Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын 2010-жылга бюджети жана 2011-2012-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2009-жылдын 24-декабры № 1583-IV "Кыргыз Республикасынын 2010-жылга бюджети жана 2011-2012-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2009-жылдын 10-декабрындагы № 752 токтому) "Кыргыз Республикасынын 2010-жылга бюджети жана 2011-2012-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
2009-жылга республикалык бюджеттин изделип табылган кошумча каражаттарын эске алуу менен тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун чыгымдарын № 1 тиркемеге ылайык каржылоону карасын; "Кыргыз Республикасынын 2010-жылга бюджети жана 2011-2012-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун талкуулоодо Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан айтылган сунуштарды № 2 тиркемеге ылайык аткарууну камсыз кылсын; бардык категориядагы бюджеттик кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу боюнча концепцияны иштеп чыксын; аларды мамлекеттик органдардын иштен бошотулган кызматкерлеринин ишкердик ишине колдоо көрсөтүү үчүн пайдаланып, мамлекеттик органдарды оптималдаштыруунун натыйжасында түзүлгөн каражаттарды топтосун; курагын эске албастан майып балдардын энелерине социалдык кепилдиктерди берүү жөнүндө маселени карасын; атайын каражаттарды түзүүнүн жана пайдалануунун саясатын жаңыртсын; төмөнкүлөрдү карасын:
- бюджеттик каражаттардан бала күнүнөн майыптар үчүн реаблитациялоо борборлорун каржылоону;
- жогорку жана кесиптик орто окуу жайларына кабыл алууга квота белгилөө менен алардын окууну улантышы үчүн майыптарга мамлекеттик колдоо көрсөтүүнү;
- региондордо материалдык резервдерди сактоо үчүн арналган кампа жайларын курууну жана реконструкциялоону каржылоого "капиталдык салымдар" беренеси боюнча суммасы 135,0 млн. сомду;
төмөнкүлөрдүн механизмин иштеп чыксын:
- анын жергиликтүү бюджеттерге түшүүсүн кароо менен кен байлыктарына салыкты бөлүп көрсөтүүнүн;
- чет өлкөлөрдө иштеген Кыргыз Республикасынын жарандарын пенсия менен камсыз кылуунун;
- негизги максаттуу индикаторлорду жана бюджет саясатынын чараларын аныктоого көмөк берүүчү гендерлик бюджеттөө тутумун киргизүүнүн;
төмөнкүдөй чараларды көрсүн:
- кыйла жогорку статус берүү менен Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайынын ишин жандандыруу боюнча;
- Москва шаарында "Манастын" эстелигин тургузууга каражат издеп табуу боюнча.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2010-жылга республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү кабыл алынгандан кийин үч күндүн ичинде ведомстволук интернет-сайттарда республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү жөнүндө маалыматтарды, ал эми башка министрликтер менен мамлекеттик ведомстволор үч күндүн ичинде өздөрүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгү жөнүндө маалыматтарды беренелер боюнча, бир айдын ичинде - чыгымдардын элементтери боюнча жайгаштырсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине (А.А.Шадиев) жүктөлсүн.
