2-берене
Күчүндө · 24.07.2024 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 6 марта 2024 года № 67
1. Стратегиялык объектилерге төмөнкүлөр кирет:
1) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү пайдаланган мүлк, анын ичинде аскердик техникалар жана жабдыктар; курал-жарак чыгаруучу жана сыноочу ишканалар;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары пайдаланган имараттар жана жайлар;
3) гидрометеорологиялык, экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык, карантиндик кызматтар пайдаланган мүлк;
4) магистралдык темир жол тармактары;
5) магистралдык газ түтүктөрү;
6) улуттук электр тармагы;
7) "Токтогул гидроэлектрстанциялар каскадынын жана улуттук жогорку вольттуу электр берүү линиясынын өзгөчө статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынуучу Токтогул гидроэлектрстанциялар каскадын жана улуттук жогорку вольттуу электр берүү линиясын кошпогондо гидро- жана жылуулук электр станциялары;
8) бөлүштүрүүчү газ-, жылуулук- жана электр тармактары;
9) магистралдык байланыш линиялары;
10) улуттук телерадиоберүү корпорациясы;
11) телеберүүнүн жана радиоуктуруунун радиорелелик магистралдарынын республикалык өндүрүштүк бирикмеси;
12) улуттук почта тармагы;
13) аэропорттор, анын ичинде эл аралык аэропорттор, ошондой эле аба кыймылын башкаруу тутумунун аэронавигациялык жабдыктары;
14) автовокзалдар, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору;
15) жер казнасы, токой фонду, улуттук статуска ээ болгон токой чарба объектилери, коруктар, заказниктер, жаратылыш парктары, өзгөчө биосфералык аймактар;
16) суу комплексинин жана суу чарба курулмаларынын объектилери, анын ичинде мөңгүлөр, табигый көлдөр, суулар, гидротехникалык курулмалар, суу сактагычтардын коллекторлору, суу топтоочу жайлар жана суу сордуруу станциялары;
17) Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын улуттук статуска ээ болгон объектилери;
18) кен-металлургия өндүрүшүнүн калдыктарын сактоочу жайлар;
19) радиоактивдүү материалдарды кайра иштетүүчү өнөржай ишканалары;
20) тарыхый-маданий мурастын объектилери.
2. Менчигинде ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн стратегиялык объектилер болгон юридикалык жактардагы акциялардын пакеттери (катышуу үлүштөрү, пайлар), ошондой эле чечимдерди түз же кыйыр аныктоого же менчигинде стратегиялык объекттер болгон юридикалык жактар кабыл алган чечимдерге таасир тийгизүүгө мүмкүнчүлүгү бар жеке жана юридикалык жактардын акцияларынын пакеттери (катышуу үлүштөрү, пайлары) стратегиялык объектилерге киргизилиши мүмкүн.
Стратегиялык объектилерге, ошондой эле мамлекет үчүн стратегиялык мааниси бар ишканалар да киргизилиши мүмкүн.
3. Стратегиялык объектилердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2011-жылдын 23-июлундагы № 125, 2017-жылдын 18-мартындагы № 46, 2024-жылдын 6-мартындагы № 67 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 24.07.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 6 марта 2024 года № 67 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приватизации государственной собственности"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 марта 2017 года № 46 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере обороны и безопасности"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 23 июля 2011 года № 125 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О стратегических объектах Кыргызской Республики""Редакцияларды салыштыруу
06.03.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары пайдаланган алынып салынды: има-
раттар кошулду: имараттар жана жайлар;
3) гидрометеорологиялык, экологиялык, … вольттуу электр берүү линиясынын өзгөчө статусу жөнүндө" Кыргыз алынып салынды: Респуб-
ликасынын кошулду: Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынуучу Токтогул гидроэлектрстанциялар каскадын … корпорациясы;
11) телеберүүнүн жана радиоуктуруунун радиорелелик алынып салынды: магистралдары-
нын кошулду: магистралдарынын республикалык өндүрүштүк бирикмеси;
12) улуттук почта тармагы;
13) … комплексинин жана суу чарба курулмаларынын объектилери, анын ичинде алынып салынды: мөњгүлөр, кошулду: мөңгүлөр, табигый көлдөр, суулар, гидротехникалык алынып салынды: курулма-
лар, кошулду: курулмалар, суу сактагычтардын коллекторлору, суу топтоочу жайлар жана суу … жайлар;
19) радиоактивдүү материалдарды кайра иштетүүчү өнөржай алынып салынды: ишканала-
ры;
кошулду: ишканалары;
20) тарыхый-маданий мурастын объектилери.
2. Менчигинде ушул … чечимдерге таасир тийгизүүгө мүмкүнчүлүгү бар жеке жана юридикалык алынып салынды: жак-
тардын кошулду: жактардын акцияларынын пакеттери (катышуу үлүштөрү, пайлары) стратегиялык … Коопсуздук кеңешинин сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү
кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2011-жылдын 23-июлундагы № 125, 2017-жылдын 18-мартындагы № алынып салынды: 46
кошулду: 46, 2024-жылдын 6-мартындагы № 67 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (19)
- КР Өкмөтүнүн 2014 жылдын 17 февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.02.2014 · № 99
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2024-жылдын 17-майындагы № 267 ("Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Распоряжение · 17.05.2024 · № 267
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-ноябрындагы № 630 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын…Постановление · 30.11.2023 · № 630
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-июлундагы № 380 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин…Постановление · 13.07.2020 · № 380
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-мартындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү…Постановление · 02.03.2016 · № 98
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-декабрындагы № 712 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын…Постановление · 23.12.2022 · № 712
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-январынын № 2 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын стратегиялык…Постановление · 10.01.2023 · № 2
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25- ноябры № 754 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 “Кыргыз Республикасынын Стратегиялык…Постановление · 25.11.2025 · № 754
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 604 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилеринин тизмегин…Постановление · 25.09.2017 · № 604
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-апрелиндеги № 252 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын…Постановление · 14.04.2026 · № 252
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-майы № 349 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 “Кыргыз Республикасынын Стратегиялык…Постановление · 18.05.2026 · № 349
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 437 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын…Постановление · 28.08.2023 · № 437
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-сентябры № 428 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык…Постановление · 17.09.2018 · № 428
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 291 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын…Постановление · 30.05.2025 · № 291
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы №532 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объекттеринин тизмесин бекитүү жөнүндө"Постановление · 14.08.2009 · № 532 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-майындагы № 265 "Бишкек-Ош-Баткен багытындагы жогорку ылдамдыктагы магистралдык булалуу-оптикалык байланыш чубалгысын куруу жөнүндө" токтомуПостановление · 21.05.2014 · № 265 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 2 мартындагы № 98 токтомуПостановление · 02.03.2016 · № 98
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын КР Өкмөтүнүн 17-февралындагы № 99 токтомуПостановление · 17.02.2014 · № 99
- Кыргыз республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-июлундагы № 80 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын…Постановление · 16.07.2021 · № 80 · Күчүнө кире элек
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202305/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>