Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (2010-жылга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларын окутууга мамлекеттик заказ бекитүү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2010-жылдын 16-марты № 83-б "Мамлекеттик кызмат жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 514 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадр кызматы жөнүндө" Жарлыгына ылайык жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын мамлекеттик кызматчыларынын керектөөлөрүнүн негизинде:
1. Тиркемеге ылайык 2010-жылга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларын окутууга мамлекеттик заказ бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик заказды ишке ашырууга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына финансы каражаттарын бөлүп берүүнү камсыз кылсын.
3. Мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын билдирүүсүнө ылайык мамлекеттик кызматчыларды окутууга жиберишсин.
4. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясына төмөнкүлөр сунуш кылынсын:
- мамлекеттик кызматчыларды окутууну ушул буйрукка ылайык жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты менен макулдашуу боюнча жүргүзүү;
- мамлекеттик кызматчыларды окутуу курстарынын программаларын жана окутууну өткөрүү графигин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы менен макулдашып, эки жумалык мөөнөттө иштеп чыгуу.
5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына:
- мамлекеттик заказды ишке ашыруунун туруктуу мониторингин жүргүзүү;
- 2010-жылдын төртүнчү чейрегинин ичинде мамлекеттик органдар менен бирдикте мамлекеттик кызматчыларды окутуунун натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүү;
- мамлекеттик заказдын аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына 2011-жылдын 20-январына чейин маалымат берүү сунушталсын.
Премьер-министр
Д.Усөнов
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
кызматчыларын 2010-жылы окутууга
МАМЛЕКЕТТИК ЗАКАЗ
| № | Окутуу курстарынын (тематиканын) аталышы | Окутуу саат- тары- нын саны | Мамлекеттик органдар | Окуучулардын категориялары | Окутул- гандар- дын саны (адам) | Оку- тууну өткө- рүүнүн мөөнө- тү |
|---|---|---|---|---|---|---|
| 1 | Кыргыз Республика- сындагы мамлекеттик башкаруу жана мамлекеттик кызмат ├──────┼───────────────┼─────────────┼────────┼──────┤ | 72 30 | Борбордук органдар, аткаруучу бийлик органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрация- лар Борбордук органдар, аткаруучу бийлик органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрация- лар | Түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери, мамлекеттик органдардын адистери Мамлекеттик органдардын жетекчилери жана жетекчилердин орунбасарлары | 300 250 | II, III чей- ректер II чейрек |
| 2 | Мамлекеттик органдарда кызматкерлер- ди башкаруу кызмат ишинин жаңы стандарттары ├──────┼───────────────┼─────────────┼────────┼──────┤ | 30 72 | Борбордук органдар, аткаруучу бийлик органдары Борбордук органдар, аткаруучу бийлик органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрация- лар | Мамлекеттик органдардын статс-катчы- лары Мамлекеттик органдардын кызматкерлер- ди башкаруу кызматынын жетекчилери жана адистери | 32 300 | II чейрек II чейрек |
| 3 | Стратегиялык пландаштыруу | 30 | Борбордук органдар, аткаруучу бийлик органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрация- лар | Мамлекеттик органдардын жетекчилери, статс-катчы- лары, жергиликтүү мамлекеттик администра- циялардын башчылары | 150 | II чейрек |
| 4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр | 30 | Борбордук органдар, аткаруучу бийлик органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрация- лар | Мамлекеттик органдардын жетекчилери, жергиликтүү мамлекеттик администра- циялардын башчылары | 150 | II чейрек |
| 5 | Долбоорлорду башкаруу | 30 | Борбордук органдар, аткаруучу бийлик органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрация- лар | Мамлекеттик органдардын жетекчилери, жергиликтүү мамлекеттик администра- циялардын башчылары | 150 | II чейрек |
| 6 | Бюджетти болжолдоо жана иштеп чыгуу, бухгалтердик эсептин эл аралык стандарттары | 72 | Борбордук органдар, аткаруучу бийлик органдары | Мамлекеттик органдардын статс-катчы- лары, жетекчилери, финансылык- экономикалык түзүмдүк бөлүмдөрдүн адистери | 100 | III чейрек |
| 7 | Мамлекеттик кызматка биринчи жолу киргендер үчүн кириш курс | 72 | Борбордук органдар, аткаруучу бийлик органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрация- лар | Мамлекеттик органдардын адистери | 100 | II, III чей- ректер |
| 8 | Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү | 72 | Борбордук органдар, аткаруучу бийлик органдары | Түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери, мамлекеттик органдардын адистери | 100 | II, III чей- ректер |
| 9 | Мамлекеттик саясатты талдоо, иштеп чыгуу жана ишке ашыруу ├──────┼───────────────┼─────────────┼────────┼──────┤ | 30 72 | Борбордук органдар, аткаруучу бийлик органдары Жергиликтүү мамлекеттик администрация- лар | Түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери, мамлекеттик органдардын адистери Жергиликтүү мамлекеттик администра- циялардын жетекчилери | 47 100 | III чейрек II, III чей- ректер |
| 10 | Адам ресурстарын башкаруу | 72 | Борбордук органдар, аткаруучу бийлик органдары | Мамлекеттик органдардын статс-катчы- лары, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери | 90 | III чейрек |
| 11 | Башкаруу көндүмдөрүн жогорулатуу программасы | 134 | Мамлекеттик кызматтын кадрлар резерви | Мамлекеттик кызматтын кадрлар резервинде турган адамдар | 70 | III чейрек |
| 12 | Мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү | 72 | Борбордук органдар, аткаруучу бийлик органдары | Түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери, мамлекеттик органдардын адистери | 60 | III чейрек |
| 13 | Жалпы менеджмент | 72 | Борбордук органдар, аткаруучу бийлик органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрация- лар | Түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери, мамлекеттик органдардын адистери | 90 | III чейрек |
| 14 | Финансылык менеджмент | 72 | Борбордук органдар, аткаруучу бийлик органдары | Мамлекеттик органдардын финансылык түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери | 35 | III чейрек |
| 15 | Укуктук ченемдик актыларды иштеп чыгуу | 72 | Борбордук органдар, аткаруучу бийлик органдары | Мамлекеттик органдардын финансылык түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери | 45 | III чейрек |
| Бардыгы | 2169 |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 29.01.2010 · № 19
- КР Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы ПЖ № 514 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы жөнүндө" жарлыгыУказ · 13.11.2009 · № 514 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мамлекеттик кызмат жөнүндөЗакон · 11.08.2004 · № 114 · Күчүн жоготкон