Төрага
З. Курманов
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 24-декабрындагы № 1583-IV токтомуна № 1 тиркеме
2010-жылга республикалык бюджеттин киреше
бөлүгүнүн кошумча каражаттарынын
БӨЛҮШТҮРҮЛҮШҮ
| № | Министрликтердин жана ведомстволордун аталыштары | Каражаттарды багыттар боюнча бөлүштүрүү | Сумма, млн.сом |
|---|---|---|---|
| 1. | Резервдик фонд | экономикалык жана социалдык-маданий багыттагы кокусунан келип чыккан чыгымдарды жабууга | 100,0 |
| 2. | Социалдык фонд | трансферттерди көбөйтүүгө (судьяларды пенсия менен камсыз кылуу үчүн) | 16,0 |
| 3. | Саламаттык сактоо министрлиги | бардыгы: | 24,0 |
| - Улуттук көз микрохирургия госпиталы | Улуу Ата мекендик согуштун, Афганистандагы согуштун, башка чакан чыр-чатактардын ардагерлерине жана ооруктун эмгекчилерине операцияларды жасоо үчүн жабдуулар сатып алууга | 12,0 | |
| - Кыргыз гематология илимий борбору | лейкемия жана анемиянын оор түрлөрү менен ооругандарды дарылоого, ошондой эле жүлүндү трансплантациялоого | 12,0 | |
| 4. | Финансы министрлиги | бардыгы: | 340,0 |
| анын ичинде | капиталдык салымдарга | 100,0 | |
| дем берүүчү (үлүштүк) гранттарга | 50,0 | ||
| жергиликтүү бюджеттердин коммуналдык кызматтарга акы төлөөсүнө | 190,0 | ||
| 5. | Өкмөткө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги | кыргызстандык спортчулардын эл аралык спорт иш-чараларына катышуусун спорт шаймандары менен камсыз кылууга жана уюштурууга | 15,0 |
| 6. | Өкмөткө караштуу Маданият мамлекеттик агенттиги | Улуттук китепкананын китепкана фондун толуктоого жана жайларын, архив фонду менен китеп сактоочу жайын капиталдык ремонттоого | 5,0 |
| Бардыгы | 500,0 |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 24-декабрындагы № 1583-IV токтомуна № 2 тиркеме
"Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети
жана 2011-2012-жылдарга божомолу жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун чыгаша
бөлүгү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
депутаттарынын жана комитеттеринин
СУНУШТАРЫ
| № | Депутаттардын аты-жөнү | Сын-пикирлердин жана сунуштардын мазмуну | Сура- тылган сумма- лар, млн.сом |
|---|---|---|---|
| 1. | Р.А.Абдыраимова | Тогуз-Торо району боюнча: - Көк-Ирим айыл өкмөтүнүн Бирдик мектебинин курулушун аяктоого - Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн Иманберди уулу Иса атындагы мектебинин курулушун аяктоого - төмөнкү каналдарды ремонттоого: Көк-Ирим айыл өкмөтүнүн "Ак-Талаа" Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн "Өрнөк" жана "Кайыңды" Кара-Суу айыл өкмөтүнүн "Кара-Талаа" Ак-Талаа району боюнча: - Көк-Жар айыл өкмөтүнүн А.Абдраимов атындагы мектебинин спорттук залын курууга - Баетов айыл өкмөтүнүн Э.Карасартов атындагы мектебинин кошумча корпусун курууга - Жергетал айыл өкмөтүнүн Чолок-Кайың айылындагы мектептин спорттук залын курууга - "Жаңы-Чегиртке" каналын ремонттоого - "Алабуга" насос станциясын реконструкциялоого - "Жашыл-Талаа" насос станциясын калыбына келтирүүгө - "Нарын - Ак-Тал" автомобиль жолун капиталдык ремонттоого Аксы району боюнча: - Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн участоктук ооруканасынын терапия бөлүмүн курууга - Таш-Көмүр шаарынын ооруканасын капиталдык ремонттоого | 20,0 15,0 1,0 2,4 1,6 9,95 6,65 2,0 3,7 1,25 1,3 3,6 2,8 8,5 |
| 2. | Б.Т.Абдырасаков | Бишкек шаарынын турак-жай конуштарынын биринчи кезектеги проблемаларын (жолдордун инфраструктурасын, суу менен жабдууну, электр менен жабдууну, газ менен жабдууну, канализацияларды ж.б.) чечүүгө | 300,0 |
| 3. | Э.Х.Акрамов | Улуттук кардиология борборуна катетор киргизүү жолу жана жүрөктүн күрөө тамыр оорусун дарылоо үчүн шаймандын жардамы (стент) инфаркт миокардын дарылоо үчүн квотаны көбөйтүлсүн | |
