жылдын ичинде, ар жыл сайын жарым жылда - 20-июнда жана 20-декабрда бирдей төлөп жыйырма төрт жолу төлөө менен тындырылат. Негизги сумма боюнча биринчи төлөм 2012-жылдын 20-июнунда төлөнөт. Негизги сумма боюнча акыркы төлөм 2023-жылдын 20-декабрында төлөнөт;
- кредитти пайдалангандык үчүн пайыздык чен Euribor+2,5 % деңгээлинде белгилесин. Чегерилген пайыздарды төлөө мөөнөтү 2011-жылдын 20-июнунан баштап кредит толук төлөнгөнгө чейин ар жылдын 20-июнунда жана 20-декабрында ишке ашырылат;
- кредит боюнча пайыздар 360 күндүк жылга (база 365/360) аны пайдаланган күндөрдүн иш жүзүндөгү саны үчүн кошуп эсептелет;
- негизги карызды тындыруу жана (же) пайыздарды төлөө кечиктирилсе Euribor+5% жылдык пайыз өлчөмүндө айыптык санкция мөөнөтү кечитирилген карыз пайда болгон учурдан баштап ошол карыз толук жоюлган күнгө чейин кошуп колдонулат;
- макулдашуу күчүнө кирген күндөн баштап жети күндүн ичинде Бишкек шаарынын мэриясы эсеп ачылганы үчүн кредиттин суммасынын 1% и өлчөмундө комиссия төөлөгө тийиш;
- жылына 0,5% өлчөмүндө комиссиялык төлөм кредиттин иштетилбеген суммасына төлөнүүгө тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-августундагы № 50-р, 2010-жылдын 17-декабры № 215-р буйруктарынын редакцияларына ылайык )
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Бишкек шаарынын мэриясына ушул буйруктун 1-пунктунда аныкталган шартта тийиштүү Карыздык милдеттемени тариздеп күрөөлүк камсыздоо менен белгиленген тартипте 5,5 млн. евро өлчөмдө кредит берсин.
- Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджетти жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндө «Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте киргизсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр
Д.Усөнов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-августундагы № 50-р (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-февралындагы № 51-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 27.08.2010 · № 50-р
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-декабрындагы № 215-р (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-февралындагы № 51-б буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 17.12.2010 · № 215-р
Шилтеме берет (3)
- "Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү…Закон · 26.07.2011 · № 144
3 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 29.01.2010 · № 19