| 4. | Н.С.Атамбаев | Ош областындагы Кара-Кулжа районунун "Буйга" каналын курууга | 40,0 |
| 5. | О.А.Атакуров | Республиканын ички жолдорун курууга жана ремонттоого | |
| 6. | А.Б.Байбураева А.К.Иманалиева К.С.Исабеков | Ысык-Көл областы боюнча: - Каракол шаарынын жолдорун капиталдык ремонттоого - Каракол шаарында К.Карасаевдин музейин курууга | 200,0 8,0 |
| 7. | Н.И.Байло | Ноокен районунда оорукана курууга | |
| 8. | А.Б.Байтиков | 2010-жылга курулуш объекттеринин тизмегине Токтогул районунун Толук айылынын М.Бекболотов атындагы мектебин курууну киргизүү | |
| 9. | З.Бекенова | Сузак районунун Карамарт - Ак-Булак участогундагы узундугу 5,7 километр автомобиль жолун ремонттоого | 7,1 |
| 10. | А.О.Бурканов | - Баткен шаарынын "Нур" жана "Таяныч" реабилитациялык борборлорун каржылоого республикалык бюджеттен каражаттар каралсын - капиталдык салымдардын тизмегине төмөнкүлөр киргизилсин: Баткен шаарынын мэриясынын администрациялык имаратын куруу Узундугу 12 километр Баткен-Карабак автомобиль жолун куруу Кадамжай районунун Миң-Чынар айылында А.Төралиев атындагы мектептин курулушу Кадамжай районунун Алга айылында М.Горький атындагы мектептин курулушун аяктоо | |
| 11. | К.Н.Жолдошев | Жалал-Абад областы боюнча: - Майлуу-Суу шаарынын суу менен жабдуу тутумун реконструкциялоого - 250 жатак орундук областтык оорукана курууга - Атабеков айыл өкмөтүнүн С.Атабеков атындагы мектебинин спорттук залынын курулушун аяктоого - Майлуу-Суу шаарындагы Үй-бүлөлүк медицина борборунун имаратын ремонттоого - Жаңы-Арык айылында спорттук залы бар 150 орундук мектеп курууга | 10,0 250,0 4,5 0,5 3,5 |
| 12. | И.К.Жунусов | - Өкмөткө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна кампа жайларын сатып алууга; - Кыргыз-Өзбек университетинин спорттук залын курууга | |
| 13. | З.И.Жамалдинов | - Энеликти жана балалыкты коргоо улуттук борборунун экинчи кезегинин курулушун аяктоого (Жогорку Кеңештин 2009-жылдын 22-октябрындагы № 1447-IV токтому) - жогорку технологиялар фондуна (Жогорку Кеңештин 2009-жылдын 22-октябрындагы № 1447-IV токтому) - Бишкектеги медицина колледжинин корпусу менен имаратын ремонттоого жана окуу шаймандары менен куралдарын сатып алууга - лейкемия жана анемиянын оор түрү менен ооругандарды текшерүүгө жана дарылоого (дарылоонун наркын жарым-жартылап жабууга) - жүлүндү трансплантациялоо боюнча жылына жок дегенде 10 операция жасоого - Кыргыз улуттук гематология борборунун ремонттоо-реконструкциялоо жана курулуш жумуштарын аяктоого | 40,0 150,0 11,0 20,0 10,0 20,0 |
| 14. | Т.А.Жумабекова | Токтогул району боюнча: - Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн Кара-Суу айылында У.Казатов атындагы мектептин жаңы корпусун курууга - Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн тургундарын коргоо үчүн Торкен айыл өкмөтүндө сел тосмосун жана Түнтөй сел жүрүүчү кашаттын жогорку бөлүгүндө сел буруучу каналды курууга | |
| 15. | А.К.Иманалиева | Аламүдүн районунун Байтик айылындагы Маданият үйүн капиталдык ремонттоого | 5,0 |
| 16. | К.С.Исабеков | - Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнүн имаратын капиталдык ремонттоого - Жети-Өгүз районунун Сары-Ой айыл өкмөтүндөгү Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборун, китепкананы капиталдык ремонттоого - Тоң районунун Кажы-Сай шаарчасынын жолдорун ремонттоого - Бөкөнбаев айылындагы Токтобай уулу Шамен атындагы мектептин базасында 2 кабаттуу имарат курууга - Чүй районунун Садовое айылында И.Укуев атындагы мектептин курулушун аяктоого - 2010-жылга курулуш объекттеринин тизмегине Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы Гапаров атындагы жана Барскоон айылындагы мектептердин курулушун киргизүү - экологиялык милицияны күтүүгө - Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасын күтүүгө кошумча | 9,5 19,0 8,3 |
| 17. | Ж.Каниметов | Түп району боюнча: - Түп-Кеген автомобиль жолунун курулушун аяктоого - жол кызматкерлерине 2009-жылдагы эмгек акы жана социалдык төлөөлөр боюнча карыздарды төлөп берүүгө - Түп айылында Үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имаратын курууга - "Калмак", "Сары-Дөбө", "Комсомольский" сугат каналдарын ремонттоого - Жогорку Кеңештин Аппаратынын жана АТИсинин кызматкерлерине, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттарына кварталдык сый акы бөлүп берүүгө | 52,0 |
| 18. | А.А.Кенжебаева | Өзгөн районунун Алча-Башат айылында № 86 Кысык-Алма мектебин курууга | |
| 19. | Н.С.Керимова | КМШ ПААнын Эл аралык демократияны өнүктүрүү мониторинги институтунун (ЭДӨМИ) Бишкектеги филиалын күтүү боюнча мүчөлүк төгүмдөр менен үлүштүк төгүмдөрдү каржылоого | |
| 20. | Н.К.Койчубаков | Токмок шаарынын бюджетине кирешелердин түшпөй калышына байланыштуу республикалык бюджеттен каралсын | 18,7 |
| 21. | А.С.Кулбаев | - Бишкектеги медицина колледжинин баардык корпустарын капиталдык ремонттоого кошумча - Бишкектеги медицина колледжинин студенттерин окутуп-үйрөтүү үчүн окуу шаймандарын, көрсөтмө куралдарды, медицина аппараттарын сатып алууга - Аксы районунун "Ак-Терек" каналын курууга - З.Кутманова атындагы 192 орундук мектептин курулушун аяктоого | 9,0 2,0 60,0 8,0 |
| 22. | М.К.Кунакунов | - Инженердик академияга илимди өнүктүрүүгө (жабдууларды сатып алууга) - Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик өрткө каршы кызмат башкы башкармалыгына (МӨКББ) жабдуулар сатып алууга | 7,0 34,0 |
| 23. | М.Т.Мамасаидов | - республиканын мектептеринин окуучуларын окутуп-үйрөтүү үчүн окуу шаймандарын, көрсөтмө куралдарды сатып алууга - Араван - Төө-Моюн жолун курууга | |
| 24. | А.Т.Мамасалиев | - соттолгон адамдар үчүн колония курууга - министрликтер менен ведомстволордун Интернет-сайттарына алардын чыгымдар сметасын жайгаштыруу камсыз кылынсын | 20,0 |
| 25. | Б.У.Мамасейитова | Ноокен районунун Бүргөндү айылында жаңы оорукана курууга | 22,0 |
| 26. | И.Молдобаев | Нарын областы боюнча: - Алыш айылында мектеп курууга - Эмгек-Талаа айылында С.Керимбаев атындагы мектептин кошумча корпусун жана спорттук залын курууга - Жалгыз-Терек айылында Р.Усубалиев атындагы мектепти курууга | |
| 27. | Д.А.Молдошева | Баткен областы боюнча: - Баткен шаарындагы Кызыл-Жол кварталында жаңы ачык дренаждарды курууга - узундугу 10,3 километр Гороту жана узундугу 11,8 километр Гауян каналдарын күтүүгө - С.Тешеев атындагы жана 704 окуучу орундук А.Орозбеков атындагы мектептердин курулушун аяктоого Талас району боюнча: - Бекмолдо айылындагы "Султан" каналын капиталдык ремонттоого - Нуржанов айыл өкмөтүнүн дренаждык тармактарын тазалоого - Талас областынын бюджеттик уюмдарынын "Түндүкэлектронун" Талас филиалынын алдындагы дебитордук карыздарын тындырууга - Көк-Кашат айылындагы мектептин курулушун аяктоого - Султанбеков атындагы мектептин курулушун аяктоого - Талды-Булак жана Көпүрө-Базар айылдарынын ортосундагы автомобиль жолун ремонттоого - Бердике баатыр айыл өкмөтүнүн Кум-Арык айылындагы "Байчечекей" балдар бакчасын каржылоого - Кеңеш айылында спорттук залды жана социалдык комплексти курууга - Кум-Арык айылындагы балдар бакчасы үчүн трансформатор жана откана сатып алууга Бишкек шаары боюнча: узундугу 2,5 километр Киркомстром-Жал-Арка-Аламүдүн автомобиль жолун реконструкциялоого | |
| 28 | Б.М.Наргозуев | - Капиталдык салымдардын тизмегин Жогорку Кеңештин бекитүүсүнүн маселесин карасын - Улуттук телерадиоберүү корпорациясына техниканы модернизациялоого жана аппараттарды жаңыртууга "башка кызматтарды сатып алуу" беренеси боюнча | 400,0 |
| 29. | У.З.Ормонов | Ош областы боюнча: - 2010-жылга курулуш объекттеринин тизмегине Жалал-Абад областынын Ак-Дөбө айылында 100 орундук балдар бакчасынын курулушун киргизүү - Өзгөн районунун Жылалды айыл өкмөтүндөгү Красный Маяк айылында № 42 А.Төрөгелдиев атындагы мектептин курулушун аяктоого - Зергер айыл өкмөтүнүн Зергер айылында мектептин курулушун аяктоого - Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн Ак-Кыя айылында мектептин кошумча корпусун курууга - Ак-Жар айыл өкмөтүнүн Ак-Жар айылында жаңы мектеп курууга - Өзгөн-Зергер автомобиль жолунун узундугу 3 километр Тосой участогун ремонттоого - узундугу 20 километр Өзгөн-Чангет автомобиль жолун реконструкциялоого - узундугу 6 километр Өзгөн-3ергер асфальт автомобиль жолун реконструкциялоого - Мырза-Аке - Кара-Шоро автомобиль жолунун 36-километрин калыбына келтирүүгө - узундугу 3 километр Өзгөн-Кутурган автомобиль жолун ремонтоого - узундугу 1,5 километр Өзгөн-Кеңеш автомобиль жолун ремонттоого - Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн Ана-Кызыл айылында Жазы суусундагы көпүрөнү калыбына келтирүүгө - Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын заставаларын курууга - Өкмөткө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна кампа жайларын курууга | 31,0 24,0 14,0 30,0 3,5 4,0 6,0 1,0 0,3 0,15 7,0 |
| 30. | Т.Орозалиев | кургак учук менен ооругандар үчүн тамак-аш ченемин көбөйтүүгө | |
| 31. | С.В.Попов | Сокулук районундагы Ат-Башы айыл өкмөтү боюнча: - Лесное айылынан Бишкек - Манас борбордук трассасына чейинки жолду ремонттоого - фельдшердик-акушердик пункттун имаратын жана медицина жабдууларын сатып алууга - балдар бакчасы үчүн имарат сатып алууга - Ак-Жол айылындагы мектепти ремонттоого - балдарды мектепке ташуу үчүн чакан автобус сатып алууга - Беловодскидеги райондор аралык жылуулук - суу менен жабдуу жана суу буруунун алдындагы Сокулук районунун жергиликтүү бюджеттеринин карыздарын тындыруу маселесин чечсин | 0,9 1,8 3,0 1,5 0,7 |
| 32. | А.А.Сабиров | республика боюнча курулушу башталган мектептердин курулушун аяктоого | |
| 33. | Ш.Садыбакасова | - Бишкек шаарынын жаңы конуштарын ичүүчү суу менен жабдууга - Бишкек шаарынын Октябрь районунун жана башка райондорунун турак-жай конуштарында суу топтогуч курууга | |
| 34. | Ж.С.Салахудинов | - Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн Жаңы-Турмуш айылындагы Мукуми атындагы мектептин аймагында спорттук зал курууга - Кара-Суу районундагы № 94 Л.Толстой атындагы мектепти курууга | 4,6 |
| 35. | А.М.Салымбеков | Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылында спорттук залдын курулушун аяктоого | 0,6 |
| 36. | Г.Т.Султаналиева | Нарын районунун Дөбөлү айылында 192 орундук мектеп курууга | 27,5 |
| 37. | А.С.Тагаев | Кадамжай районунун Орозбеков айылында Ак-Суу суусунан суу өзү агуучу каналды куруу боюнча "Кыргыз суу долбоору" акционердик коому тарабынан иштелип чыккан кызматтарга акы төлөөгө | 10,0 |
| 38. | Р.Б.Тагаев | - 2010-жылга курулуш объекттеринин тизмегине Сузак районунун З.Мураталиев айылындагы мектептин курулушун киргизүү | |
| 39. | А.А.Турсунбаев | төмөнкү мектептерди курууга: Чаткал районунун Ак-Таш айылында К.Усупбеков атындагы жана Коргон-Сан айылында К.Акназаров атындагы Ала-Бука районундагы Көк-Таш айылында А.Жумабаев атындагы, Кара-Үңкүр айылында жана Падек айылында - Ала-Бука районунун Сафед-Булан айылында № 35 гимназия мектептин спорттук залын курууга - Чаткал районунун Жаңы-Базар айылында Чаткал суусуна көпүрө курууга - Ала-Бука районунун Маданият үйүнүн имаратын капиталдык ремонттоого - Чаткал районунун Сумсар айыл өкмөтү үчүн имарат сатып алууга - Чаткал районунун Ак-Таш айылындагы чек ара тосотунун сатып алынган имаратына акы төлөөгө - Ала-Бука - Терек-Сай, Курулуш - Кызыл-Кыя - Батыш автомобиль жолдорун асфальттоого - Өзбекстан Республикасынын Чуст районун кыйгап өткөн автобус маршрутунун кыймылын камсыз кылуу максатында Базар - Узун-Булак - Кыргылтал - Булак-Башы автомобиль жолун курууга - Ош областындагы Кара-Суу районунун Каратай айылында спорттук комплекстин курулушун аяктоого | 6,0 1,0 |
| 40. | Т.В.Шабанова | Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында светофор орнотууга | |
| 41. | А.Шадиев | - Лейлек районунун Сумбула айыл өкмөтүнүн Көк-Таш жана Дейноо айылдарында 2,0 миң гектар жерди сугат суусу менен камсыз кылуу үчүн Ак-Суу суусуна канал курууга - жаңы жерлерди өздөштүрүү жана машина менен сугарууну бара-бара алмаштыруу үчүн "Максат" суу соруучу түтүгүн жана Арка массивине суу өзү агуучу каналды курууга - Лейлек районунун мамлекеттик администрациясына "башка сатып алуулар" беренеси боюнча - Сүлүктү шаарынын Н.Кушматов атындагы мектебин компьютер менен камсыз кылууга (1 класс-комплект) - 2010-жылга курулуш объекттеринин тизмегине Жинжиген айылындагы Осмонов атындагы мектептин курулушун киргизүү - И.Раззаковдун 100 жылдыгына арналган иш-чараларды уюштурууга - Президентке караштуу Башкаруу академиясына жаңы конференц-залдарды түзүүгө жана башка сатып алууларга - Мамлекеттик тарых музейинин имаратын капиталдык ремонттоо, реконструкциялоо боюнча жумуштардын экинчи этабын жүзөгө ашырууга жана Кыргызстандын тарыхы боюнча жаңы толук баалуу экспозиция түзүүгө, ошондой эле кайтаруу сигналы менен өрткө каршы коопсуздук боюнча жумуштарды аяктоого - Лейлек районунун Искра айылында Манас мектебин курууга - Чет өлкөлөр менен достук жана кызматташтык кыргыз коомдорунун бирдигин күтүүгө | 0,7 14,0 11,04 0,3 |
| № | Комитеттердин аталышы | ||
| 1. | Коргоо, коопсуздук, укук тартиби, сот укук маселелери жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет | - Коргоо министрлиги боюнча: "тамак-аш азыктарын сатып алуу" беренеси боюнча кошумча Ички иштер министрлиги боюнча: төмөнкү беренелер боюнча кошумча: - "башка сатып алуулар жана кызматтар" - "буюм мүлкү" - "транспорт чыгымдары" коммуналдык кызматтар жана энергия берүүчүлөр үчүн акчалай компенсацияларды төлөп берүү боюнча ички аскер кызматчыларына жана ички иштер органдарынын кызматкерлерине 2004-жылдын 1-ноябрынан тартып топтолгон карыздарды тындырууга | 6,3 2,9 76,9 8,0 179,3 |
| 2. | Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитет | - Улуттук телерадиоберүү корпорациясына техниканы модернизациялоого жана аппараттарды жаңыртууга "башка кызматтарды сатып алуу" беренеси боюнча - Өкмөткө караштуу Мамлекеттик маданият агенттигине "машиналар жана жабдуулар" беренеси боюнча - Өкмөткө караштуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке "кызматтык баруулар" беренеси боюнча - Ш.Сыдыков атындагы Республикалык олимпиялык резерв окуу жайынын имаратын капиталдык ремонттоого - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейинин кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга - Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайынын артисттик орундуктарын капиталдык ремонттоого - Илимий-талдоочулук ресурстук борборду түзүүгө жана анын ишин уюштурууга - Жазуучулар бирлигинин имаратын капиталдык ремонттоого, эмерек сатып алууга жана 75 жылдык юбилейин өткөрүүгө - республиканын архивдеринин имараттарын ремонттоого жана аларды материалдык-техникалык жактан жабдууга Улуттук китепкана боюнча: - имаратын капиталдык ремонттоого - китепкана фонддорун толуктоого - Кыргызстандын жана КМШга катышкан мамлекеттердин мезгилдүү басылмаларына жазылууга - өрт жана кайтаруу сигналдарынын заманбап тутумдарын сатып алууга жана коюуга - Москва шаарында "Манас" айкел эстелигин тургузуу үчүн долбоорлоо-сметалык документтерди даярдоого - 2010-жылга Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга белгиленген сметага ылайык - 2010-жылга Улуттук телерадиоберүү корпорациясына берилген сметага ылайык | 147,5 5,0 10,0 20,0 1,0 2,4 5,0 5,0 1,5 1,5 15,0 |
| 3. | Экономика тармактарын өнүктүрүү боюнча комитет | Төмөнкүлөр кошумча каралсын: Экономикалык тескөө министрлиги боюнча: - Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекцияга - этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү контролдоо боюнча агенттикке - Кыргыз аккредитациялоо борборуна - туризм тармактары боюнча чыгымдарга Транспорт жана коммуникациялар министрлиги боюнча: - рентабелдүү эмес филиалдарды күтүүгө субсидия түрүндө почта байланыш тармагын колдоого - Алай районунун Нура айылында табигый кырсыкты жоюу боюнча аткарылган курулуш-монтаждоо жумуштары үчүн карызды төлөп берүүгө - Аксы районунун Ринжит өрөөнүн суу менен жабдууну жакшыртуу үчүн каралган "Беш-Батман" каналынын аяктоочу бөлүгүн реабилитациялоого - Өкмөттүн 2007-жылдын 2-августундагы № 307 токтомуна ылайык отундун альтернативдүү түрлөрүнө 10 электр менен жылытылуучу от казандарын которууну жүзөгө ашырууга "Кыргызтуракжайкоммунбирдик" мамлекеттик ишканасына | 5,9 19,6 4,1 23,6 15,0 45,0 64,8 |
| 4. | Агрардык саясат, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитет | - Айыл чарба министрлигинин Мамлекеттик ветеринария департаментине эпизоотияга каршы иш-чараларды жүргүзүү үчүн - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттикке кошумча "ижара акысы" жана "машиналар жана жабдуулар" беренелери боюнча | 26,0 0,9 |
| 5. | Социалдык саясат боюнча комитет | - Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология борбору үчүн ремонттоо-курулуш жумуштарына жана жабдуулар сатып алууга Саламаттыкты сактоо министрлигинин Кыргыз гематология борборуна: - лейкемия жана анемиянын оор түрү менен ооругандарды текшерүүгө жана дарылоого (дарылоонун наркын жарым-жартылай жабуу үчүн) - жүлүндү трансплантациялоо боюнча жылына жок дегенде 10 операция жасоого - КГИБнын корпусунун ремонттоо-реконструкциялоо жана курулуш жумуштарын аяктоого - аппаратура жана жабдууларды капиталдык ремонттоого жана сатып алууга - майып балдар үчүн күндүзгү борборго толук ставкадагы медицина кызматкерлеринин 15 бирдигинин жана жарым ставкадагы медицина кызматкерлеринин 3 бирдигинин эмгек акысына - Энеликти жана балалыкты сактоонун улуттук борборунун экинчи кезегинин курулушун аяктоого (Жогорку Кеңештин 2009-жылдын 22-октябрындагы № 1447-IV токтому) - жогорку технологиялар фондуна (Жогорку Кеңештин 2009-жылдын 22-октябрындагы № 1447-IV токтому) - Бишкектеги медицина колледжинин корпусу менен имаратын ремонттоого жана окуу шаймандарын сатып алууга | 17,0 20,0 10,0 20,0 20,0 40,0 150,0 11,0 |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 29.01.2010 · № 19
- Постановление Правительства КР от 10 декабря 2009 года №752 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О республиканском бюджете Кыргызской Республики на 2010 год и прогнозе на…Постановление · 10.12.2009 · № 752 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 9-апрелиндеги №135 "Токтогул суу сактагычында зарыл болгон суунун көлөмүн топтоо жана Кыргыз Республикасынын экономика тармактары…Постановление · 09.04.2008 · № 135
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2009-жылдын 22-октябрындагы №1447-IV "Кыргыз Республикасынын калкына кардиологиялык жана кардиохирургиялык жардам корсотуунун абалы…Постановление · 22.10.2009 · № 1447-IV